Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Факультеттин тарыхы


"Магистратуранын жогорку мектеби"

  Инженерлер жана дипломдуу адистер масштабдуу даярдалып жаткандыгына карабастан, И.Раззаков атындагы КМТУда 10 жылдан ашык убакыттан бери магистрлерди даярдоо жүргүзүлүп жатат. Магистратуранын программалары негизинен эксперименталдык даярдоо түрүндө ишке ашырылып келген жана магистранттар кээ бир кафедра башчылырынын күчөтүлгөн эмгектеринин «айрым жыйынтыгы» болуп саналат.
  КМТУда магистратуранын өнүгүүсүнө жана калыптанышына Карпушевич Зинаида Геннадьевна чоң салым кошту, ал көп жылдар бою Аспирантура, магистратура жана докторантура бөлүмүн жетектеген (азыр Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы), жогорку квалификациялуу адис, талапты катуу койгон жана көп көңүл буруучу жетекчи болуп саналат.
  Болон процесси студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын мобилдүүлүгүн көбөйтүү үчүн база түздү. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн магистрлерди стажировкага алууну уюштуруу иштери башталган.
  Аспирантура, докторантура жана магистратура бөлүмү иштеп турган мезгилдин ичинде 400 гө жакын магистрлер даярдалды, азыр алар илимий-изилдөө, билим берүү мекемелеринде ийгиликтүү эмгектенишүүдө же окууларын чет өлкөлөрдө улантып жатышат.
  2013-жылдан баштап ишканалардын жана мекемелердин илимий-инновациялык ишмердиктеринде практикалык колдонуу үчүн адистештирилген билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуу максатында магистрлердин санын көбөйтүү тенденциясы жүрүп жатат. Башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу, жыйнактоону ишке ашыруу жана контингентти сактоо максатында 2017-жылдын 1-январында ректордун № 3/01 буйругу менен АД ж-а М бөлүмүнүн курамында магистратура сектору түзүлгөн.Секторго жетекчилик кылуу милдети Асаналиева Эльмира Усенгазиевнага жүктөлгөн. Бул мезгилде окутуунун кредиттик-модулдук системасына өтүү жүрүп жаткан эле. Магистратуранын 13 багыты боюнча билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өткөн.
  Азыркы учурда КМТУда 55 магистрдик прогамманы өзүнө камтыган 33 багыт боюнча магистратурананын негизги билим берүү программаларыишке ашырылып жатат, аны илимдин алдынкы кандидаттары жана докторлору жетектейт.Жогорку билим берүүнүн мындай моделин ишке ашыруу өзүнүн жашоого болгон жөндөмдүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөттү. Кадрларды даярдоодо жана ар кандай ишканалар, уюмдар менен бирдиктүү аракет кылууда, көп денгээлдүү билим берүү системасынандан ары өркүндөтүүдө жана магистранттарды даярдоодонун сапатын жогорулатууда  университеттеги кафедралардын жакшы актан жетишкендиктерин белгилеп коюу керек.
  Магистранттарды даярдоо багыттарынын жана санынын көбөйүшү Аспирантура, докторантура жана магистратура бөлүмүнүн статусун өзгөртүүгө түрткү болду жана 2018-жылдын 1-июлунан баштап ал Аспирантура жана докторантура бөлүмү (жетекчиси Карпушевич З.Г.) жана Магистратуранын жогорку мектеп факультети деп эки түзүмгө кайра түзүлгөн. Магистратуранын жогорку мектебин мурун И.Раззаков атындагы КМТУнун Биргелешкен билим берүү институтунун  жана Энергетика факультеттеринин деканы болуп иштеп келген, көп жылдык иш тажрыйбасы бар, техника илимдеринин кандидаты, доцент Кадыров Чолпонбек Аманович жетекчиликке алды. Магистратурада окутуунун сапатын андан ары жогорулатуу максатында билим берүүнүн салттуу жана аралыктан окутуу ыкмасын бириктирген аралаш билим берүүнү киргизүү пландаштырылып жатат. Окуу сабактары инновациялык технологияларды жана интерактивдүү методдорду колдонуу менен өткөрүлөт. Аралыктан окутуунун жакшы пландаштырылышы жана уюштурулушу магистранттардын билим сапатын жогрулатат.
  Магистратурада окуу талдоочулук компетенцияларды өнүктүрөт, илимий же башкаруучулук жактан өсүүнүн пайдубалын түптөйт. Мындай квалификация менен жакшы жумуштарга орношуу, карьералык жактан өсүү абдан жеңил болот. Магистрдин таржымалы менен кандай ишкана же уюм болбосун, анын жетекчисинин көңүлүн тез бурдурууга жана эмгек акысы көп, жакшы жумушка иштеп калуусуна көп мүмкүнчүлүктөрү бар.