Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эл аралык өнөктөштүк конференциясы


2019-жылдын 20-декабрында «Орион» мейманканасында «Ачык Өкмөт» эл аралык өнөктөштүгүнүн Улуттук планды ишке ашыруунун аралык жыйынтыгы боюнча жылдык конференциясы болуп өттү, ага биздин 2-курстун студенттери Аян Калиева жана Эльдияр Кулсейитовдор катышты. . Алар конференцияга “Ачык өкмөт менин көзүм менен” деген темада дил баяндар сынагынын катышуучусу катары чакырылып, байгелүү орундарга ээ болуп, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студентибиз Калиева Аян сөз сүйлөп, ачык өкмөткө болгон көз карашын кыскача айтып, мамлекеттик сатып алуулар тармагына токтолду. Кийинчерээк алардын дил баяндары ачык өкмөт сайтында (http://ogp.el.kg/) жарыяланат.

Конференцияны вице-премьер-министр, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун теңтөрайымы Алтын Өмүрбекова жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева алып барышты. Конференцияга ошондой эле: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Ачык Өкмөттүн Улуттук Форумунун (АЧП) мүчөлөрү, өкүлдөр эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын ж.б.