Алыбаева Гулай Джуманазаровна
Адис
Кызматтык милдеттери:
- университеттин кызматтары, деканаттары, институтары жана кафедраларынын окуу маселелери боюнча окумуштуулар кеңешинин, ректораттын чечимдери, жогорку уюмдардын көрсөтмөлөрү, нускамалары, директивалары, буйрутмалары менен буйруктарынын аткарылышынын уюштуруп, көзөмөлдөйт;
- “Кыргызстандын тарыхы” боюнча мамлекеттик аттестацияны, адистиктер, багыттар боюнча мамлекеттик сынактарды жана бүтүрүүчүлөрдүн дасык иштерин (ДД, БДИ, МД) жактоону уюштуруп, өткөрөт;
- бүтүрүүчү кафедралардан МАКтын курамы боюнча билдирүүлөрдү чогултат;
- университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (филиалдарды кошуу менен) МАКтын курамы боюнча сунуштарын КР ББИМге макулдашууга жиберет;
- КР ББИМде бекитилгенден кийин университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (филиалдарды кошуу менен) МАКтын курамы боюнча буйруктарды даярдайт;
- Окуу процессинин графигине ылайык МАКтын иштөө графигин түзүп, бекитүүгө берет;
- МАКтын ишин уюштуруу жана өткөрүү боюнча керектүү документтерди даярдайт;
- дипломдук долбоорлордун жана дасыктык иштердин темаларын бүтүрүүчү кафедралар тарабынан бекитүүгө өз учурунда берилишин көзөмөлдөйт;
- факультеттерде өткөрүлүүчү академиялык карыздарды жоюу боюнча уюштуруу иштерине катышат;
- кышкы жана жайкы сынактык сессияларын өткөрүүнү көзөмөлдөп, сынактык сессиялардын жыйынтыктарын чыгарат;
- бүтүрүүчүлөрдүн дасык иштерин (ДД, БДИ, МД) жактоо жыйынтыктары боюнча кафедралардын МАК отчетторун чогултуп, университет боюнча жалпы МАКтын иши жөнүндө отчет түзөт;
- университеттин бардык факультеттерине, институттарына жана кафедраларына окуу процессинде керектелүүчү документтердин бланктары менен камсыздайт;
- окуу процессин уюштуруу боюнча деканат жана кафедраларга консультациялык иштерди жүргүзөт;
- окуу бөлүмүнүн материалдык жоопкери катары бөлүмдөгү материалдык байлыктар боюнча иш жүргүзүп, бухгалтердик ар түрдү документтерди түзөт;
- иш кагаздарын жүргүзүү жана башка текшерүүлөр боюнча факультеттерин жана институттарын текшерүү комиссияларына катышат;
окуу бөлүмүнүн башчысына окуу иши жөнүндө жана башка статистикалык маалыматтарды берүүнү өз учурунда камсыздайт.