Талайбеков Аман Талайбекович

Кафедранын лабораториясынын башчысы

                                                                                                                                                                                                                                       

            Талайбеков Аман Талайбекович — машина куруу жана инженердик технологиялар тармагындагы адис. Өндүрүштө, илимий изилдөөлөрдө жана инженердик иштеп чыгууларда тажрыйбасы бар.

2013-жылы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжин «Транспортту уюштуруу жана автотранспортту башкаруу» адистиги боюнча бүтүрүп, техник квалификациясын алган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө (№20636 аскер бөлүгү, Кургактагы аскерлер) аскер кызматын өтөгөн.

2013–2020-жылдары Россия Федерациясындагы Томск политехникалык университети жогорку окуу жайында билим алган. Бакалавр жана магистр даражаларын «Машина куруу» багыты боюнча аяктаган.

Окуу мезгилинде Россиядагы өндүрүш ишканаларында практика өтөгөн: 2014-жылы ТЕХНОНИКОЛЬ компаниясында, 2016-жылы КАМАЗ ишканасында.

Эмгек жолун Юрга машина куруу заводу ишканасында баштап, 2015–2018-жылдары инженер-технолог жана №6 цехтин башчысы болуп иштеген.

2020–2022-жылдары Томск политехникалык университети инженер болуп иштеген.

2022–2023-жылдары Россия Илимдер академиясынын Сибир бөлүмүнүн А.В. Ржанова атындагы Жарым өткөргүчтөр физикасы институтунда инженер болуп иштеген.

Азыркы учурда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети инженердик жана компьютердик графика кафедрасында лаборатория башчысы болуп иштейт.

Илимий жетишкендиктери үчүн жаш окумуштуулардын Бүткүл россиялык конференцияларында I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланган.

Настольный теннис жана шахмат боюнча спорттук жетишкендиктери бар, жеке жана командалык мелдештерде байгелүү орундарды алган.

AutoCAD, KOMPAS-3D, SolidWorks жана Siemens NX CAD программаларын билет.


Телефон: 545156

Кабинет: 1-имарат, 1/224-кабинет

e-mail: taalaibekov.aman@inbox.ru

Моб. тел.: +996505288872

Гр.работы: 10:00 дөн 17:00 гө чейин

Стаж работы: 6 жыл

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар