Байгазиев Мирбек Сагымбаевич
Техника илимдеринин кандидаты, И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институтуна карашту К. Курманалиев атындагы “Полиграфия” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу
Билими:
- 2003-2008 жж. И. Раззаков атындагы КМТУнун инженер квалификациясын алуу менен бирге "Стандартташтыруу жана тастыктоо" адистигин алган.
Илимий-изилдөөсү:
“Төөбуурчакты жыйноочу машинанын данбасуучу жана ылгоочу механизмдеринин негиздөөлөрүнүн өлчөмүн мүнөздөө жана түзүү”(https://vak.kg/reestr_tem/bajgaziev-mirbek-sagymbaevich/)
05.02.18 – «Теория механизмов и машин» (https://vak.kg/nomenklatura/)
Илимий жетекчиси: т.и.д., проф. Алмаматов М.З.
Илимий-изилдөө иштери:
- “Динамикалык чакан таш майдалоочу машинаны иштеп чыгуу жана түзүү”, ээлеген кызматы: Илимий кызматкер 2010 ж.
- “Динамикалык чакан таш майдалоочу машинаны иштеп чыгуу жана түзүү”, ээлеген кызматы: Илимий кызматкер 2011 ж.
- “Өзгөрмө түзүлүштүү механизминин кулисалык механизмди материалды үнөмдөөчү пресс конструкциялары”, ээлеген кызматы: Лаборант, 2012 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машинанын конструкциясын иштеп чыгуу жана түзүү", ээлеген кызматы: Улук лаборант, 2014 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машинанын конструкциясын иштеп чыгуу жана түзүү", ээлеген кызматы: Улук лаборант, 2015 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машиналардын конструкциясын жана механизмдерин иштеп чыгуу", ээлеген кызматы: Илимий кызматкер, 2015 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машинанын конструкциясын иштеп чыгуу жана түзүү", ээлеген кызматы: Улук лаборант, 2016 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машиналардын конструкциясын жана механизмдерин иштеп чыгуу", ээлеген кызматы: Илимий кызматкер, 2016 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машинанын конструкциясын иштеп чыгуу жана түзүү", ээлеген кызматы: Улук лаборант, 2017 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машинанын (УАМ универсалдуу айыл чарба машинасы) базасында жүгөрүнүн данын сотосунан ажыратуу жана тоют алуу үчүн чөптү майдалоо боюнча механизмдердин конструкциясын иштеп чыгуу”, ээлеген кызматы: Улук лаборант, 2017 ж.
- "Төө буурчак жыйноочу машинанын (УАМ универсалдуу айыл чарба машинасы) базасында жүгөрүнүн данын сотосунан ажыратуу жана тоют алуу үчүн чөптү майдалоо боюнча механизмдердин конструкциясын иштеп чыгуу”, ээлеген кызматы: Улук лаборант, 2018 ж.
- "Кыргыз Республикасында интеллектуалдык унаалардын системаларын калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн илимий – практикалык негиздерин иштеп чыгуу", ээлеген кызматы: Улук илимий кызматкер, 2019 ж.
- "Төө буурчактын түшүмүн жыйноо үчүн чакан механизациялоочу айыл чарба машинасын изилдөө, иштеп чыгуу жана ишке киргизүү", ээлеген кызматы: Жетектөөчү адис, 2019 ж.
- "Төө буурчактын түшүмүн жыйноо үчүн чакан механизациялоочу айыл чарба машинасын изилдөө, иштеп чыгуу жана ишке киргизүү", ээлеген кызматы: Жетектөөчү адис, 2020 ж.
Сыйлыктары жана Ардак грамотасы:
- 2014-ж. – "Роза Отунбаева демилгеси" фондунун II эл аралык Билим берүү майрамына коомдук ишине жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган.
- 2014-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун "Мугалимдер күнү" жана "Университеттин күнү" майрамдоонун урматына карата жаштарды тарбиялоо ишинде чоң салым кошкондугу үчүн, жана университеттин жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган.
- 2015-ж. – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновацилык ардак грамотасы менен сыйланган.
- 2016-ж. – "Акыл Тирек" сыйлыгынын жеңүүчүсү. Ал изилдөөлөр прогрессивдүү идеялар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары арасында IV эл аралык "Акыл Тирек" конкурсуна катышып, жеңүүчү аталган.
- 2016-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун мыкты окутуучусу номинациясында жеңүүчү болуп, грамота менен сыйланган.
- 2017-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун ардак грамотасы менен сыйланган.
- 2019-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун билим берүү, эл аралык ишкердик жолугушууларды уюштурууну жана университеттин 65-жылдык маарекесине чоң салым кошкондугу үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган.
- 2020 ж. – Жаштардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин "санарип доорундагы илим, техника жана инженердик билим берүү: идеялар жана чечимдер" аттуу 62-чи эл аралык тармактык илимий-техникалык конференциясын уюштурууга жана өткөрүүгө жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган. И. Раззаков атындагы КМТУ.
- 2020 г. – Университеттин илимий жашоосуна активдүү катышкандыгы, ак ниет эмгеги, эмгек ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктер үчүн ыраазычылык кат университеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн.
- 2020 г. – Ыраазычылык кат. Кыргыз республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамалекеттик агентигигинин (Кыргызпатент) «Келечек жаратманы» жогорку класстын окуучулары үчүн II республикалык олимпиаданын өтүшүнө жана катышуучулардын техникалык-чыгармачылык иштерин талдап, баалоодо, кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
- 2021 г. – Туруктуу өнүгүүнүн Борбордук азия форумунун ишине активдүү катышкандыгы жана жеке салымы үчүн ардак грамота менен сыйланган.
- 2022 г. – Ыраазычылык кат. Кыргыз республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамалекеттик агентигигинин (Кыргызпатент) «Келечек жаратманы» жогорку класстын окуучулары үчүн III республикалык олимпиаданын өтүшүнө жана катышуучулардын техникалык-чыгармачылык иштерин талдап, баалоодо, кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Кесиптик тажрыйбасы:
- 2008-2018 жж. – Улуттук илимдер академиясына караштуу Машина таануу институтунда "Динамикалык сокку системдер" лабораториясында улук лаборант, андан кийин ушул эле лабораторияда инженер болуп эмгек жолун баштаган.
- 2009-2014 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун "Метрология жана стандартташтыруу" кафедрасында окутуучулук кызматты айкалыштырып иштеп келген.
- 2014-2016 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун “Унаа жана машина куруу” факультетинин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары болуп эмгектенген.
- 2014-2018 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун "Метрология жана стандартташтыруу" кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенген.
- 2018-2019 жж. – И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институнда улук окутуучу жана доцент кызматында иштеген.
- 2018-2020 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун "Метрология жана стандартташтыруу" кафедрасынын доценти.
- 2019-2022 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун “Жаш окумуштуулар жана адистер” кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
2020 ж. И.Раззаков атындагы КМТУнун сентябрнан тартып К. Курманалиев атындагы «Полиграфия», кафедрасынын доценти болуп ушул күнгө чейин иштеп келүүдө. Минбарында илимий иштер боюнча жооптуу.
Илимий-изилдөө иштери:
- “Механизмдер жана машиналардын теориясы” жана “Машинаны конструкциялоо” илимий долбоорлордун катышуучусу. 30 дан ашык жарыяланган илимий эмгектери, анын ичинде РИНЦ илимий басылмаларын индекстөө базасына кирген эл аралык журналдарда 4 макаласы жана КР НАК сунуш кылган басылмалардын тизмесине кирген 10 дон ашык макаласы бар, КР 4 патенти алынган.
Илимметриялык маалымат базаларындагы багыттар:
- Google Scholar: Mirbek Baigaziev;
- ORCID: https://orcid.org/0000-0001-7930-8611;
- РИНЦ: SPIN-код автора: 4697-2310;
- ResearcherID: Mirbek Baigaziev.