Профиль «Каржы жана насыя» Багыты 580100 «Экономика»
И.Раззаков атн. КМТУ
Жогорку мектептер
Экономика жана бизнестин жогорку мектеби
Бухгалтерский учет, анализ и аудит
Багыттары жана профилдери / программалары
Профиль «Каржы жана насыя» Багыты 580100 «Экономика»
Профиль «Каржы жана насыя» Багыты 580100 «Экономика»
«Экономика» багыты боюнча «Каржы жана насыя (курулушта)» профилинин негизги билим берүү программасы (НБП) эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү стандартынын (МБС) негизинде иштелип чыгып, университет тарабынан бекитилген документтердин тутумун камтыйт. НБП билим берүү процессинин максаттарын, күтүлгөн натыйжаларын, мазмунун, шарттарын жана технологияларын, бүтүрүүчүнүн даярдык сапатын баалоону жөнгө салат. Программа окуу планын, календардык окуу графигин, дисциплиналардын (модулдардын) окуу-методикалык комплекстерин, практика программаларын жана башка сапаттуу даярдоону камсыздоочу материалдарды, ошондой эле билим сапатын баалоо үчүн методикалык материалдарды камтыйт.
«Каржы жана насыя» профили боюнча бакалаврларды даярдоо программасынын негизги максаты – экономика, каржы, бухгалтердик эсеп, көзөмөл-финансылык, насыялык, инвестициялык, эсеп-талдоо, маркетинг жана өндүрүш-экономикалык тармактарда, насыя жана камсыздандыруу кызматтарында ар кандай тармактарда жана менчик түрүндө иштей турган жогорку квалификациялуу жетекчи жана башкаруучу кадрларды даярдоо үчүн МБС талаптарын ишке ашырууну документалдык жана методикалык жактан камсыз кылуу. Программа бүтүрүүчүлөргө экономиканын жана технологиялардын заманбап шарттарына ыңгайлашуу, кесиптик чөйрөдөгү жанаша тармактарды өздөштүрүү, квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн берет, ошондой эле жалпы маданий, жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларды калыптандырууга багытталган.
«Каржы жана насыя» багыты боюнча иштей турган кесиптер:
каржылык директор же аналитик;
салык кызматынын адиси;
бухгалтер;
пландоо бөлүмүнүн кызматкери;
аудит адиси;
банк адиси;
контроллинг кызматынын жетекчиси;
инвестициялык компанияларда;
коммерциялык бөлүмдөрдө;
экономиканын ар кандай секторлорундагы ишканалардын кызматтарында;
мамлекеттик органдарда;
салык кызматтарында;
- КР Финансы жана Экономика министрликтеринде ж.б.
И.Раззаков атн. КМТУ Жогорку мектептер Экономика жана бизнестин жогорку мектеби Бухгалтерский учет, анализ и аудит Багыттары жана профилдери / программалары Профиль «Каржы жана насыя» Багыты 580100 «Экономика»