Материалдык-техникалык база

Билим берүү программасынын (ББП) материалдык-техникалык базасы, ошондой эле ББПнын дисциплиналары боюнча аудиториялардын жабдылышы Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын (ЖКББ МБС) талаптарына жооп берет.

А. Жайнаков атындагы МСТ кафедрасына профилдик дисциплиналар боюнча окуу процессин камсыз кылуу үчүн 5 компьютердик класс жана 2 лекциялык зал бекитилген. Кафедрада аудиториялардын паспорттору бар, анда алардын жабдылышы жана техникалык абалы жөнүндө маалыматтар чагылдырылган.

Компьютердик класстар (5/212, 5/213, 5/317, 5/315, 5/316 аудиториялары) окуу процессинде лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүү, студенттердин билимин тесттен өткөрүү, ошондой эле лекциялардын жана практикалык материалдардын электрондук варианттарын иштеп чыгуу жана колдонуу үчүн активдүү колдонулат. Бардык компьютердик класстар зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздалган, Интернет тармагына жана университеттин локалдык тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар