Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Даярдоонун багыттары жана Профилдери/Программалары


690200 – Радиотехникабагыты

«Радиотехника»профили (бакалавр)

«Радиотехника» программасы (магистр)

 

Ар кандай табияттагы сигналдарды берүүчү, кабыл алуучу жана иштетүүчү түзүлүштөр жана системалар жаатындагы бакалаврларды жана магистерлерди даярдоого багытталган. Радиотехникалык каражаттар телекөрсөтүү жана радиоуктуруунун, мобилдик байланыш системаларынын, ар кандай максаттагы радио байланыш системаларынын негизи болуп эсептелет.

«Радиотехника» профили кеңири профилдеги бакалавр-системщиктерди даярдоону иш жүзүнө ашырат. Бул профилдин бүтүрүүчүлөрү ар кандай аскердик жана граждандык радиотехникалык системаларды эксплуатациялоо жана иштеп чыгуу менен алек болгон ишканаларда жумуш ордун оңой эле табышат.

 

 

690300 – Маалыматкоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары багыты

“Мобилдик байланыш системалары жана радиокирүү” профили (бакалавр)

“Мобилдик байланыш системалары жана радиокирүү” программасы (магистр)

Маалыматтын бардык түрүн сактоо жана иштетүү, аны каалаган аралыкка берүүчү жана кабыл алуучу техникалык каражаттарынын жана технологияларынын жалпы принциптерин, конкреттүү ыкмаларын кошкон илимдин жана техниканын жаатына негизделет. Маалымат алмашуу үчүн радио жана оптикалык системаларды жана байланыш тармактарын колдонушат. Маалымат агымдарын маршруттоо, кошуу, шифрлөө, сактоо жана иштетүү үчүн маалымат технологияларын жана компьютерлерди кеңири колдонушат.

Профилдин окуу программасы ар кандай радио жана мобилдик системаларды жана тармактарды эксплуатациялоону жана иштеп чыгууну билген адистерди даярдоого арналган.

“Санариптик телекөрсөтүү жана үн уктуруу” профили (бакалавр)

Санариптик телекөрсөтүү жана радио уктуруу түзүлүштөрү, тармактары жана системалары жаатындагы бакалаврларды даярдоого багытталган. Профилдин ачылышынын маанилүүлүгү салттуу аналогдук берүүдөн жаңы санариптик технологияларга өтүүнүн дүйнөлүк тенденциялары, о.э. Кыргыз Республикасында кабыл алынган берүүнүн бардык  түрлөрүн санариптик форматка өтүүнүн максаттуу программасы менен байланышкан.

 

«Буюмдардын интернети жана телекоммуникациялык системалар» профили (бакалавр)

Окутуу профилин ачуунун актуалдуулугу өнөр жайды жана телекоммуникация инфраструктурасын модернизациялоону жана өлкөнүн санариптик трансформациясы үчүн технологияларды өнүктүрүүнү караган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн муктаждыктарына байланышкан Бакалавриат программасы заманбап телекоммуникациялык системалар жана буюмдардын Интернети (Буюмдардын интернети - IoT) жаатында негизги билимди берет. Алынган билим жана көндүмдөр бүтүрүүчүлөргө буюмдардын Интернети үчүн татаал атаандаштыкка жөндөмдүү өтө ишенимдүү инфокоммуникациялык жабдууларды, тутумдарды жана шаймандарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.