Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Багыты 580100 "Экономика" МП Каржы жана насыя


Багыты 580100 "Экономика" МП Каржы жана насыя

МП Каржы жана насыя

Магистрдик билим берүү программасы жөнүндө кыскача маалымат

Бул программа экономикадагы эң чоң жана капиталды көп талап кылган чыныгы секторду башкаруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат, жана анын актуалдуулугу эч качан жоголбойт. Адамдарга дайыма турак жай керек, бизнеске аянтчалар керек, ал эми экономикага өнүгүү жана өсүү зарыл. Жетекчилер материалдык, каржылык жана эмгек ресурстарын башкаруу көндүмдөрүнө ээ болушу керек. Бул программанын алкагында магистранттар ишканаларды жана долбоорлорду башкаруу, өндүрүштүк тапшырмаларды ар кандай деңгээлде коюп жана чечүү, альтернатива издөө жана компромисске жетишүү, инновацияларды ишке киргизүү жана келечекти көрүү көндүмдөрүн алышат.

Салттуу окутуу методдорунун ишканалардын каржысын башкаруу жаатындагы илимий изилдөөлөр менен айкалышы магистранттарга ишке орношуу жана динамикалуу карьералык өсүү кепилдигин берген билимди алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эл аралык кызматташтык Россия, Кытай, Европа университеттери менен эки тараптуу келишимдер жана илимий-билим берүү долбоорлору аркылуу жүргүзүлөт. Магистранттар үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Магистрдик билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрү алдыңкы коммерциялык уюмдарда, коммерциялык банктарда, камсыздандыруу уюмдарында, салык жана бажы кызматтарында, региондук жана муниципалдык мамлекеттик органдарда өз профили боюнча иш орундарында жумушка орношо алышат.