Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


«Ишкананын экономикасы жана башкарылышы» кафедрасынын тарыхы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы No 243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлеринин 2022-жылдын 29-июлундагы № 414 «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Токтомун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 19-августундагы No 1605 «Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин кайра уюштуруу жөнүндө» буйругун аткарууда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ага Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университетин кошуу жолу менен, кайра уюштурулган. Буга байланыштуу И. Раззаков атындагы КМТУнун «Өнөр жай экономикасы» кафедрасынын базасында Н. Исанов атындагы КМКТАУнун «Экономика жана ишканаларды башкаруу» кафедрасынын жана академик У. Асаналиев атындагы КМГУнун “Экономика жана тоо-кен өндүрүшүн уюштуруу” кафедрасынын  кошулуусу менен «Экономика жана ишкананын башкарылышы» кафедрасы түзүлгөн.  

Кафедранын тарыхы 1956-жылы, Фрунзедеги политехникалык институт уюштурулуп, «Коомдук дисциплиналар» кафедрасы түзүлгөн мезгилден башталат. Кафедранын биринчи жетекчиси т.и.к. Липович В.Н. болгон. 1962-жылы бул кафедранын базасында «Өндуруштун экономикасы» кафедрасы уюштурулган. Жаңыдан тузулген кафедраны Кыргыз ССРнин финансы министринин мурдагы орун басары, э.и.к., проф. Косивцов Н.Н. жетектеген. Кафедраны төмөнкүлөр жетектеген: э.и.к., доцент. Гущин А.Ф.; э.и.к., доцент Наабер Ю.Р.; э.и.к., проф. Орозбаев К.О.; э.и.к., доцент Парфенова Т.Ф., э.и.к., доцент Боголюбова О.И., э.и.к., доцент Жума кызы Раиза, э.и.к., доцент. Букараева В.М., э.и.д., проф. Касымова В.М., э.и.к., доцент Орозалиев Т.С.

1969-жылдын февраль айында «Курулуштагы экономика жана пландаштыруу» кафедрасы уюштурулган. Кафедра башчылары: э.и.к., доцент Закржевский П.Д., э.и.к., доцент Исаков К.И., т.и.д., проф. Меренков В.З., э.и.к., доцент Нарынбаев Т.К., э.и.к., доцент Сыдыков К.С. болушкан. Кийинчерээк кафедра « Ишканадагы экономика жана башкаруу» болуп өзгөртүлгөн. 2012-2023-жылдары «ЭИБ» кафедрасын т.и.к., доцент Саткыналиев Т.Т. жетектеген.

«Жер казынасын пайдалануу экономикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо» кафедрасы академик У. Асаналиев атындагы КМГУнун геологиялык чалгындоо факультетинин курамына кирген. Кафедраны төмөнкүлөр жетектеген: б.и.д., проф. Бекболотова А.К., т.и.к., доцент Бейшенкулова Д.А., э.и.к., доцент Шаршебаев А.А.

Кафедралардын пайда болушу экономиканы жана өнөр жай өндүрүшүн, тоо-кен ишканаларын жана курулушту уюштурууну терең түшүнгөн адистерге коомдун муктаждыгынын өсүшү менен байланышкан. Узак убакыт бою алар инженердик-техникалык кадрларды экономикалык, уюштуруучулук жана башкаруучулук жактан даярдаган бирден-бир окуу структурасы болгон.

Учурда 4 илимдин доктору, 4 профессор, 12 илимдин кандидаты жана 13 доцент, 27 улук окутуучу жана 1 окутуучудан турган кафедранын кадрдык потенциалы 580100 «Экономика» багыты боюнча «Ишканадагы экономика жана башкаруу (тармактарда)» профили боюнча жана 750500  «Курулуш» багыты боюнча «Курулуштагы логистика» профили боюнча бакалаврларды жана магистрлерди жогорку кесиптик денгээлде даярдоого мүмкүндүк берет.

2023-жылдын март айынан баштап «Ишкананын экономикасы жана башкарылышы» кафедрасын экономика илимдеринин доктору, профессор Бактыгүл Жеңишевна Сулайманова жетектеп келет.