Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Табигый-техникалык илимдер боюнча мектеп окуучуларынын IV Улуттук олимпиадасы (Физика)


Физика боюнча уллутук республикалык олимпиаданын 2-этабы 2023

Кымбаттуу Улуттук олимпиаданын IV турунун катышуучулары!

 И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 3-4-апрель күндөрү физика боюнча Улуттук олимпиаданын 4-туру өтөт. Олимпиаданын 1-күнү, 3-апрелде эксперименталдык тур болот. Эксперименттик тапшырманы аткарууга 3 саат убакыт бөлүнөт. Катышуучулардын саны 31, анын ичинен 15 катышуучу 09:00-12:00 чейин эксперименталдык тапшырманы аткарат. Катышуучуларды каттоо 08:30, 1/458 аудиторияда болот.

16 адамдан турган экинчи топ 13:00-16:00 чейин тапшырманы аткарат. Каттоо 12-30  да 1/458 аудиторияда болот.

Экинчи күн - теориялык тур, башталышы 09:00-13:00, каттоо 08:30 1/452 аудиторияда өтөт.

 Катышуучулар өзү менен окуган жеринен справка, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, көк сыя менен калем, карандаш жана инженердик калькулятор алып келүү керек.

Дареги: Бишкек ш., Ч.Айтматов пр.66, КМТУ. И.Раззакова. Теменде биринчи жана экинчи группалардын катышуучуларынын толук аты-жөнү келтирилген.

Ссылка төмөнкү жакта