Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Факультеттин тарыхы


Факультеттин тарыхы.

1941-жылы экинчи Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен Советтер Союзунун батыш облустарынан эвакуацияланган заводдордун жана фабрикалардын көчүп келиши менен Кыргыз ССРинде машина куруу тармагынын башталышы туптөлгөн. 

Кыргыз ССРинин эл чарбасынын бардык тармактарын тез арада кайра түзүп, аскер жаатында жана коргоо муктаждыктарына багытталып, фронт үчүн курал-жарактарды, ок-дарыларды, кийим-кечектерди, курал-жабдыктарды, азык-түлүктөрду өндүрүү үчүн даярдашкан. 

Согуштан кийинки жылдары өнөр жай ишканалары бейпил турмуштун продукцияларын чыгарууга өткөн. 

Фрунзе политехникалык институту – 1954 жылы түзүлүп, алгачкы техникалык жогорку окуу жай катары жеткиликтүү өлчөмдө адистерди даярдай баштаган, себеби Республикада машине куруу багытындагы инженердик кадрларды камсыз кылбаса, бул багыттагы өндүрүштү алга жылдыруу кыйын болгон.

Кыргыз ССРнын машина куруу тармагын жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн Фрунзе политехникалык институтунун жетекчилиги  1955 жылы 21 июлда  Механика-технологиялык факультетин эки өз алдынча түзүмү катары – механикалык жана технологиялык факультеттерге бөлүү чечим кабыл алынды.

1976-жылдын 4-октябрынан баштап механикалык факультети жаңы аталышыка ээ болуп Механика-машине куруу факультети болгон. 1991 жылдан тартып Машине куруу факультети болуп аталган.

1999 жылдын 14 сентябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Унаа жана машине куруу факультети аталып келет.

Факультетти жетектеген биринчи декан болуп, механизмдердин жана машиналардын теориясы жаатындагы белгилүү окумуштуу  к. т. н., доцент Потоцкий. М. Ж. иштеген.   

Андан кийин ар кандай жылдары факультетти техникалык илимдердин ар кайсы тармактарынан белгилүү окумуштуулар жетектеп келишкен:

  • доцент Калинкин В.А. —  айыл чарба машинелери боюнча адис, (1958-1962 гг.),
  • к.т.н., доцент Бударин И.Т. —металл таануу жаатындагы белгилүү окмуштуу (1962-1970 гг.),
  • д.т.н., профессор Дворников Я.Т. — механиздердин жана машинелердин теориясы жаатындагы окумуштуу, КР УИА мучө-корр. (1970-1974 гг.),  .
  • к.т.н., доцент Гладилов Ю.С. — металлды басым менен иштетүү жаатындагы адис, (1974-1986 гг.),
  • к.т.н., доцент Ким В.К. – машине куруунун технологиясы боюнча адис, (1986-1988 гг.), 
  • д.ф-м.н., профессор Абдрахманов С.А. — механика жана металлдардын эске тутуусу жаатындагы белгилүү окмуштуу (1988-1992 гг.),
  • к.т.н., доцент Абакиров С.А. – автоунаалар жаатындагы адис, (1992-2004 гг.),
  • д.т.н., профессор Тургумбаев Ж.Ж. — жол-курулуш машинелери жаатындагы адис (2004-2006 гг.),
  • к.т.н., доцент Джумакадыров Ш.Дж. - тоо машине куруусу жаатындагы адис, (2006-2010 гг.).

Азыркы мезгилде 2010-жылдан баштап, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын (КР ИА) профессору, профессор Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын профессору Маткеримов Таалайбек Ысманалиевич жетектейт

УжМК факультети республикада 50 жылдан ашык унаа жана машина куруу жагында адистерди даярдоонун жалгыз борбору болгон.

Факультетте түзүлгөн алгачкы кафедра болуп 1954 жылы «Машине куруунун технологиясы» кафедасы ачылган. Бир жылдан соң: «Инженердик графика», «Машинелердин тетиктери» жана «Жалпы техникалык» кафедралары уюштурулган. Баштапкы жылдары факультеттин жана кафедраларынын жумушу: окуу лабораторияларын түзүү жана аларды керектүү жабдуулар жана шаймандар, өлчөөчү аппараттар, методикалык көрсөтмөлөр менен камсыздоого багытталды. Факультетке жана кафедраларга көпчүлүк колдонууга керектүү окуу, окуу-методикалык жана илимий документтерди камсыздоого Советтер Союзунун Москва, Ленинград, Киев, Харьков жана башка шаарларындагы алдыңкы, ушул багыттагы кафедралар жардам көрсөтүшкөн.  

Республикада машине куруунун интесивдүү өнүгүшүнө байланыштуу, башкача айтканда станок куруу жана аспап-куралдар өндүрүшүн өнүктүрүү максатында «Машине куруунун технологиясы» кафедрасын атайын бөлүктөргө бөлүү менен жаңы кафедраларды «Металл кесүүчү станоктор», «Металл кесүүчү аспаптар» жана «Метрология жана стандартташтыруу» кафедраларын түзүү туура келген. Жыйынтыгында 1964 жылы «Металл кесүүчү жабдыктар» (каф.башчысы, доц. Калинкин В.А.), 1970 жылы «Металл кесүүчү аспаптар» кафедрасы (каф. башчысы, доц. Стрельцов В.А.), 1973 жылы «Метрология жана стандартташтыруу» кафедрасы (каф. башчысы, доц. Бабак В.Ф.) түзүлгөн.

СССРдин кулашы менен өлкөдөгү саясий жана экономикалык шарттары жана машине куруу өндүрүшүнө багыттоону өрчүтүү үчүн майда багыттагы кафедраларды жогорку адистештирилген кафедраларга биригүүгө алып келген. Натыйжада, «Машине куруу» кафедрасынын курамына «Металлдардын технологиясы» кафедрасы (1995) жана жоюлуп кеткен «Металл кесүү шаймандары" кафедрасынын "Материалдарды жана шаймандарды иштетүү" курсу(2005) кирген. 

 Кыргызстандын тоолуу республика болгондугуна байланыштуу, ошондой эле жук ташуунун басымдуу бөлүгү автоунаа менен жүргүзүлгөндүгүнө жана "Автоунаа куроо" жана "Кыргызавтомаш" сыяктуу ири ишканалардын пайда болушунан, 1957-жылы факультетте бул багыттагы атайын "Авто унаа" кафедрасы негизделет.

1970-жылы "Авто унаа" кафедрасы: "Авто унааларды техникалык тейлөө жана оңдоо" жана "Автоунаа жана автоунаалардын кыймылдаткычтары" кафедралары болуп эки кафедрага бөлүнүп кеткен. 1982-жылы кафдралар "Автоунаа жана автоунаалар чарбасы" жана "Автоунна каражаттарын пайдалануу" кафедралары болуп кайрадан аталып калган.

 

1982-жылы кафдралар "Автоунаа жана автоунаалар чарбасы" жана "Автоунна каражаттарын пайдалануу" кафедралары болуп кайрадан аталып калган.

1985-жылы СССРдеги жогорку билим берүүну реформалоо боюнча инженердик кадрларды даярдоонун сапатын өрчүтүүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн, "Автоунаа" кафедрасы менен Кыргыз ССРинин транспорт жана шоссе жолдору министрлиги менен келишим түзүлүп, окуу-өндүрүштүк бирикме түзүлгөн.  

Биринчи жүргүнчү ташуу паркы, шаар аралык жүргүнчү ташуу экинчи паркы, жүк ташуучу №3 АТП, Фрунзедеги автоунааларды оңдоо заводунда студенттерге жогорку сапаттагы амалияттарды жүргүзүү, ишканалардын унааларды тейлөө жана оңдоо милдеттери жана иш аракеттери боюнча багыттуу дипломдук долбоорлорду жогорку деңгээлде жүргүзүү жана коргоо үчүн иштер жолго коюлган. Республикадагы унаа тармагындагы чарбалар үчүн инженердик кадрларды даярдоонун деңгелин жогорулатуу максатында, өндүрүштүк практикаларды өткөрүү үчүн Москва шаарындагы Лихачев ат. ЗИЛ автозаводу, Горькийдеги ГАЗ автозаводу, Ульяновскидеги УАЗ автозаводу, Завольжскийдеги кыймылдаткыч заводу жана Камскидеги КАМАЗ автозаводдору менен келишимдер түзүлгөн. Аталган ишканалар ФПИнун материалдык базасын колдоо максатында транспорт каражаттарын өз каражаттарына капиталдык оңдоодон өткөрүп берип турган. 1985-жылы адистерди реалдуу шарттарда практикалык даярдоо үчүн (Фрунзе шаарынын Чыгыш промзона аймагында) өзүнчө кичи автоунаа ишканасынын негизинде окуу-өндүрүштүк базасы түзүлгөн.

   .

СССР тарагандан кийин 1991-жылы жалпы студенттердин саны кыскаргандыгына байланыштуу, 2 кафедраны бириктирүү менен "Автоунаа" кафедрасын түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.

"Автоунаа" кафедрасынан 2003- жылдын 8-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасындагы унаа тармагындагы адистерге болгон суроо-талаптарды канааттандыруу жана окуу процессинин сапатын жогорулатуу үчүн Ректордун №58 буйругу менен "Унаа менеджменти" кафедрасы уюштурулган. «Унаа менеджменти» кафедрасы ачылгандан бери т.и.д., профессорлор Давлятов У.Р., Торобеков Б.Т. жетектеген. 2015-жылдан баштап кафедра «Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугу» аталып, азыркы убакта т.и.д., профессор Атабеков К.К. жетектеп келет. Кыска убакыт аралыгында ТУжЖКК кафедрасы тарабынан көптөгөн жемиштүү натыйжаларга жетишилди: 1000ден ашуун дипломдуу инженерлерди даярдап чыгарып, окуу аудиторияларын сапаттуу оңдоп, практикалык жана лабораториялык изилдөө үчүн заманбап жабдууларды сатып алган.  Кафедранын алдында 4 автоунаасы менен Окуу-илимий-техникалык борбор түзүлүп ишке киргизилди.

Бүгүнкү күндө унаа жана машина куруу факультети транспорт жана машине куруу тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунун арасында алдыңкы борборлордун бири болуп саналат.