Тапшыруу шарттары, байланыш
И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети (КМТУ) - Кыргызстанда инженердик-техникалык билим берүүнүн флагманы болуп саналат. Университет биздин Республика жана коңшу өлкөлөр үчүн ар тармактагы жогорку деңгээлдеги адистерди даярдайт.
Бүгүн КМТУда узак мөөнөттөгү шериктештик келишимдер түзүлүп, эл аралык байланыштар кеңейип, көп баскычтуу жаңы ыкмаларды колдонуу менен бакалавр жана магистрлерди даярдоо иши жүзөгө ашырылууда.
Биз Оруссиянын Москвадагы Мамлекеттик энергетикалык институту, Бауман атындагы техникалык университети жана Балтикадагы «ВОЕНМЕХ» мамлекеттик техникалык университети сыяктуу алдыңкы университеттер менен кызматташуудабыз.
2004-жылы Берлиндеги техникалык-колдонмо илимдер университетинин менен биргеликте Кыргыз-Герман техникалык институту ачылган.
КМТУ – бул:
- Архитектура жана дизайн инстиутуту
- Н.Исанов атн. Кыргыз инженердик-курулуш институту
- Экономика жана бизнес жогорку мектеби
- Эл аралык логистика жогорку мектеби
- Кыргыз тоо-кен металлургиялык институту
- Унаа жана машина куруу институту
- Энергетика институту
- Технология институту
- Маалыматтык технологиялар институту
- Кыргыз-Герман техникалык институту
- Электроника жана телекоммуникация институту
- И. Раззаков атындагы КМТУнун политехникалык колледжи
- Н.Исанов атн. КМТУнун колледжи
- И. Раззаков атындагы КМТУнун лицейи
- И. Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалы
- И. Раззаков атындагы КМТУнун Токмок шаарындагы филиалы
- И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалы
- И. Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалы
Окутуу бюджеттин жана келишимдин негизинде, орус жана кыргыз тилдеринде, күндүзгү жана сырттан (аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу менен) жүргүзүлөт.
Сырттан келген студенттер үчүн жатакана берилет.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен студенттер бюджеттик жана келишимдик формадагы окуу бөлүмдөрүнө кабыл алынышат.
КМТУга кирүү үчүн төмөнкүлөрдү даярдоо керек:
1. Билими боюнча тиешелүү документ;
2. ЖРТ сертификаты;
3. Паспорт же абитуриенттин ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
4. Аскерге чакырылуучунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр үчүн);
5. Сүрөт 4 даана (3х4);
6. 086 формасындагы медициналык справка.
Чет элдик жарандар үчүн:
1. Билими боюнча тиешелүү документ;
2. Паспорт же абитуриенттин ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
3. Аскерге чакырылуучунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр үчүн);
4. Сүрөт 4 даана (3х4);
5. №086 Справка.