Жаңылыктар
АДМТ кафедрасы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Лу Бан устаканасы» долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун курамына кирет.
Долбоордун максаты: Кыргыз Республикасында жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу, гидротехникалык курулмалар, энергетика жана машина куруу тармактары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында заманбап окуу борборун түзүү.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы «Лу Бан устаканасы» долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйналышы 2023-жылдын 1-сентябрында № 2 кампуста, 10-309-бөлмөдө болуп өттү.
Күн тартиби:
- Ректордун сөзү.
- И. Раззаков атындагы КМТУнун базасында «Лу Бан устаканасы» долбоордук сунуштамасын презентациялоо.
- «Лу Бан устаканасы» долбоорун ишке ашыруу боюнча Жол картасында каралган иш-чаралар менен таанышуу жана аларды талкуулоо. Долбоордук иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдарды дайындоо.
- Долбоордун алкагында кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырыла турган бакалавриаттын биргелешкен билим берүү программаларын тандоо.
- Өнөр жай ишканаларынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу программаларын алдын ала талкуулоо.
- Окуу борборлорунун жана лабораториялардын жетекчилеринин талапкерлигин көрсөтүү.
- «Лу Бан устаканасынын» лабораторияларын жайгаштыруу үчүн бөлмөлөрдү тандоо жана аларды көрүп чыгуу.
- Лабораториялык жабдуулардын тизмесин жана техникалык мүнөздөмөлөрүн кароо.
- Долбоордун Жол картасында каралган иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүн аныктоо.
- Жыйынтыктоо.

