Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Инженердик жана компьютердик чийүү кафедранын тарыхы


“Инженердик жана компьютердик чийүү” кафедрасы 1954-жылы уюштурулган. Кафедра уюштурулган жылы 4 мугалим иштеген. Уюштурууга жана өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошкон кафедра башчылары: Чукубаев А.А., Акерман З.М., т.и.к., доц. Тарнопольский И.Р.

1970-жылы кафедрада "Ала-Тоо-5-P" аттуу машина жасалган, ал студенттерге чийүүнү окутуу жана билимин текшерүү үчүн колдонулган. Ал эл аралык көргөзмөлөргө катышып, бир нече медалдар жана грамоталар менен сыйланган.

1970-жылы кафедранын доценти О.Д. Даникеевдин «Сызма геометрия» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китеби жарык көргөн.

1979-жылы адистештирилген телеаудитория түзүлүп, СССРдин ВДНХнын күмүш медалы жана диплому менен сыйланган.

Кафедрада «Сызма геометрия жана инженердик чийүү», “Инженердик жана компьютердик чийүү” сабактарын окутат. Аудиториялар плакаттар, макеттер жана көргөзмө куралдар менен жабдылган. Студенттер AutoCAD, SolidWorks ж.б.у.с. программаларда иштөө үчүн эки компьютердик класс бар. Бардык методикалык көрсөтмөлөр жана окуу куралдары кыргыз жана орус тилдеринде жазылган.

1980-жылдан 1992-жылга чейин кафедраны п.и.к., доц. Касьянов А.П. жана т.и.к., доц. Мамбеталиев Т.С. башкарган.

1992-жылдан баштап “Инженердик жана компьютердик чийүү” кафедрасын т.и.к.,проф. Джумакадыров Ш.Дж. жетектеп келет.