ТЫНЧТЫК ЖАНА ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМ КҮНҮ

2025-жылдын 13-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун колдоосу менен «ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАРДЫН АСМАН ТООЛОРУ – 2050» аттуу Эл аралык форум болуп өттү.

Программа алкагында «КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖАҢЫ ОРИЕНТИРЛЕРИ — ЭЛДИН ЖАШОО САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ВЕКТОРЛОРУ» аттуу форсайт-сессия өттү.

ОРГАНИЗАТОРЛОР:
    •    И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КР)
    •    Кыргызстан элинин Ассамблеясы (КР)
    •    Стратегиялык талдоо жана божомолдоо институту (КР)
    •    Дүйнө элдеринин Ассамблеясы

Колдоосу менен (макулдашуу боюнча):
    •    Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту
    •    Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
    •    М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы Экономика илим-изилдөө институту
    •    «Европа–Азия изилдөөлөр борбору» АНО (РФ)
    •    Эл аралык корпоративдик башкаруу академиясы (Самара ш.)
    •    Коомдук бирикме “Билим жана илим менеджерлеринин ассоциациясы” (РФ)
    •    КР ЖОЖдору:
– К.Карасаев атындагы БГУ,
– Ж.Баласагын атындагы КНУ,
– И.Раззаков атындагы КМТУ,
– М.Рыскулбеков атындагы КЭУ,
– К.И. Скрябин атындагы КНАУ,
– КР Президентинин алдындагы АГУ.

Максат:
Кыргыз Республикасынын аймагында, өлкөнүн өнүгүү стратегиясынын алкагында, илим, билим берүү, бизнес, жарандык коом институттары жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн турган эл аралык эксперттик аянтча түзүү; Кыргызстан мисалында салттуу баалуулуктарга таянуу менен адамзаттын келечек образын жана Чоң Евразия элдеринин жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иштердин негизги векторлору боюнча иш-чаралар планын талкуулоо.

Талкууланган суроолор:

I. Руханий-гуманитардык өлчөм
– Тынчтыктын жана ынтымактын негизи катары руханийлик жана маданият.
– Цивилизациялардын өнүгүшүндөгү илим менен билим берүүнүн ролу.

II. Экономика жана инновациялар
– Индустриализация жана технологиялык жаңылануу.
– Кыргызстан регионалдык логистикалык жана транзиттик хаб катары.
– Жашыл энергетиканы кеңейтүү.

III. Экология жана туруктуулук
– Айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү.
– Калктын азык-түлүк сапаты жана ден соолугунун жогорку деңгээли.

IV. Мамлекеттик башкаруу жана келечек
– Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү.
– Цивилизациялардын ноосфералык жана космопланетардык өнүгүүсү.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар