Шапошникова Оксана Евгеньевна
Башкы адис
Кызматтык милдеттери:
- жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана окутуунун бардык формалары боюнча үлгүлүү окуу пландарын (ҮОП) иштеп чыгууга жана бекитүүгө катышып, көзөмөлдөйт;
- окутуунун бардык формалары боюнча базалык окуу пландарын (БОП) иштеп чыгып бекитүүгө жана алардын бекитилген үлгүлүү окуу пландарына (бакалавр үчүн) дал келишин көзөмөлдөйт;
- жаңы багыттар жана адистиктер боюнча ҮОП, БОП, ЖОПторду иштелип чыгышы менен бекитилишин көзөмөлдөйт;
- окутуунун бардык формалары боюнча жаңы окуу жылына жумушчу окуу пландарын жана семестрдик пландарды киргизүү менен иштелип чыгышы жана бекитилишин көзөмөлдөйт, ошондой эле мурда бекитилген окуу дисциплиналарын унификациялоо боюнча түзөтүүлөрдү жүргүзөт;
- университетте окуу процессинин бирдиктүү башкаруунун автоматташтырылган системин (БАС) түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- окуу жүктөмүнүн көлөмүн эсептөө үчүн лекциялык агымдарды түзөт;
- жаңы окуу жылына окуу топторун курамын жана даярдоо багыттарынын планын түзөт;
- бардык окуу түзүмдүк бөлүмдөр жана окутуунун формалары боюнча жаңы окуу жылына окуу процессинин графигин түзүп, бекитилген графикти бардык окуу түзүмдүк бөлүмдөргө таратат.
- университеттин окумуштуулар кеңешинде бекитүү үчүн окуу пландарына жана окуу процессинин графиктерине өзгөртүүлөрдү киргизет;
- окуу процессин камсыздоочу жана жөнгө салуучу буйруктарды, нускамаларды, көрсөтмөлөрдү даярдайт;
- окуу бөлүмүнүн башчысына окуу иши жөнүндө жана башка статистикалык маалыматтарды берүүнү өз учурунда камсыздайт.