Жаңылык
20-ноябрдан 21-ноябрга чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун «Кадрлар индустриясы» жеңил өнөр жай окуу борборунда «Тигүүчү –оператору» кыска мөөнөттүү курсуна тренерлерди даярдоо боюнча окуу болуп өттү.
Тренинг Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Хелветас Свисс Интеркооперейшн тарабынан ишке ашырылып жаткан “CHEBER: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.
Курстун катышуучулары тигүүчү операторлорду окутуу методологиясын, универсалдуу жана адистештирилген тигүүчү машиналар жана автоматтык машиналар менен иштөөнү жана Baziko ЖЧКсынын өндүрүш шарттарында түздөн-түз практикалык окутууну уюштурууну үйрөнүштү.
Окуу аяктагандан кийин бардык катышуучулар CHEBER долбоорунун сертификаттарын алышты.
Биз CHEBER долбооруна жана анын өнөктөштөрүнө Кыргызстандын жеңил өнөр жайындагы кесипкөй кадрларды өнүктүрүүнү колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз!

