История кафедры

 

                «Гуманитардык, табигый илимдер  сабактар»

     кафедрасынын кыскача тарыхы

 

        «Гуманитардык, табигый илимдер сабактар» кафедрасы ѳнүгүү тарыхына бай. 1997 –жылы КТУнун ректорунун №3 / 779 приказы менен Токмоктогу күндүзгү факультеттин (ТКФ) алдында «Табигый жана жалпы техникалык сабактар» (ТжЖТС) кафедрасы ачылып, анын алгачкы башчылыгына доцент Тѳлѳгѳнѳв К.Т.дайындалган. Минбар уюшулуп жаткан учурда анын профессор-окутуучулук курамы (ПОК) тѳмѳнкүдѳй болгон:2профессор: Асанбаева Д.А., Джапаров Р.Д., 4 доцент: Тѳлѳгѳнов К.Т., Кудабаев К.К., Айткулов М.А. жана Осмонкулов Д.С., 2ага окутуучу жана 10 окутуучулар. 1999-жылы «ТжЖТС»кафедрасынын курамынан КРнын Инженердик Академиясына мүчѳ – корреспонденттике

проф. Джапаров Р.Д., доценттер Тѳлѳгѳнов К.Т., жана Кудабаев К.К. шайланышкан.

    1999 –жылы «ТжЖТС»кафедрасы экиге бѳлүгѳн: «Фундаменталдык жана табигый –илимдик сабактар»(ФТИС) жана «Жалпы техникалык сабактар»(ЖТС). 2001 жылдан баштап «ФТИС» кафедрасын профессор 

Джапаров Р.Д. жетектеди.  

   Окуу иштерин уюштуруудагы сиӊирген эмгектерин жана илимдеги жетишкендиктерин баалап «ФТИС» кафедрасынын профессор – окутуучулук үч мүчѳнү «КТУнун профессору» деген ардак илимий наам ыйгарылды. Алар Асанбаева Д.А., Тѳлѳгѳнов К.Т. жана Кудабаев К.К. 

2004 жылы «ФТИС» кафедрасынан эки кафедра түзүлдү. «Фундаменталдык сабактар» (ФС) жана «Компьютердик системаларды программа менен камсыздоо» (КСПК). (ФС) кафедрасын проф. Кудабаев К.К. жетектеген. 

2005 жылы 28 июлда «ФС» кафедрасына проф. Асанбаева Д.А. башчы болуп дайындалды. 2007 жылдан бери «ФС» кафедрасы «Табигый жана колдонмо сабактар» (Т ж КС)  деп аталып калды.  Анда 3профессор (Асанбаева Д.А., Джапаров Р.Д., Абдыбалиев Д.А.):  4 доцент 

( Койчуманова Ж.М., Кулжабаев Ж., Сарманбетов М., Суйналиева Г.М.); 

3 улук окутуучулар: ДжанузаковаА.А., Абдыбаев К.Ы., Байбагысова Д.Ж. жана 2 окуу чеберлери (мастерлери): Орозакунова Г.К., Абитова Г.М. эмгектенишет.

      2022 жылдын декабрь айынан баштап «ТжКС» кафедрасы «Гуманитардык табигый илимдер сабактар» жана «Дизайн» кафедраларына бѳлүнгѳн. «ГТИС» кафедрасын 2023 жылы доц. милдеттин аткаруучу Берманова К.Б. жетектейт. «ГТИС» кафедрасынын курамы: профессор

Койчуманова Ж.М., профессор Акунов А.А., доц. милдеттин аткаруучу Джанузакова А.А., улук окутуучу Джумабаева А.А, Кадиева О.А., 

Ибраимова Б.М., Шакеев М.А., Макешов Б.К., Белекова Г.Ш.,  

Институты Высшие школы Колледж/Лицей
Департаменты Отделы Центры
Международным студентам
Центр обслуживания студентов
ЦОС 1-2-3
Территориально обособленные филиалы