Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык ЖОЖдорду бириктирүүгө байланыштуу Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине кошулуусунун негизинде «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» кафедрасы КМТУнун “Экономика жана бизнес Жогорку мектебинин” түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, ж.о.э. өлкөнүн экономикасы үчүн жогорку кесипкөй кадрларды даярдоодо татыктуу орунду ээлейт.

Тарыхый маалымат. “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” кафедрасы 1994-жылдын 30-декабрында Кыргыз архитектура-курулуш институтунун “Курулуштагы башкаруу жана экономика” факультетинин өнүгүшүнө байланыштуу түзүлгөн. Алгач кафедранын курамына э.и.к., проф. Т.К.Нарынбаев; э.и.д., доц. Ж.Ж.Джумабеков; ага окутуучу П.Б.Жолболдуев; экономика илимдеринин кандидаты, доц. А.А.Шербекова киришкен. Кийинчерээк кафедранын профессордук-окутуучулар курамы, магистратуранын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн: Койлубаева С., Олжобаева Ж., Шаршеева В., Рахимдинова С.Т., Асанова Г.Ш., Молдокматов У.Н. куралган.

«Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» кафедрасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө төмөнкүдөй адистер көмөктөшкөн: э.и.к., доц. В. Г. Бубнов; педагог-практиктер: Л. И. Налобина; «Эсеп ЛТД» аудитордук компаниясынын директору Т. П. Давыдова; профессорлор: А.С. Сарыбаев, А.О. Осмоналиев, К.Ч.Чалова жана башкалардын катышуусу менен бир катар окуу китептери жана окуу-усулдук колдонмолор даярдалган. Кафедранын максаты – инвестициялык жана курулуш сектору жана экономиканын финансы сектору үчүн финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит тармагында заманбап жогорку квалификациялуу жана ийгиликтүү бакалаврларды, магистрлерди, аспиранттарды максаттуу даярдоо. Окуу процессинде окуучуларды практикага багыт алган даярдоого көңүл бурулат. 580100 «Экономика» багытындагы «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит (курулушта)», «Финансы жана кредит (курулушта)» профилдери боюнча бакалавр даражасы, «Курулуш бизнесин башкаруунун эсеби, талдоосу жана аудити», «Курулуштагы финансы жана кредит» программалары боюнча магистрдик академиялык даражалар ыйгарылат. Кафедрада стратегиялык өнүгүү планы иштелип чыккан, ага ылайык билим берүү программалары кызыкдар тараптардын (иш берүүчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөрдүн, студенттердин) талаптарын (каалоолорун) эске алуу менен жыл сайын түзүлүп, такталып турат.