Жаңылыктар
КМТУнун студенттери «Санарип Кыргызстан 2025» кибер машыгуусунда 2-орунду багындырышты!
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өз студенттеринин жетишкендигине чоң сыймык менен кабарлайт!
КСПК кафедрасынын «Маалымат коопсуздугу» багытынын 3–4 курстарынын студенттери — Бакий Елизаров, Искендер Мундузбаев, Самат Салиев жана Мирбек Сейдалиев — «Санарип Кыргызстан 2025» машыгуусунда 2-орундга ээ болушту.
Мелдештер 24–26-сентябрь күндөрү «Хаятт Ридженси» мейманканасында өтүп, анда банктардан, университеттерден жана мамлекеттик мекемелерден келген 52 команда катышты.
Бул иш-чаранын максаты — Кыргызстандын улуттук кибертуруктуулугун чыңдоо.
Иш-чараны ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Эл аралык электр байланыш союзунун КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык кеңсеси, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Group-IB компаниясы биргелешип өткөрүштү.
Биринчи күнү иш-чара панелдик сессиялар менен башталып, санарип коопсуздук чөйрөсүндөгү адистердин презентациялары өттү.
Мелдештер логдорду окуу, зыяндуу программаларды аныктоо, санариптик далилдерди талдоо жана инциденттерди иликтөө сыяктуу тапшырмаларды камтыды.
Студенттер биринчи күнү фишинг кат аркылуу системага кирген вирус боюнча окуяны иликтешти. Экинчи күнү XDR (Extended Detection and Response) платформасы аркылуу хосттордогу окуяларды талдап, шектүү активдүүлүктөрдү аныкташты.
КМТУ өз студенттеринин жетишкендиктерине сыймыктанат жана алардын кесиптик жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасында санариптик коопсуздукту өнүктүрүүгө чоң салым кошооруна ишенет!
#КГТУ
Иш-чараны университеттин ректору М.К. Чыныбаев жана Жогорку экономика жана бизнес мектебинин «Менеджмент» кафедрасынын башчысы Эркинбүбү Токтогуловна Иманкулова ачып беришти.
Кылыч Орозбаевич Орозбаев — көрүнүктүү педагог жана окумуштуу, башкаруу жана бизнес институтунун (азыркы ЖЭжБМ) алгачкы директору. Анын эмгек жолу КМТУнун «Менеджмент» кафедрасы менен тыгыз байланышта болуп, окутуучулуктан профессорго чейин жеткен. Ар кайсы жылдары кафедра башчысы, бизнес жана менеджмент факультетинин деканы, ошондой эле Институттун негиздөөчүсү жана көп жылдык директору болгон.
Профессор К.О. Орозбаев окуу процессин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жогорку деңгээлде курстарды иштеп чыгып, окуткан. Анын «Финансылык математика» аттуу окуу куралы экономика багытындагы студенттер үчүн маанилүү булакка айланган. Аны кесиптештери жана студенттери ак ниети, билими жана адамкерчилиги үчүн терең урматташат.
Иш-чаранын программасына куттуктоо сөздөрү, профессордун жакындары менен кесиптештеринин чыгышы жана анын өмүрү менен ишмердиги тууралуу видеофильм кирди.
Университет Кылыч Орозбаевичтин балдарына Медиа-борборду ачууда көрсөткөн чоң колдоосу жана салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.
Бул ачылыш профессор К.О. Орозбаевдин илим менен билимге болгон берилгендигин, өмүр жолу жана эмгектерин унутулгус кылып сактоо багытындагы маанилүү кадам болду.
#КМТУ
КМТУда «АВТОБАН» ААК өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
2025-жылдын 17-сентябрында
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Москва шаарындагы АВТОБАН акционердик коомунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Алгач университеттин ректору
М.К. Чыныбаев компаниянын өкүлдөрү кадрдык капиталды өнүктүрүү боюнча директору Ольга Семухина жана технологиялар менен сапатты башкаруу бөлүмүнүн башчысы Андрей Едюшенкону кабыл алды.
Жолугушууда КМТУ менен «АВТОБАН» ААК ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагындагы келечектеги долбоорлор, адистерди даярдоо жана практика багытындагы маселелер талкууланды.
Андан кийин коноктор университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугуп, «АВТОБАН» компаниясынын ишмердигин тааныштырып, автомобиль жолдорун жана инфраструктуралык объектилерди куруу тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Иш сапар студенттер менен болгон жолугушуу менен жыйынтыкталды. Компания өкүлдөрү тармактагы акыркы багыттар, жумушка орношуу жана практиканы өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.
КМТУ Кыргыз-Венгер ректорлорунун II форумунун алкагында кызматташтыкты кеңейтти
2025-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз-Венгер ректорлорунун II форуми болуп өттү.
Форумга Кыргызстан менен Венгриянын алдыңкы университеттеринин жетекчилери, министрликтердин жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин атынан форумга ректор Мирлан Койчубекович Чыныбаев жана Маалыматтык технологиялар институтунун директору, профессор Гүлнара Жамалбековна Кабаева катышты.
Пленардык сессиянын алкагында ректор М.К. Чыныбаев «Университеттин аброюн кантип өнүктүрүү керек?» деген темада баяндама жасап, КМТУнун эл аралык аренада илгерилетүү боюнча негизги багыттарын белгиледи.
Ал эми профессор Г.Д. Кабаева «Жасалма интеллект жана университеттердин келечеги» темасы боюнча баяндама жасап, билим берүү чөйрөсүндө санариптик технологиялардын ролун баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагындагы маанилүү окуялардын бири — И. Раззаков атындагы КМТУ менен Будапешт университети ортосунда жеңил өнөр жай тармагында кадрларды даярдоо боюнча кызматташтыкты кеңейтүү келишимине кол коюу болду. Документ студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн, биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий демилгелерди өнүктүрүүнү камтыйт.
Форум эки тараптуу меморандумдарга жана жыйынтык резолюцияга кол коюу менен аяктап, Кыргызстан менен Венгрия университеттеринин ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктады.
В пансионате «Аврора» проходит XIII Общее собрание Российско-Кыргызского консорциума технических университетов
19 сентября 2025 года в пансионате «Аврора» (с. Булан-Соготту, Иссык-Кульская область) проходит XIII Общее собрание Российско-Кыргызского консорциума технических университетов.
Мероприятие открыли сопредседатели консорциума — ректор КГТУ им. И. Раззакова Мирлан Койчубекович Чыныбаев и проректор по международному сотрудничеству НИУ «МЭИ» Александр Евгеньевич Тарасов.
С отчётом о работе российского секретариата консорциума выступил Александр Евгеньевич Тарасов. Кыргызский секретариат также представил отчёт — его представила Римма Шукуровна Элеманова, заведующая кафедрой «Пищевая наука и технологии» КГТУ им. И. Раззакова.
В ходе заседания заслушиваются доклады представителей российских и кыргызских вузов, обсуждаются новые форматы сотрудничества в образовательной и научной сферах.
Программу продолжили презентации вузов-кандидатов на вступление в консорциум: УрФУ им. первого Президента России Б.Н. Ельцина, Университета «Дубна» и РУДН им. Патриса Лумумбы.
Участники обсудили план работы консорциума на 2025/26 учебный год, подвели итоги собрания и подготовили подписание договоров о вступлении новых вузов и соглашений о совместных образовательных программах.
В заседании принимают участие ректоры, проректоры и делегации 43 российских и 15 кыргызских университетов — членов консорциума.
КМТУда V Эл аралык логистика форуму өттү
2025-жылдын 26-сентябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде V Эл аралык логистика форуму өткөрүлдү.
Иш-чарага тармактын алдыңкы адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр жана студенттер катышты.
Форум Кыргызстандын регионалдык логистикалык хабы катары өнүгүүсү боюнча стратегиялык демилгелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп берди.
Иш-чараны КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев ачып, мамлекеттин, илимдин жана бизнестин күчтөрүн бириктирүү аркылуу заманбап логистикалык борборду түзүү маанилүүлүгүн белгиледи.
Форумдун жогорку коноктору катары Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сеитов, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Бекжан Рысмендеев, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, ошондой эле логистика жана транспорт ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.
Эл аралык деңгээлде форумга Венгриядагы Мишкольц университети онлайн аркылуу кошулду. Бул катышуу Кыргызстанда логистика тармагын өнүктүрүүдө эл аралык тажрыйба жана глобалдык практикаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.
Пленардык сессиянын модератору, КМТУнун Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору, профессор Акылбек Уметалиев, катышуучулар менен тармактын негизги багыттарын талкуулады алар:
-Кыргызстанды регионалдык логистикалык хабка айландыруу боюнча стратегиялык кадамдар;
-Борбордук Азиядагы транспорт коридорлорун интеграциялоо;
-Чек ара аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү;
-Амбар жана транспорттук логистикада инновациялык чечимдерди киргизүү;
Өлкөдө логистика кызматтарынын рыногун анализдөө жана баалоо.
Форумдун программасы теориялык изилдөөлөр менен практикалык кейстерди айкалыштырып, катышуучуларга тармактын учурдагы чакырыктары жана аларды чечүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу терең түшүнүк берди.
Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты катышуучулар ыраазычылык каттар жана форумдун белгиси менен сыйланышты, ар биринин Кыргызстанда логистика секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленди.
Иш-чара мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн, тармактык эксперттердин жана студенттердин кызматташтыгын бекемдеген аянтча болуп, тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана өлкөнү Борбордук Азиядагы негизги логистикалык борбор катары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.
___________________________
КМТУда өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча машыгуу ийгиликтүү өттү
2025-жылдын 26-сентябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Эл аралык күнүнө арналган өрт-тактикалык машыгуу ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чара КМТУ менен Биринчи Май району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, жогорку деңгээлде аяктады.
Машыгууга:
-Биринчи Май райондук ӨК бөлүмүнөн 12 куткаруучу жана 1 автоунаа;
-Бишкек шаарынын куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана атайын жабдылган «Hyundai Starex» автоунаасы тартылды.
Жалпы 320 адам коопсуз жайга эвакуацияланып, эвакуациялоо иштери талаптагыдай жүргүзүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө КМТУнун проректорлору Сыдыков Ж.Д. жана Асиев А.Т. сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатууда жана университет жамаатынын коопсуздук маданиятын чыңдоодо маанилүү экенин белгилешти.
Студенттердин эвакуациялоо иштерине Энергетика институтунун Техносфералык коопсуздук кафедрасынын окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, ТК ЭК жана ЖК бөлүмүнүн башчысы Мустакожоев З.Т. тарабынан көзөмөлдөндү.
Ошондой эле Бишкек шаарынын куткаруу кызматынын башчысы, майор Акматов Бактияр Замирович куткаруу ыкмаларын түшүндүрүп, батут колдонуу ыкмасын практикалык түрдө көрсөтүп берди.
Мындан тышкары, студенттер үчүн атайын кесиптик багыттагы конок лекциялар өтүп, аларды майорлор Тогузбаев Малик Нурбекович, Жумалиев Жусуп Каныбекович жана Тойчубеков Эрмек Арзыматович окуду.
Машыгуу студенттердин жана окутуучулардын практикалык көндүмдөрүн бекемдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коопсуздук маданиятын жогорулатууга чоң салым кошту.
Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө негизги уюштуруучу — кафедранын окутуучусу Жапакова Бурул Сабырбековна өзгөчө салым кошту.
#КГТУ
КМТУда Жалпы техникалык орусча-кыргызча сөздүктүн бет ачары болду
2025-жылдын 26 -сентябрында
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Жалпы техникалык орусча-кыргызча сөздүктүн бет ачар иш-чарасы болуп өттү.
Бул иш-чара «Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын алкагында уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, сөздүктүн авторлору жана КМТУнун профессордук-окутуучулар курамынын катышуусу менен өттү.
Иш-чаранын ачылышында ректор М.К. Чыныбаев сөз сүйлөп, сөздүктүн билим берүү жана илимий чөйрөдөгү маанисин баса белгиледи. Андан соң, улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев сөз сүйлөп, мамлекеттик тилде техникалык терминологияны өнүктүрүүнүн маанисин жана келечектеги адистер үчүн мүмкүнчүлүктөрүн баяндады.
Сөздүктүн түзүлүшү жана анын колдонулушу боюнча талкуу жүргүзүлүп, авторлор менен рецензенттер өз ойлорун бөлүштү. Катышуучулар суроо-жооп сессиясында кызыккан маселелерин талкуулашты. Иш-чара жыйынтыктоочу сөздөр менен бүтүп, катышуучуларга сөздүктүн мааниси жана келечектеги колдонуу багыттары тууралуу маалымдалды.
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилде техникалык терминологияны өнүктүрүү, билим берүү жана илимий чөйрөдө кыргыз тилинде колдонулуучу терминдердин так жана бирдиктүү системасын камсыздоо. Бул иш-чара келечектеги адистер үчүн кыргыз тилинде түшүнүктүү жана так терминдердин негизин түзөт.
#КГТУ
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2025-жылдын 30-сентябрында PhD докторантурасына тапшыруучулар үчүн кирүү сынактары өткөрүлдү.
КМТУнун ректору Румынияда Болон процессинин симпозиумуна катышууда
КМТУнун ректору М.К. Чыныбаев жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча командасынын жетекчиси катары Болон процессинин симпозиумуна жана эксперттердин жылдык конференциясына катышууда.
Иш-чара 1–3-октябрь күндөрү Румыниядагы Бухарест политехникалык университетинде өтүп жатат.
Иш-чарада Европанын, Жер Орто деңиз жана Борбордук Азиянын 70тен ашык жогорку окуу жайларынын жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттери катышууда.
Кыргыз Республикасынын делегациясына АДАМ университетинин ректору Сирмбард Светлана Рустамовна жана Эразмус+ программасынын Улуттук координатору Исаева Гульнара Рыскуловна да кирди.
Бул платформа тажрыйба алмашууга, эл аралык диалогду күчөтүүгө, ошондой эле жогорку билим берүү жаатында өнүктүрүү стратегияларын жана кызматташууну талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Симпозиумдун алкагында М.К. Чыныбаев Бухарест политехникалык университетинин ректору Михнеа Костин Костойу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты кеңейтүү жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш-чара Эразмус+ программасынын колдоосу менен өтүүдө.
«Аракет кылчу учур!» — КМТУнун студенттери демилге жана инновациялар үчүн
26–28-сентябрь күндөрү КМТУнун студенттери Кыргызстандын 7 облусунан келген жаштарды чогулткан Евразия «Аракет кылчу учур» билим берүү форумуна активдүү катышышты.
Бул форум идеялар менен бөлүшүүгө, долбоорлорду сунуштоого жана лидерлик жөндөмдөрдү көрсөтүүгө мыкты аянтча болду.
КМТУнун студенттери инновациялык чечимдерди сунуштап, талкууларга жана мастер-класстарга катышып, демилгечилдикти жана командалык духту көрсөтүштү — айланадагы дүйнөнү өзгөртүүгө даяр активдүү жаштардын үлгүсүн көрсөтүштү.
КМТУ жана анын алдындагы колледждерден катышкан студенттер:
- Асатиллаев Актилек – 4-курс, Программалык инженерия, КМТУ
- Аскаралиева Айлира – 2-курс, Азык-түлүк биотехнологиясы, КМТУнун Технологиялык институту
- Медербеков Чынгыз – 2-курс, Азык-түлүк технологиясы, КМТУнун Технологиялык институту
- Набиев Ислам – 3-курс, Эл аралык жогорку логистика мектеби
- Айдин уулу Улар – 3-курс, Колдонмолуу геология, Кыргыз тоо-металлургиялык институту
- Сабиров Нурсултан Русланович – 2-курс, Автоматташтырылган системалардын маалыматтык коопсуздугу, Бишкек техникалык колледжи
КМТУнун студенттеринин активдүүлүгү жана креативдүүлүгү жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүп, университетти жаштардын демилгелер борбору катары таанытты!
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул өзгөчө күн — өз өмүрүн билим берүүгө, студенттерди тарбиялоого жана илимий изилдөөлөргө арнаган бардык окутуучуларга жана кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирүүгө, урмат-сый көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле университетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык күнү.
Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, ишке берилгендигиңиздер жана студенттерге болгон камкордугуңуздар — университетибиздин күчү жана келечегинин негизин түзөт. Ар бир лекция, ар бир лабораториялык сабак, ар бир илимий иш — бул студенттердин келечегине болгон инвестиция жана өлкөбүздөгү илим менен билим берүүнүн өнүгүшүнө чоң салым.
Сиздердин аракеттериңиздердин аркасында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарынан татыктуу орун алып, билим берүү тармагындагы аброюн бекемдөөнү улантууда.
Сиздерге бекем ден соолук, аманчылык, үй-бүлөлүк бакыт жана кесиптик иштериңиздерде мындан аркы ийгиликтерди каалайм!
Урматтоо менен,
М.К. Чыныбаев
И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору
КМТУ Кытай–ШКУ жогорку билим берүү кызматташтык платформасынын алкагында ишин баштады
2025-жылдын 2–3-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында Кытай–ШКУ жогорку билим берүү кызматташтык платформасынын (China–SCO Higher Education Cooperation Platform) салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кызматташтык платформасынын катышуучуларынын бири болуп чыгып, бул анын эл аралык билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү салымын таанытты.
Ачылыш аземи салтанаттуу шартта өтүп, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринин өкүлдөрүн, дипломаттарды жана илим менен билим берүү тармагындагы адистерди бириктирди. Иш-чаранын атмосферасы кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана катышуучу университеттердин келечектүү долбоорлор боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын баса белгиледи.
Сапардын алкагында КМТУнун ШКУ өлкөлөрүнүн өнөктөш университеттери менен илимий-билим берүү кызматташтыгын тереңдетүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого багытталган эки тараптуу жолугушуулары да өттү.
2-сентябрда КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев менен Сиань Жаотун университетинин ректору урматтуу Чжан Лицюн расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында академиялык өнөктөштүктү чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кызматташтык жана өз ара аракеттенүү боюнча Меморандумга кол коюлду.
Кызматташтык форматы төмөнкү багыттар боюнча иш алып барууну камтыйт:
• жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо;
• студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү;
• биргелешкен стажировкалар, семинарлар, конференциялар жана лекциялар;
• илимий макалаларды жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алмашуу;
• биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун өнүктүрүү.
КМТУнун Кытай–ШКУ кызматташтык платформасын түзүүгө катышуусу — бул эл аралык байланыштарды бекемдөөнүн, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн жана студенттер менен окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн маанилүү кадамы болуп эсептелет.
Сиань Жаотун университети — Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Сиань шаарындагы мамлекеттик университет. Жалпы күндүзгү студенттеринин саны — 59 267, алардын ичинен 24 539 студент бакалавриатта, 31 194 магистратура жана аспирантурада,о 3 534 чет элдик студенттер билим алат. QS дүйнөлүк рейтингиндеги орду — 305. 2025-жылдан тартып ШКУнун университеттер ассоциациясында (УШКУ) төрагалык кылуучу университет болуп саналат.
Бакыт Торобаев посетил КГТУ с ознакомительной встречей
22 сентября 2025 года КГТУ им. И. Раззакова посетил заместитель Председателя Кабинета Министров – министр водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Бакыт Торобаев.
В ходе встречи с ректором Мирланом Чыныбаевым и профессорско-преподавательским составом обсуждались вопросы развития перерабатывающей промышленности, внедрения современных технологий холодирования и поддержки малого бизнеса в сфере переработки сельхозпродуктов.
Он подчеркнул важность научно-практической работы университета и тесного взаимодействия кафедр с Министерством.
Директор Технологического института Имийла Акимжановна Рысбаева представила деятельность института, включая современные лаборатории, учебные центры и инновационные проекты студентов и молодых учёных.
Стороны отметили значимость сотрудничества университета с государственными структурами и выразили готовность к совместной реализации практико-ориентированных проектов в агропромышленном секторе.
КМТУда «Евразия Кей Джи» КФ жетекчилиги менен жолугушуу болду
2025-жылдын 17-сентябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К. Чыныбаев «Евразия Кей Джи» коомдук фондунун жетекчилиги менен иш жолугушуусун өткөрдү.
Фонд тараптан жолугушууга директору Кымбат Алмазбековна Урумкулова, директордун орун басары Ренат Калкабаевич Айтымбетов жана директордун кеңешчиси Денис Юрьевич Михуля катышышты.
Жолугушуу маалында тараптар өз уюмдарынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришти. КМТУнун ректору университеттин билим берүү программалары жана эл аралык долбоорлору тууралуу презентация жасады, ал эми фонд өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы негизги багыттары боюнча кеңири айтып беришти.
Тараптар студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү жана маданий демилгелерди ишке ашыруу, мугалимдер үчүн тренингдерди жана семинарларды өткөрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Россия жаштарынын достук байланыштарын чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоо маселелерин талкуулашты.
КМТУда Германиянын доктору менен конок лекциясы болуп өттү
2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Германиянын Бойта атындагы техникалык университетинин доктору Сабина Пшибилла конок лекциясын өттү.
Лекциянын темасы «Агымдын санариптик моделдөөсүнө жана Python менен программалоого киришүү» болду.
Иш чарага 4-курска чейинки «Технологиялык машиналар жана жабдуулар» багытынын МАПП кафедрасынын студенттери катышты.
Лекцияда студенттерге заманбап технологиялык жабдууларды программалоо жана санариптик моделдөө боюнча негиздер сунушталып, материал түшүнүктүү жана кызыктуу формада берилди.
Мындай иш-чаралар КМТУнун билим берүү процессин байытып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө салым кошот.
КМТУда «Теориялык жана колдонмо механика» багыты боюнча биринчи эл аралык PhD диссертациясы ийгиликтүү корголду
2025-жылдын 19-сентябрында
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Механика жана өнөр жай инженериясы» кафедрасынын 650500 Теориялык жана колдонмо механика багыты боюнча PhD докторантынын диссертациясын коргоо болду.
Комиссиянын курамы жана анын милдеттери 2025-жылдын 23-майындагы №2/32 буйругу менен бекитилген. Комиссияга төмөндөгү ички жана тышкы илимпоздор кирген:
Россиядан: профессор, б.и.д. Кубряк Олег Витальевич ( «МЭИ» ИИУ, «Робототехника, мехатроника, машиналардын динамикасы жана бекемдиги» кафедрасы);
Кытайдан: т.и.д. Го Сяобо (Anyang Institute of Technology), инженердик даярдоо борборунун директору;
КМТУдан: ф.-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Султаналиева Р.М., т.и.д. профессор Тургумбаев Ж.Ж., ф.-м.и.к., МжӨИкафедрасынын доценти Кожошов Т.Т., ф.-м.и.к., доцент Асаналиева Т.М.(комиссиянын илимий катчысы).
Диссертацияны Кытай Эл Республикасынан келген PhD докторант У Гуйцзюнь (Wu Guijun) коргоду. Темасы: «Инновациялык электроприводдун негизинде буттарды реабилитациялоочу роботту башкаруу алгоритми жана динамикасы».
Докторанттын илимий жетекчилери: эл аралык – Меркурьев Игорь Владимирович МЭИ ИИУ профессору, ички – Дуйшеналиев Туратбек Болотбекович, ф.-м.и.д., МӨИ кафедрасынын профессору.
Жюринин отуруму профессор Султаналиева Рая Мамакеевнанын төрайымдыгынын астында болуп өттү. Коргоого ошондой эле КМТУнун илимий иштер боюнча проректору, т.и.к., доцент Арзыбаев А.М., аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Жайлообай кызы Чынара, МӨИ кафедрасынын кызматкерлери жана башка коноктор катышышты.
Комиссия мүчөлөрү жана катышуучулар илимий эмгектин актуалдуулугун жана практикалык маанилүүлүгүн белгилешти. Илимий жетекчилер докторанттын активдүүлүгү жана тырышчаактыгы менен алынган илимий жыйынтыктар мехатроника жана робототехника тармагында чоң кызыкчылык жаратканын баса белгилешти.
МӨИ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Доталиева Ж.Ж. комиссиянын мүчөлөрүнө жемиштүү иштешкендиги үчүн ыраазычылык айтып, өзгөчө кытай жана орус кесиптештерге чогу иш алып барып жатшкандыктары үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ал, докторант Кытайдан, тышкы илимий жетекчи Россиядан болуп, коргоо Кыргызстанда өтүшү үч өлкөнүн – Россия, Кытай жана Кыргызстан – илимий көпүрөсүн түзөөрүн белгилеп, бул илим жана техника жаатында өнүгүүгө, жаңы технологияларды жаратууга жана өлкөнүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи.
#КГТУ
«Интеграционные процессы в научно-техническом и образовательном пространствах»
20 сентября 2025 года в пансионате «Аврора» состоялось пленарное заседание XI Международной сетевой научно-технической конференции «Интеграционные процессы в научно-техническом и образовательном пространствах».
В ней приняли участие преподаватели и ученые вузов – членов Российско-Кыргызского консорциума технических университетов.
С пленарными докладами выступили советник директора Уральского энергетического института Уральского федерального университета Павел Эдуардович Любушкин, доцент КГТУ им. И. Раззакова, заведующий кафедрой «Организация перевозок и управление транспортом» Аманбек Шаршенбекович Алтыбаев и директор Института архитектуры и дизайна КГТУ им. И. Раззакова, кандидат архитектуры Салтанат Толонбаевна Кожобаева.
С 1 апреля по 30 мая 2025 года в рамках конференции прошло девять секционных заседаний по следующим направлениям: технология продуктов питания, химия, химические технологии и новые материалы, текстильная и легкая промышленность; мехатроника и робототехника, машиностроение, теоретическая и прикладная механика; транспорт и транспортные инфраструктуры; актуальные проблемы энергетики, прикладная математика и прикладная физика; информационные технологии и системы, инфокоммуникационные технологии и системы связи; инновации в геологии, горном деле и металлургии; строительное образование и наука, автомобильные дороги и транспортно-технологические машины; архитектурно-дизайнерское и градостроительное образование, дизайн и проектирование костюма; социально-экономические науки, метрология, стандартизация и управление качеством.
На конференции было заслушано более 200 научных сообщений, часть из которых будет опубликована в журнале «Известия КГТУ им. И. Раззакова».
В ряде секций прошли видеоконференции с участием зарубежных ученых. В фойе университета была организована выставка научных разработок участников РККТУ.
По итогам работы конференции участники постановили принять отчеты председателей секций, усилить взаимодействие с зарубежными университетами и вузами-членами РККТУ в сфере научных исследований и инновационных технологий для популяризации технического образования в Кыргызской Республике, осуществлять целенаправленные действия, ведущие к повышению роли технических университетов в жизни общества на основе улучшения качества образования и усиления связи образования с научными исследованиями, а также продолжить работу конференции как значимой площадки для установления новых творческих связей и объединения научного потенциала в решении актуальных проблем технического образования.
КМТУнин ректору жогорку билим жана илим тармагындагы жогорку окуу жайлардын координациялык иш-чарасына катышты
2025-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын алдыңкы университеттеринин катышуусунда жогорку билим жана илим маселелерине арналган координациялык иш-чара өттү.
Аны Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги Улуттук Эрасмус+ офиси менен биргеликте уюштурду.
КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев тааныштырды. Ал эки негизги темада доклад жасады.
Биринчи докладда илимий изилдөө институттары үчүн KPI системасынын долбоорун тааныштырып, алардын ишинин эффективдүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу багытындагы чараларды сунуштады.
Экинчи докладда ректор университеттердин финансылык автономиясынын моделин сунуштап, жогорку окуу жайлардын финансылык көз карандысыздыгын кеңейтүү үчүн бир катар нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
National Erasmus+ Office in Kyrgyzstan - Национальный Эразмус Офис в КР
2025-жылдагы кабыл алуу кампаниясынын эки турунун жыйынтыгы боюнча И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети абитуриенттер эң көп тандоо жасаган алдыңкы үч ЖОЖдун катарына кирди.
Ошондой эле, ЖРТ талондорунун катталуу саны боюнча КМТУ ишенимдүү түрдө 2-орунда турат!
Быйыл 11-классты бүтүргөн жана ЖРТнын негизинде тапшыруу чечимин кабыл алган 2828 мектеп бүтүрүүчүсү дал ушул биздин университети тандашты.
Бул университеттин сунуштаган инженердик-техникалык билим берүүсүнө болгон жогорку ишенимди жана сапатка карата талапты айкын көрсөтөт.
КМТУ өзүн тандаган бардык абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирет жана Кыргызстандын келечеги үчүн билим берүү чөйрөсүндө мындан ары да тынымсыз өнүгүүнү улантат.
Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу студенттер жана бүтүрүүчүлөр!
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети сиздерди эң башкы мамлекеттик майрамыбыз — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул өзгөчө күн эркиндиктин, биримдиктин жана элибиздин өнүгүү менен гүлдөп-өсүүгө болгон умтулуусунун символу болуп саналат. Көз карандысыздык – күчтүү мамлекетти куруунун, улуттук аң-сезимди калыптандыруунун жана кыргызстандыктардын тарыхый кыялдарын ишке ашыруунун пайдубалы.
Бүгүн Кыргызстан жаңылануу жана дүйнөлүк билим берүү менен илим мейкиндигине интеграциялоо жолунда ишенимдүү кадам таштап келе жатат. Бул багытта КМТУ жогорку кесиптик адистерди даярдоо, илимди жана инновацияны өнүктүрүү аркылуу өз салымын кошуп келет. Биз университеттик коомчулук катары өлкөбүздүн көз карандысыздыгын жана прогрессин чыңдоого активдүү катышып жатканыбыз менен сыймыктанабыз.
Бул майрам күнү бардыгыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк тынчтык жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө арналган жаңы ийгиликтерди каалайбыз. Эл ичинде ынтымак, жарашкан жашоо жана жаратмандык дайыма үстөм болсун!
2025-жылдын 19-августунда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Бельгия Падышалыгынын Казакстан Республикасындагы Соода-экономикалык өкүлчүлүгүнүн (AWEX Almaty) делегациясы менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Делегациянын курамында Бельгия Падышалыгынын Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы соода-экономикалык кеңешчиси Айжан Мусаканова жана Бельгия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу Чынара Эсенгелдиева болушту.
КМТУ тараптан эл аралык байланыштар боюнча проректор Ж. Сыдыков, Технологиялык институттун директору И. Рысбаева, профессор М. Мусульманова, кафедра башчылары М. Чимчикова жана А. Сатыбалдиева, ошондой эле эл аралык бөлүмдүн Р. Бакытов катышышты.
Жолугушууда Ж. Сыдыков университеттин эл аралык ишмердүүлүгү жана өнүгүү стратегиясы боюнча презентация жасаса, И. Рысбаева Технологиялык институттун илимий-изилдөө жана билим берүү иштери тууралуу маалымат берди.
Бельгия тарап тамак-аш жана текстиль өнөр жайлары боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экенин билдирип, университеттер жана ишканалар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Жолугушуунун алкагында коноктор Технологиялык институттун лабораторияларын, окуу борборлорун, мектептик тамактануу боюнча Республикалык компетенция борборун жана «Технолог» окуу-практикалык борборун көрүп чыгышты.
Бул жолугушуу Кыргызстан менен Бельгиянын билим берүү, илим жана инновация тармактарындагы кызматташтыгын чыңдоодо маанилүү кадам болду.
Бүгүн, 11-августта, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуу жай жетекчилиги Германиянын tracetronic компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев, Маалыматтык технологиялар институтунун директору Гүлнара Жамалбековна Кабаева, «Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу» кафедрасынын башчысы Аманбек Шаршенбекович Алтыбаев жана Эл аралык бөлүмдүн башчысы Ринат Бакытович Бакытов катышты. tracetronic компаниясынын атынан бөлүм башчылары Аннетта Штайц жана Рене Мюллер, ошондой эле команда мүчөсү Нурайым Сеитова болду.
Тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Автоунаа өнөр жайында программалык камсыздоону автоматташтырылган тестирлөө тармагындагы лидерлердин бири болгон tracetronic компаниясы КМТУ менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Айрыкча, бакалавриат жана магистратура деңгээлиндеги Маалыматтык технологиялар институтунун студенттерине компаниянын бөлүмдөрүндө стажировка өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай кызматташтык студенттерге эл аралык тажрыйба топтоого, алдыңкы европалык компаниялардын заманбап технологиялары жана иш стандарттары менен таанышууга, ошондой эле кесиптик келечегин кеңейтүүгө шарт түзөт. Өз кезегинде университет жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана биргелешкен билим берүү жана илимий демилгелерди ишке ашырууга толук колдоо көрсөтүүгө даяр.
Кыргыз Республикасынын Агартуу жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Алтын Казык” улуттук долбоорунун алкагында, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта мугалимдерге арналган 27 031 даана ноутбук жыйналып, өлкөнүн аймактарына жөнөтүлдү.
2025 -жылдын 7-август күнү Технопаркта даяр болгон ноутбуктардын биринчи партиясы министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө расмий тапшырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, КМТУнун ишин жогору баалады:
«Бул ноутбуктар — жөн гана техника эмес, бул билим берүүнүн келечегине болгон салым. КМТУ бул этапты жогорку сапатта ишке ашырды», — деди министр.
Ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан пилоттук негизде колдонулуп, тестирлөөдөн өттү. Натыйжада бардык сунуштар эске алынып, программалык камсыздоосу жакшыртылып, коопсуздук жана методикалык колдонмолор менен жабдылды.
КМТУ Агартуу министрлигинин технологиялык өнөктөшү катары бул иште жыйноо, орнотуу, программалык жабдуу жана сапатты көзөмөлдөө иштерин толук аткарды.
Ноутбуктар аймактардагы мугалимдерге август айындагы салттуу педагогикалык кеңешмелерде тапшырылат.
КМТУ билим берүү системасын санариптештирүүгө салым кошуп, мындай улуттук демилгелерди колдоону улантат.
Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү максатында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев Италиядагы Камерино университетине иш сапары иенен барды.
Сапардын алкагында Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан академиялык мобилдүүлүк боюнча өнөктөштөрдүн жыйынтыктоочу жолугушуусу жана жаңы долбоордук өтүнмөнү даярдоо, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн географиясын “Борбордук Азия + Италия” форматына чейин кеңейтүү маселелери каралды.
Ректор Камерино университетинин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулар курамы менен бир катар ишкер жолугушууларды өткөрдү.
Атап айтканда, университеттин ректору профессор Graziano Leoni, биргелешкен долбоордун координатору профессор Carlo Lucheroni жана башка жетекчилер жана профессорлор менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жаңы Erasmus+ долбоорунун алкагында кош дипломдуу билим берүү программаларын түзүүгө, PhD студенттери үчүн биргелешкен илимий жетекчилик уюштурууга жана университеттердин илимий мектептеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулат.
Белгилей кетсек, КМТУ менен Камерино университети кызматташтык тууралуу келишимди 2022-жылы түзүшкөн. Ошондон бери КМТУнун маалыматтык технологиялар багытындагы 4 магистранты Камерино университетинде бир семестр окуп чыгышкан.
Жаңы долбоордо академиялык алмашуу жана кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча кеңейет: тамак-аш технологиясы, архитектура, колдонмолуу математика, геология жана менеджмент.
Бул иш сапар эл аралык өнөктөштүктү чыңдоодо маанилүү кадам болуп, КМТУнун глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграцияга умтулуусун дагы бир ирет тастыктады.
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Жети-Өгүз районунун администрациясы ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин жана Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин алкагында, «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» кафедрасындагы Чыгыш архитектурасы жана дизайны боюнча долбоордук-стратегиялык изилдөөлөр борборунун жумушчу тобу бир катар эскиздик долбоорлорду иштеп чыгышты.
Аталган долбоорлор төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. «Жеңиш багы» мемориалдык комплекси — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүүчү эстелик долбоору, кыргыз элинин тарыхый эс тутумун даңазалоо максатында иштелип чыккан.
2. Мектеп аймагын көрктөндүрүү долбоору — окуучулар менен жергиликтүү тургундар үчүн маданий жана билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган жашылдандыруу жана сквер долбоору.
3. Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин айланасын көрктөндүрүү — эстелик аймагын сактоо жана коомдук жай катары ыңгайлуу чөйрө түзүү.
4. Жети-Өгүз айылынын борбордук көчөсүн заманбап жасалгалоо — көчөнүн эстетикалык көрүнүшүн жана функционалдуулугун жакшыртууга багытталган архитектуралык-дизайнердик чечимдер.
Бул долбоорлор аймактын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга, социалдык-маданий өнүгүүгө салым кошууга багытталган. Ошондой эле мамлекеттик өнүктүрүү программалары жана эл аралык гранттык булактар аркылуу инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.
КМТУ менен Жети-Өгүз районунун кызматташтыгы стратегиялык жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болуп, аймактык өнүктүрүү, инновацияларды жайылтуу жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.
КМТУ региондор үчүн архитектуралык-дизайнердик концепциялардын үстүндө иштөөгө дайым ачык.
С 14 по 17 августа на берегу озера Иссык-Куль прошёл III Российско-Кыргызский медиафорум, объединивший более 100 студентов из 17 университетов России и Кыргызстана. Форум стал важной площадкой для диалога молодёжи, обмена опытом и развития совместных проектов в сфере медиа и коммуникаций.
В числе участников были студенты шести ведущих вузов Кыргызстана, включая Кыргызский государственный технический университет имени И. Раззакова, и 11 университетов Российской Федерации.
Особой гордостью для КГТУ стало то, что именно наши студенты заняли первое место в конкурсной программе форума. Благодаря победе они получили право представить Кыргызстан на международной площадке — медиафоруме «Сердце России», который состоится в Красноярске.
Наш университет представили:
Анастасия Назарова, студентка Международной высшей школы логистики;
Эржан Мойдинов, студент Кыргызско-Германского технического института;
Эрсултан Мамырбеков, студент Бишкекского технического колледжа;
Медина Кубатова, студентка Института транспорта и робототехники;
Мадина Кубанова, студентка Высшей школы экономики и бизнеса.
Участие и победа студентов КГТУ в таком масштабном проекте подчёркивают высокий уровень их подготовки, а также активную позицию университета в развитии международного сотрудничества и продвижении молодёжных инициатив.
Проект «Таптык», разработанный командой Enactus KSTU, был достойно представлен на престижной международной программе Generation Connect Young Leadership Program Development Week, организованной Международным союзом электросвязи (ITU) совместно с Huawei.
Из более чем 6800 заявок со всего мира участие получили лишь 31 участник из 25 стран. Программа полностью покрывала перелёт, проживание и питание и проходила с 28 июля по 1 августа в Женеве, Швейцария.
КГТУ имени И. Раззакова представила студентка Института информационных технологий Тахирова Элизабет — участница команды Enactus KSTU.
Проект «Таптык» направлен на создание тактильно-звуковых карт для инклюзивной навигации в образовательных учреждениях. Работа над проектом велась под руководством академических эдвайзеров во главе с Мырзалиевой М.А.
Участники программы прошли насыщенную образовательную неделю: тренинги по лидерству, мастер-классы по развитию социальных и технологических проектов, обмен опытом с молодыми лидерами со всего мира.
Поздравляем команду Enactus KSTU и Тахирову Элизабет с достойным выступлением и международным признанием! Желаем дальнейших успехов и новых достижений!
2025-жылдын 13-15-августунда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда КМТУ өзүн татыктуу көрсөттү.
Иш чаранын алкагындп уюштурулган көргөзмөгө университет тарабынан ата мекендик ноутбуктар, ошондой эле И.Раззаков атындагы КМТУнун Технопаркынын резиденттеринин өндүрүмдөрү коюлду.
Иш чаранын алкагында “Москва энергетикалык институту" Улуттук изилдөө университети жана "АВТОБАН” ачык акционердик коому менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Меморандум “Москва энергетикалык институту" Улуттук изилдөө университети менен автономдуу энергия булактары тармагында биргелешкен илимий долбоорду ишке ашыруу болсо, ал эми "АВТОБАН" ААК менен биргелешип жол куруу тармагында кадрларды даярдоону камтыйт.
КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулганына 10 жыл» илимий-практикалык конференциясынын ишине катышып, форумдун “Санариптик экономика: ЖИ кесипкөй кадрларды алмаштыра алабы” панелдик сессиясына баяндама окуп, санариптик экономика доорунда кадрларды даярдоодо Борбордук Азиядагы инженердик билим берүүнүн флагманы катары КМТУнун стратегиялык ролун баса белгиледи.
2 июля 2025 года в Кыргызском государственном техническом университете им. И. Раззакова состоялась торжественная церемония открытия новой лабораторной базы, созданной в рамках проекта «Устойчивое развитие водоснабжения и санитарии в сельской местности».
В рамках проекта были оснащены и введены в эксплуатацию две современные лаборатории и два учебных класса для подготовки и повышения квалификации специалистов по водоснабжению и водоотведению.
В мероприятии приняли участие:
Одете Муксимпуа — старший специалист Всемирного банка по водоснабжению и санитарии;
Мирлан Чыныбаев — ректор КГТУ им. И. Раззакова;
Эрлан Корчубай уулу — координатор проекта ПУРСВС Агентства развития и инвестирования сообществ (АРИС),
а также другие представители партнерских организаций.
Оборудование было закуплено в рамках сотрудничества между АРИС и КГТУ, согласно подписанному меморандуму, при финансовой поддержке Всемирного банка. Общая сумма приобретённого оборудования составила 12 миллионов сомов.
Лаборатории оснащены следующими устройствами:
-современные компьютерные комплексы;
-интерактивные панели;
-многофункциональные устройства;
-цифровые лабораторные микроскопы;
-переносной анализатор активного хлора;
-муфельная печь;
и другое специализированное лабораторное оборудование.
Созданная база позволит проводить как теоретическую, так и практическую подготовку, а также выполнять научно-исследовательские работы и анализ качества питьевой и сточной воды на реальных объектах.
В рамках сотрудничества ранее уже прошли обучение более 155 специалистов, получивших лицензированные сертификаты Министерства образования и науки Кыргызской Республики. Программа охватывает все 7 областей страны, и регистрация желающих продолжается. Каждый желающий может пройти обучение и повысить квалификацию в сфере водоснабжения и водоотведения.