Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжи


Урматтуу абитуриент!

И. Раззаков атындагы КМТУнун

Политехникалык колледжинине кош келиӊиз!

    Бүгүн сиздин алдыңызда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Көп кесиптин арасынан  бирөөнү тандашыңыз керек. Башкы милдет – ийгиликтүү болууга жол ачуучу кесипти өз шыгыӊызга карай аныктоо!

   И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи – күндүзгү окутуу формасындагы 12 адистик боюнча ортоңку звенодогу квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн бардык зарыл шарттары бар динамикалуу өнүгүп келе жаткан билим берүү мекемеси:

  • Электр станциялары, тармактар жана системалар
  • Гидроэлектроэнергетикалык орнотмолор
  • Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)
  • Электр машиналары жана аппараттары
  • Соодада жана коомдук тамактанууда жабдууларды техникалык эксплуатациялоо
  • Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо
  • Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)
  • Радиоэлектрондук техникаларды техникалык тейлөө жана оңдоо
  • Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө
  • Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы
  • Полиграфиялык өндүрүш
  • Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу

Окуу мөнөөтү:

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай.

     Биздин колледжде студенттер ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон негизги теориялык билимге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушат.

    Жогорку квалификациялуу окутуучулар,  өндүрүштүн тажрыйбалуу адистери студенттерге өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшөт. Өзүнө ишенген, ачык, сөзмөр, аудиториянын алдында сүйлөй алган жана өз алдынча жооптуу чечим кабыл алыш үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул сапаттар жашоодо, эмгек жамаатында, үй-бүлөдө жардам берет.

    Сизди жаркын, унутулгус студенттик жашоо жана жаңы достор күтүп турат!

    Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр кесиптик орто билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат, аны менен катар кеңири дүйнө таанымга, кесиптик чеберчиликке жана өзүнө ишенүүгө ээ болушат.

    Колледждин бүтүрүүчүлөрү өздөрүн төмөнкү чөйрөлөрдө жумуш менен камсыз кылуусун ишке ашыра алышат: электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөгө байланыштуу тармактарда, ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде, чарба тармактарында жана техника объектилерин электр менен жабдуу системаларында; телекоммуникация рыногунда; теле- жана радио берүү жабдууларын тейлөө жана техникалык тейлөө чөйрөсүндө; автоунаа оңдоо жана автотранспорт ишканаларында; товар, маалыматтык жана финансылык агымдарда; IT технологияларда; жеңил өнөр жайында; тамак-аш өнөр жай жана техникалык тейлөө тармактарында; полиграфия жана медиа түзүм жабдууларын техникалык тейлөөдө; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу иштерин жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин уюштуруу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүндө.

    Колледжди аяктагандан кийин биздин бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларда билимдерин улантууга мүмкүнчүлүк алышат. Жалпы республикалык тестирлөөгө колледждин студенттери акысыз даярдалат.

   Колледжге өткөндөн кийин окуучу жаңы окуу жайы жана жаңы жамаатта гана болбостон, жаңы заманбап билим берүү системасы менен таанышат. Колледжде кыска мөөнөтүү билим алууда адистиктин туура тандалганын, келечектеги максатына аӊ-сезимдүү түрдө кадам шилтөө керектигин жана билим алуусун улантуу үчүн жогорку окуу жайды тандай алат.

    Азыркы учурда колледжде окутуу процесси төмөнкүдөй колдонуу менен жүргүзүлөт: заманбап мультимедиялык техникалары менен лицензиялык компьютердик программалар менен жабдылган окуу аудиторияларында; Диалог – 3 мультимедиялык лингафондук кабинеттеринде;  окуу-өндүрүштүк тигүү цехинде (УПШМ); “Энергетик” окуу-лаборатория борборунда; окуу скалодромунда, университеттин тармактык кафедраларынын окуу полигондорунун лабораторияларында; ишканалардын окуу борборлорунун базаларында; “Политех” спорт комплексинде.

    Акысыз интернетти пайдалануу менен студенттер өз алдынча иштерин компьютердик класстарда аткара алышат. Студенттердин окуусун автоматташтырууну AVN маалымат системасы жана билим берүү порталы камсыз кылат.

    Колледжде окуу процессин психологиялык-педагогикалык жактан коштогон кесипкөй психолог иштейт. Студенттер жана ата-энелер үчүн консультация акысыз.

    Колледж университтеттин алдыңкы технологиялуу Илимий-техникалык китепкана фондуна, компьютердик класстарга, бир катар маалыматтык жана китепкана кызматтарына: окуу залы, сурап-билүү-маалымат алуу залы, электрондук документациялык залы, окутуу жана автоматташтыруу бөлүмү,  интернет туташтырылган компьютердик борборго кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Колледждин студенттери зарыл илимий жана окуу адабияттары, анын ичинде электрондук китепкана менен толук камсыздалган.

    Башкы милдет – окуудан тышкары колледжде тынымсыз студенттик жашоо өкүм сүрөт. Анткени студенттик мезгил – жашоонун эң сонун, унутулгус барактарынын бири. Бизде салт болуп калган түрдүү фестивалдар, жыл сайын Билим Декадасы жана Кесиптер Чемпионаты, тематикалык жолугушуулар, мелдештер, жана башка иш-чаралар өткөрүлүп турат. Студенттердин коомдук иштерге жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле чыгармачылык жактан өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн студенттик өз алдынча  башкаруу кеӊеши, алып баруучулар мектеби, “Кара жорго” жана “Ак бийке” бийчилер тобу, “Добуш” комузчулар ансамбли, КВН, айымдар кеңеши, спорт секциялары жана ийримдер иш алып барат. Колледждин студенттери ар түрдүү конкурстарга, спорттук мелдештерге, жаштар форумдарына жана вебинарларга катышышат...

    Мындай иш-чаралардын натыйжасында колледждин бүтүрүүчүлөрү өзгөрүп турган заманбап коомдун социалдык-экономикалык шарттарында, жигердүү жана натыйжалуу ар дайым чыгармачыл иштей алган, атаандаштыкка жөндөмдүү адистер катары саналат.

    Аймактардан келген студенттер санитардык талаптарга ылайык жатакана менен камсыздалат. Жатаканада бардык шарты менен бөлмөлөр; сабак окуй турган бөлмө (компьютердик класс); дипломдук ишти долбоорлоо залы; изолятор; электр плитасы, муздаткыч, кир жуугуч машина, мультиварка, микровалновка, үтүк менен жабдылган, ысык, муздак суусу бар ашкана; өзүнчө дарааткана жана жуунучу душ бөлмөсү бар.

 Жатаканада атайын тарбиячы иштейт жана текшерүү-өткөрүү режими камсыздалат.

 Студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн: видео көзөмөл жүргүзүлөт; өрт коопсуздугунун сигнализациясы орнотулган; электрондук өткөрүү системасы иштейт; күнү-түнү күзөт кызматы кайтарат.

    Колледжге кабыл алуу тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

   Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 1-июлунда башталат.

 

 

   Бардык суроолор боюнча колледждин кабыл алуу комиссиясына төмөнкү байланыш даректери боюнча кайрылса болот:

WhatsApp: 0558 22 11 86, 0702 66 99 34

Эл.почта: tabaldieva@kstu.kg

Биздин колледжден алган билим келечекке туруктуу, татыктуу жана ийгиликтүү кадам болсун!

Жакында сиз биздин колледждин боордош студенттерибиздин бири болуп, сыймыктануу менен: “Мен – И.Раззаков атындагы КМТУнунПолитехникалык колледжинин студенттимин! – деп айтарыңызга биз ишенебиз.

Сизге адистик тандоодо ийгилик каалайбыз жана биздин колледжге кош келиңиз!

КОЛЛЕДЖден жолугушканча!