Окуу башкармалыгынын диспетчери
Жогорку, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Кызматтык милдеттери:
Күндүзгү окуу формасы үчүн сабактардын расписаниесин жылына 2 жолу түзөт (май, июнь, июль, август, сентябрь – 1–5-курстар; октябрь, ноябрь, декабрь, январь, февраль – 1–5-курстар), ошондой эле сырттан окуу формасы үчүн жылына 2 жолу ТИ, ИТР, ИАД (ДГ, ДС), МВШЛ (ТО), КГТИ (ТППРС, ТППЖП, ТИЛП, ПТ) багыттары боюнча (сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь, январь, февраль, март, апрель, май).
- Бекитилген окуу пландарын чогултуу.
Бардык багыттар боюнча семестрге сунушталган курстар тууралуу маалыматтарды (семестровкалар–расчасовкалар) чогултуу.
Аудитордук таблицаны жана матрицаны (1 жана 2 смена) жылына 2 жолу даярдоо.
Сабактардын расписаниесинде аудитордук фондду бөлүштүрүү (топтогу студенттердин санына, проектор колдонуу зарылдыгына, компьютердик класстардын мүмкүнчүлүгүнө, окутуучулардын каалоолоруна жараша).
Регистрациядан кийин расписаниени оңдоо жана күзгү, жазгы семестрлерде өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө.
Окуу сабактарынын расписаниесин окуу башталганга чейин 10 күн мурун даярдоо.
Аудитордук фондду бөлүштүрүү.
Бардык багыттардын кафедралары жана окутуучулары менен иштөө (расписаниени тактоо, салыштыруу, өзгөртүү; сабак өтүү убактысын, күнүн, жумасын, курсун, окутуучунун ААА тактоо; жаңы топторду ачуу же жабуу; аудиторияны брондоо жана өзгөртүү; сабактарды окуу башталганга чейин 1 жума мурун жылдыруу).
Бардык курстар үчүн экзамендердин расписаниесин түзүү (ноябрь–май айларында).
Институттагы окуу процесси расписаниеге ылайык жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө жана жөнгө салуу.

