Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

КМТУ рейтингтерде


Бүгүнкү күндө жогорку билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу адам кадрдык потенциалды өнүктүрүүнүн негизги факторуна айланууда. Университеттин рейтингдери билим берүүнүн  сапатын баалоодо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда өзгөчө роль ойнойт. Алар билим деңгээлин баалоого жардам берүүчү эффективдүү, маалыматтык жана жеткиликтүү инструменттер.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Кыргызстанда гана эмес, регионалдык жана эл аралык деңгээлдеги жогорку окуу жайлардын лидерлеринин бири. Биздин университеттин жетишкендиктери эл аралык билим берүү мейкиндигинде таанылган жана Quacquarelli Symonds (QS) сыяктуу глобалдык агенттиктин маалыматы боюнча университеттердин дүйнөлүк рейтингинде белгиленген.

Биздин университет 2024 QS Asia University Rankings рейтингинде алдыңкы университеттердин катарына кирген.