АДИнин директору , доцент
Билими: жогорку, 1. С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрɵтчүлүк окуу жайы. (1980-84-ж.), 2. Кыргыз архитектура курулуш институту (1986-1993-ж.)
Окумуштуу даражасы/ башка илимий жана кесиптик наамдар: доцент; КР билим берүүсүнүн отличниги; Кыргыз Республикасынын ардактуу архитектору; Кыргыз Республикасынын Архитекторлор Союзунун мүчөсү; Кыргызстандагы «ICOMOS» коомунун мүчөсү; Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агенттигинин жана «БИЛИМ-СТАНДАРТ» Көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин экспертик комиссиясынын мүчѳсү; И. Раззаков атындагы КМТУнин Илимий Кеңешинин мүчѳсү; И. Раззаков атындагы КМТУнин Архитектура жана Дизайн Иститунун Илимий Кеңешинин мүчѳсү.
Сыйлыктар жана ыйгарылган премиялар:
Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюзудук кыймылынын «Ыраазычылык каты». Жогорку окуу жайларынын студенттерин тарбиялоодо эмгек синиргендиги жана жогорку квалификациялуу кадырларды даярдоого кошкон салымы үчүн (2004 ж.)
Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюзудук кыймылынын Мыктысы. Тѳш белгиси. Архитектура жана курулуш тармагында кесипкѳй кадрларды тарбиялоого жана даярдоого кошкон зор салымы үчүн (2007 ж.)
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы». Кѳп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, жаш муундарды окутууда, тарбиялоодо жана педагогикалык ишмердүүлүктѳгү ийгиликтери үчүн (2009 ж.)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ыраазычылык каты». Апрель баатырларынын жаркын элесин түбѳлүккѳ калтыруу максатында уюштурулган сынакта мемориалдык долбоордун мыкты эскизин иштеп чыгкан үчүн. (2010 ж.)
«Кыргыз Республикасынын билим берүү Мыктысы». Тѳш белгиси. Жогорку окуу жайларынын студенттерин тарбиялоодо олүттүү эмгек синиргендиги, университетте кѳп жылдык ак ниеттүү эмгеги жана жогорку квалификациялуу кадырларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн. (2013 ж.)
Сертификат. Евразиянын архитектуралык, курулуш жана дизайн мектептеринин IV- Эл аралык фестивалына катышкандыгы үчүн (2014 ж.)
Сертификат. Евразиянын архитектуралык, курулуш жана дизайн мектептеринин V- Эл аралык фестивалына катышкандыгы үчүн (2015 ж.)
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы». Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин Vсъездин уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ активдүү катышкандыгы үчүн. (2015 ж.)
Ыраазычылык кат. «New Bishkek» шаардык долбоорлордун көргөзмө-сынагына катышкандыгы үчүн (2016 ж.)
Кыргыз Республикасынын Архитекторлор Союзунун Диплому. Архитектуралык билим берүүнү ѳнүктүрүүгѳ кошкон зор салымы үчүн (2017 ж.)
Сертификат. Евразиянын архитектуралык, курулуш жана дизайн мектептеринин VII - Эл аралык фестивалына катышкандыгы үчүн (2017 ж.)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Архитектура жана Курулуш агенттигинин Ардак грамотасы. Кыргыз Республикасынын архитектурасын өнүктүрүүгө жана жаш муундарды окутууда, тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн. (2018 ж.)
Кыргыз Республикасынын Архитекторлор Союзунун «Алтын диплому». Архитектуралык кадрларды даярдоодо кѳп жылдык ак ниет эмгеги үчүн (2018 ж.)
Архитекторлор союздарынын эл аралык ассоциациясынын Диплому. Кыргыз Республикасынын архитектурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана КМШ өлкөлөрүндө жана Сербияда архитектуралык долбоорлордун жана имараттардын кароо-сынагын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн (2019 ж.)
- «Кыргыз Республикасынын Ардактуу архитектору»Тѳш белгиси. Кыргыз Республикасынын архитектурасын жана курулушун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн (2020 ж.)
"Архдиалог" байланыш агенттигинин Диплому Ыраазычылык кат. «Дизайн перспектива» -2021 Жаш дизайнерлердин Эл аралык конкурсу. Калыстар тобунун мүчөсү. Москва ш. - Россия 2021ж.
"Архдиалог"байланыш агенттигинин Ыраазычылык кат. «Дизайн перспектива» -2022 Жаш дизайнерлердин Эл аралык конкурсу. Калыстар тобунун мүчөсү (2022 ж.)
Сертификат. «Дизайн» кафедрасынын окутуучуларынын Тоолор жылына арналган Илим күндѳрүнѳ карата ачылган кѳргѳзмѳсү (2022 ж.)
Ыраазычылык кат. КМТУнун “Студенттерди тейлѳѳ борборунун” долбооруна кошкон салымы үчүн (2023 ж.)
Сертификат. Выставка творческих работ посвященная юбилею Ч.Т. Айтматова (2023 ж.)
Биринчи Евразия архитектура, урбанистика жана дизайн симпозиуму. Атайын сыйлыгы Ыраазычылык кат. “ESAUD-2023” Номинация: Чыгармачылык иш темасы: "Мезгил ааламы" (2023 ж.)
Кыргыз Республикасынын Архитекторлор Союзунун Ардак грамотасы. Кыргыз Республикасынын Архитектуралык кадрларды даярдоодо кѳп жылдык ак ниет эмгеги үчүн (2024 ж.)
- Сертификат. "Жибек Жолунун дизайнерлери"долбоорунун алкагында кызматташуу келишимин түзүүгө жана семинарды ачууга арналган көргөзмө (2024 ж.)
Сертификат. Улуттук форум: “Чыгармачыл горизонтор: мода, туризм жана графикалык дизайн” (2024 ж.)
Сертификат. Эл аралык виртуалдуу сессия “Архитектура и дизайн: от традиции к новаторству” (2024 ж.)

