Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Шаардык жана эл аралык транспорттун логистикасы


Шаардык жана эл аралык транспорттун логистикасы – жеткирүүнү уюштуруу системасы, тактап айтканда, ар кандай материалдык объектилердин, заттардын ж.б. оптималдуу маршрут боюнча бир чекиттен экинчи чекитке өтүүсү. Товарлардын кыймыл процессинде маалыматтык жана материалдык агымдарды башкаруу жөнүндөгү илимдин фундаменталдуу багыттарынын бири.

Оптималдуу маршрут деп логистикалык объектти мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө (же белгиленген мөөнөттө) минималдуу чыгым менен, ошондой эле жеткирүү объектисине минималдуу зыян келтирүү менен жеткирүү мүмкүн болгон маршрут эсептелет.

Тышкы факторлордон (транспорттук шарттардан) да, ушул категорияга кирген объекттерди жеткирүү учурундагы убакыт факторунан да логистикалык объектке терс таасир этүү деп жеткирүү объектине келтирилген зыян эсептелет.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишинин милдеттери:

  1. Транспорттук системаларды, анын ичинде мультимодалдык системаларды, транспорттук коридорлорду жана транспорттук чынжырларды түзүү.
  2. Мультимодальдык транспортто транспорттун ар кандай түрлөрү үчүн транспорттук процесстерди биргелешип пландаштыруу.
  3. Обеспечение технологического единства транспортно-складского процесса.
  4. Ташуу жана сактоо процессинин технологиялык биримдигин камсыз кылуу.
  5. Транспорттун түрүн тандоо (авто, деңиз, темир жол ж.б.).
  6. Транспорттун түрүн тандоо (унимодаль, интермодаль, комбинирленген, мультимодаль).
  7. Транспорттук процессти оптималдаштыруу.
  8. Рационалдуу жеткируунун жолдорун аныктоо.