Техника илимдеринин доктору, профессор, И. Раззаков ат. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Репутация (QS) жана кызматташтык боюнча координатору.
Билими: Москва инженердик-курулуш институту (МИСИ), азыркы Москва мамлекеттик курулуш университети (МГСУ), 1970-жыл. Адистиги: «Жылуулук-газ менен камсыздоо жана желдетүү», Квалификациясы: инженер-курулушчу.
1971–1973-жылдары Москва инженердик-курулуш институтунун «Жылуулук жана желдетүү» кафедрасында аспирантурада окуган. Илимий жетекчиси – кафедра башчысы, т.и.д., профессор Богословский В.Н., илимий кеңешчиси – т.и.д., профессор Кокорин О.Я.
Илимий даражалары:
Техника илимдеринин кандидаты (1979-ж.), 05.23.03 – жылуулук менен камсыздоо, желдетүү, абаны жагдайло, газ менен камсыздоо жана жарыктандыруу.
Техника илимдеринин доктору (2015-ж.), ошол эле 05.23.03 адистиги боюнча.
Илимий наамдары:
Доцент (1984-ж.), «Жылуулук-газ менен камсыздоо жана желдетүү» адистиги боюнча (СССР Министрлер Кеңешинин ЖАК № 38ц/21 токтому менен).
Профессор (2005-ж.), «Жылуулук-газ менен камсыздоо жана желдетүү» адистиги боюнча (Россия Федерациясынын Жогорку билим берүү боюнча Мамлекеттик комитетинин № 36-п токтому менен).
Мамлекеттик сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (2002-ж.).
Кыргыз Республикасынын элдик билим берүүсүнүн отличниги (1995-ж.).
Билим берүү ишмердүүлүгү: И. Раззаков атындагы КГТУда төмөндөгү үч баскычтуу билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча демилгечи жана иш топтун жетекчиси:
Бакалавриат: «Жылуулук-газ менен камсыздоо, желдетүү жана жашыл технологиялар».
Магистратура: «Кайра жаралуучу энергия булактары жана имараттардын энергия эффективдүүлүгү», «Калктуу конуштардын жана ишканалардын жылуулук-газ менен камсыздалышы».
PhD-докторантура: «Имараттар: энергия эффективдүүлүк, энергия үнөмдөөчү архитектура, климаттын өзгөрүшү». Ошондой эле,
Аспирантура жана докторантура: 05.23.03 – жылуулук менен камсыздоо, желдетүү, абаны кондициялоо, газ менен камсыздоо жана жарыктандыруу.
Илимий-изилдөө иши:
160дан ашуун илимий, илимий-методикалык жана методикалык эмгектер жарыялаган:
2 монография, 4 патент, 2 окуу усулдары;
Германия, Чехословакия, Словения, Израиль, Эстония, Россия, Швейцария, АКШ, Индия жана Сингапурда англис тилинде жарыяланган бир катар макалалар.
Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген макалалары төмөнкүлөрдү камтыйт:
E. Boronbaev, Energy-saving Architecture: Background, Theory and Practice in Kyrgyzstan. Proceedings of 12th Nordic Symposium on Building Physics (NSB 2020), 6-9 September 2020, Tallinn, Estonia. E3S Web of Conferences, 172, 19010 (2020). DOI: https://doi.org/10.1051/e3sconf/202017219010;
Boronbaev, Erkin. Energy Saving Architecture Concept: Buildings with Low Energy Consumption and Emissions in Kyrgyzstan. E3S Web of Conferences, 40526, 2023, 040392023. 15 June 2023. Pune, India. DOI https://doi.org/10.1051/e3sconf/202340504039;
Boronbaev, E. Energy Saving Architecture: Multidisciplinary Improvement of Buildings Shape, Energy-Efficiency, Microclimate, Seismic-Resistance and Prevention Influences of Thermal Bridges and Mold Growth. Lecture Notes in Civil Engineering, 2024. Book vol. 374, Springer, Singapore. https://link.springer.com/chapter/10.1007/978-981-99-4229-9_22 ;
Erkin Boronbaev, Berikbay Unaspekov, Aigul Abdyldaeva, Elmira Tohlukova, Kamoliddin Holmatov, Nurbubu Zhyrgalbaeva, Full-Fledged Use of Semi-Basement Space by Building Seismic-Resistance, Energy-Efficiency, Microclimate and Preventing Influences of Thermal Bridges and Mold Growth. Civil Engineering and Architecture, Vol. 10, No. 1, pp. 131 - 143, 2022, San Jose, USA. DOI: 10.13189/cea.2022.100112. https://www.hrpub.org/download/20211230/CEA12-14825070.pdf ;
Boronbaev E., Unaspekov B., Abdyldaeva A., Holmatov K., Zhyrgalbaeva N. Buildings Enclosures Coupling by Its Energy Efficiency, Seismic Resistance and Microclimate. Proceedings of FORM 2021. Lecture Notes in Civil Engineering, vol. 170, pp. 495-503, 2022. Springer, Switzerland. https://doi.org/10.1007/978-3-030-79983-0_45;
Abdykalykov, E. Boronbaev, U. Begaluev, K. Holmatov, N. Zhyrgalbaeva, Building wall corner structures, its microclimate and seismic resistance, Proceedings of 24th International Scientific Conference “Construction the Formation of Living Environment” (FORM-2021), April 22-24, 2021, Moscow, Russia. E3S Web of Conferences 263, 04051 (2021). DOI: https://doi.org/10.1051/e3sconf/202126304051.
Анын монографиясы «Имараттардын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу: негиздер, теория, практика» – Бишкек: 2004. – 253 б. актуалдуу жана илимий жана практикалык мааниге ээ.
Докторлук диссертациясы «Энергия үнөмдөөчү архитектуранын теориясы жана практикасы жана жарандык имараттардын жылуулук режиминин энергия эффективдүүлүгү (Кыргызстандын мисалында)» темасында төмөндөгү эки идимий адистиктер боюнча корголгон:
05.23.03 – жылуулук менен камсыздоо, желдетүү, абаны жогдайлоо, газ менен камсыздоо жана жарыктандыруу;
05.23.20 – архитектуранын теориясы жана тарыхы, тарыхый-архитектуралык мурасты реставрациялоо жана реконструкциялоо.
Илимий ишмердүүлүгү:
Анын илимий баяндамалары төмөндөгү эл аралык илимий конференцияларда жана семинарларда сунушталган: Прага (Чехословакия), Порторож (Словения), Иерусалим (Израиль), Вашингтон (АКШ), Женева (Швейцария), София (Болгария), Лунд (Швеция), Таллинн (Эстония), Инсбрук (Австрия), Москва (Россия), Чэнду (Кытай), Жежу аралы (Түштүк Корея), Пуна (Индия) жана башка шаарларда.
Эл аралык илимий журналдардын редакциялык коллегиясынын мүчөсү:
Имараттардын энергетикалык сертификатташтыруусунун көз карандысыз сертификатталган мамлекеттик эксперти https://energoreestr.kg/ky/user/291 ;
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин мамлекеттик профессионалдык сертификатты ыйгаруу боюнча экзамендерди алуу комиссисысынын мүчөсү;
И. Раззаков атындагы КГТУнун жана Н. Исанов атындагы Инженердик-курулуш институтунун илимий кеңешинин мүчөсү.
Эл аралык долбоорлор:
БУУ-нун UNECE Экономикалык Комиссиясынын чакыруусу менен БУУ-нун саммиттеринде төмөндөгү темаларда чыгып сүйлөгөн:
70-Сессия, Женева (Швейцария), 23–25-сентябрь, 2009: «Климаттык нейтралдуу калктуу конуштар: калктын мотивациясы жана катышуусунун негиздери (Кыргызстанда)». Ушул чоң маанилүү Сесиянын секциянын президиумунун мүчөсү болууга татыктуу болгон: https://enb.iisd.org/crs/hlm70/23sep.html
Роттердам (Нидерланды) «Борбордук Азия үчүн энергия эффективдүү жана климаттык нейтралдуу шаарлар (Кыргызстан)».
София (Болгария) «Кыргызстандагы имараттардын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу: тажрыйба жана келечеги».
Энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу энергия жаатындагы семинарлар жана конференцияларда баяндама жасаган: Стокгольм жана Лунд (Швеция), Инсбрук (Австрия), Таллин (Эстония), Базель (Швейцария), Амстердам (Нидерланды), Барселона (Испания), Братислава (Словакия), Будапешт (Венгрия); ошондой эле Москва, Санкт-Петербург, Казань, Нижний Новгород (Орусия), Тбилиси (Грузия), Ташкент (Өзбекстан), Алматы (Казакстан), Душанбе (Тажикстан) ж.б.
ERASMUS+ Европалык Биримдигинин 617695-EPP "Армения жана Кыргызстанда геомаалыматтык технологиялар жаатында кесиптик билим берүүнүн тармак аралык программаларын өнүктүрүү жана изилдөө тармактарын бекемдөө" (GeoTAK) долбоорунун эксперти
TEMPUS программасынын үч долбоорунун улуттук координатору:
TEMPUS-26170: "Экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча магистрдик программа" – Королдук Технологиялык Институту (Стокгольм, Швеция) жана Таллинн Технологиялык Университети (Эстония) менен биргелешкен консорциум.
TEMPUS-530793: "Борбор Азия жана Орусияда кайра жаралуучу энергия жана энергияны үнөмдөө боюнча магистрдик программалар" – Лунд университети (Швеция), Инсбрук университети (Австрия), Таллинн Технологиялык Университети (Эстония) жана Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын тогуз университети менен консорциум.
TEMPUS-510952: "Үчүнчү цикл – кайра жаралуучу энергия жана экологиялык технологиялар боюнча PhD-доктордук программаларды түзүү" – Королдук Технологиялык Институт (Стокгольм, Швеция), Делфт университети (Нидерланды), Каталония Политехникалык Университети (Испания) менен консорциум.
ERASMUS MUNDUS программасынын академиялык мобилдүүлүк боюнча эки долбоорунун улуттук координатору:
TARGET-I жана TARGET-II: Борбор Азия жана Европадагы жогорку окуу жайларында академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу боюнча "Глобалдык билим берүү жана технологиялар үчүн ылайыктуу талаптарды өткөрүү".
TACIS Европа Биримдигинин "Имараттардын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу" программасынын жергиликтүү долбоор менеджери;
Дүйнөлүк банк жана Азия өнүгүү банкынын "Бишкек шаарынын борбордук жылуулук камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоорунун менеджеринин орун басары;
Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын "Өзгөрүп жаткан чөйрөдө энергия натыйжалуулугун жөнгө салуучу базага жакшыртуу" долбоорунун эксперти, ECB (Братислава), TSUS (Братислава) жана ОФ UNISON (Кыргызстан) консалтинг кызматы менен;
Үч эл аралык долбоордун жергиликтүү координатору:
TACIS Европа Биримдиги: Бишкек шаары, Асанбай кичи району, 9-үйдөгү турак жайдын энергиялык жаңыртуусу; Бишкектеги жеке үй үчүн жыл бою иштеген күндөн суу жылытуу системасы;
CAMP "Ала-Тоо" (Швейцария): Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарындагы жеке үйлөрдү жылуулоо боюнча долбоор;
Базель шаарынын муниципалитети (Швейцария): Жарды-Суу айылында саман тюк колдонулган пассивдүү күн энергиясы менен иштеген энергоэффективдүү имаратты долбоорлоо жана куруу;
Эл аралык долбоорлордун эксперти:
Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын "Өзгөрүп жаткан чөйрөдө энергия натыйжалуулугун жөнгө салуучу базага жакшыртуу" долбоору, ECB (Братислава), TSUS (Братислава) жана ОФ UNISON (Кыргызстан) консалтинг кызматы менен;
KfW банкы (Германия): Коомдук имараттардын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу;
GIZ программалары (Германия): Айыл жерлериндеги турак үйлөрдүн жылуулоо системасын жакшыртуу;
"Данида" фонду (Дания): Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо системасын реабилитациялоо боюнча тендердик документтерди иштеп чыгуу;
БУУӨП (Кыргызстан, Словакия) жана башка долбоорлор.
Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:
Geneva 2009: Panelists of the Built Environment session of the UNECE event with Tzveta Naniova, UNDP; Wolfgang Foerster, Vienna Regional Housing Development; Erkin Boronbaev, Kyrgyz State Technical University; Susan Roaf, Heriot Watt University; Zdravko Genchev, EnEffect; Martti Lujanen, Rapporteur; and Edmundo Werna, ILO.