Окуу иштери
И.Раззаков атн. КМТУ
Институттар
Электроника телекоммуникация институту
Радиоэлектроника
Окуу иштери
Окуу иштери боюнча кафедра КР ББ жана И Мамстандарты (2012-2020 жж) бекиткен багыттарды даярдоонун НББП негизинде, ошондой эле бекитилген (2012-2020 жж) окуу жумуш программары жан окуу-усулдук комплекстердин негизинде ишти алып барат.
Сабактардын иш программалары модуль- рейтингдик системага ылайык түзүлгөн. 69 сабак боюнча кредиттик технологиянын негизинде ОУК иштелип чыккан жана алар электрондук-билим ресурстары түрүндө КМТУнун билим берүү порталында жайгаштырылган.
Кафедра төмөндөгү профилдер боюнча кадрларды даярдоого лицензиялары бар:
690300.02 «Мобилдик байланыш системалары жана радиокирүү»;
690300.03 «Санариптик телекөрсөтүү жана үн уктуруу»;
690300.06 «Буюмдардын интернети жана телекоммуникациялык системалар»
690200.01 «Радиотехника».
Бул профилдердин 690200 – Радиотехника жана 690300 – Маалымат коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары багыттары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 2015-жылдын 15-сентябрындагы No 1179/1 буйругу менен бекитилген.
Кафедрада заманбап технологиялар окуу процессинде кеңири колдонулат. Заманбап технологиялар байланышкан бардык предметтер ЭТИнин компьютердик класстарында өткөрүлөт.
Адистиктерди окуу-методикалык камсыздоо үчүн кафедранын окутуучулары календардык жыл бою алек болушат. Бардык окутулуучу сабактардын 80% жана андан жогорусу методикалык окуу куралдары менен жабдылган.
Кафедрада менчиктин ар кандай формасындагы ишканалар жана мекемелер менен эки жактуу келишимдердин негизнде кызматташуу жолго коюлган жана өнүккөн. Бул жөнүндө «Кыргызтелеком» ААК, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы МБА, РПО РМТР сыяктуу ишканалар менен максаттуу даярдоого түзүлгөн типтүү келишимдер далилдейт.
Бүтүрүүчүлөрдүн 80%дан ашыгы «Кыргызтелеком» ААКнын ишканаларында, алдыңкы уюлдук компанияларда, күч түзүмдөрүндө (ИИМ, УКМК), о.э. жакынкы жана алыскы чет жактарда адистиги боюнча иштеп жатышат. “Радиотехника” багыты боюнча кафедра өлкөдө алдыңкы жана жалгыз бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелет.
Кафедранын лабораториялык базасы бардык окуу сабактарын өткөрүүнү камсыздайт. Негизинен кафедрада 7 лабораториялык аудиториялар уюшулган. Алардын ичинен 1 лабораториялык класс КМТУнун башкы корпусунда жайгашкан, калгандары - КМТУнун 5 корпусунда.
Кафедра Россиянын алдыңкы ЖОЖдору менен активдүү кызматташууда, мисалы, С. Петербург шаарынан (Бонч-Бруевича атындагы СПбМТУ) коюлган лабораториялык комплекстер зымсыз телекоммуникациялык технологиялар жана корголгон мультисервистик зымсыз тармактарды изилдөө жана стандарттарды үйрөнүү боюнча 30дан аз эмес лабораториялык иштердин түрүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
И.Раззаков атн. КМТУ Институттар Электроника телекоммуникация институту Радиоэлектроника Окуу иштери