ЭБЖМнин сыйлыктары жана жетишкендиктери

2024–2025-окуу жылында ЭБЖМде иш берүүчүлөр тарабынан ыйгарылган атындагы стипендиялардын лауреаттары

I Эл аралык студенттик статистика фестивалы жана Эл аралык студенттик статистика боюнча олимпиада

ЭЖМБнын "ЭИБ" кафедрасынын студенттери Алишеров Белек (ЭИБ(б)-1-21 тобу) жана Новосельцева Вера (ЭКО(б)-2-20 тобу) «Статистикалык куралдарды сабаттуу колдонгондугу» номинациясынын жеңүүчүлөрү болушту.

Учурдагы жылдын 15-19-майында Москва шаарында КМШнын Мамлекетаралык статистика комитети тарабынан уюштурулган Эл аралык студенттик статистика фестивалы жана статистика боюнча олимпиада өттү. Ага КМТУнун ЭЖМБнын "ЭИБ" кафедрасынын студенттери: Алишеров Белек (ЭИБ(б)-1-21 тобу) жана Новосельцева Вера (ЭКО(б)-2-20 тобу) катышты. Жалпысынан иш-чараларга 7 өлкөдөн 12 команда катышты.

И.Раззаков атындагы КМТУнун ЭЖМБнын студенттери олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жакшы натыйжаларды көрсөтүштү. Олимпиада команданын жана өлкөнүн чыгармачылык менен тааныштырылышын, «Студенттердин көзү менен статистика күзгүсүндөгү өлкө» деген темада командалык изилдөө тапшырмаларын аткарууну, команда мүчөлөрүнүн жеке тестирлөөдөн өтүүсүн камтыды. Сыноолордун жыйынтыгы боюнча биздин студенттер «Статистикалык куралдарды сабаттуу колдонгондугу» номинациясында жеңүүчү болушту.

Студенттерибизди жеңиши менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!!!

"Маркетинг" боюнча ЖОЖдор аралык студенттик Олимпиада

"ЭБМ" кафедрасынын студенттери 2-орунду ээлешти

2023-жылдын 26-апрелинде Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын аянтчасында Маркетинг боюнча ЖОЖдор аралык студенттик Олимпиада өттү. Олимпиаданын максаты – студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, билимдерин практикада колдоно билүү болуп саналат. Олимпиадага Кыргызстандын ЖОЖдорунан 9 команда катышты.

Олимпиада модулдук принцип боюнча уюштурулган. Ар бир модуль үчүн командалар үй шартында презентацияларды даярдашкан. Модулдарды коргоо конкурстук аянтчада төмөнкү тартипте өткөрүлдү:

1-модуль. Команданын тааныштырылышы (презентациясы)

2-модуль. «Алтын Арашан ресторанынын потенциалдуу кардарларынын портретин түзүү үчүн керектөөчүлөрдүн артыкчылыктарын талдоо» маркетингдик изилдөөсүнүн жыйынтыктарынын презентациясы

3-модуль. «Алтын Арашан ресторанынын коммуникациялык саясатын калыптандыруу» презентациясы

КМТУну «Маркетинг» багытынын студенттеринен турган команда көрсөттү. Аларды «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасынын башчысы М.О. Омурбекова даярдаган. Команданын беш кыз-студенттери олимпиадалык тапшырмаларды мыкты аткарышып, курөшүүдө 2-орунду ээлешти.

III Республикалык ЖОЖдор аралык студенттик Менеджмент боюнча Олимпиада, профессор К. О. Орозбаевдин элесине арналган!

Oлимпиаданын максаты – таланттуу студенттерди аныктоо, менеджмент жаатында квалификациялуу адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, таланттуу студенттерди издөө жана алардын чыгармачылык өсүшү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Благодарственные письма

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар