Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Дуйшоева Шааркан Аматовна


Дуйшоева Шааркан Аматовна
Преподаватель

     ӨМҮР     БАЯН

Дуйшөева Шааркан Аматовна 1970-жылы  14-июнда Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылында  төрөлгөн. 1977-жылы Будалык айылындагы Карл Маркс  атындагы орто  мектептин

босогосун аттап, 1987-жылы  орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.1989-1990-жж. №79 –кесипчилик  окуу  жайында билим алган. 1993-1997-жж. Ош Мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы  факультетинде  окуган.

1993-1997-жж. Кыргыз филологиясы факультетинде  лаборант, улук лаборант,методист болуп эмгектенген.

Ушул эле жылдарда Ленин орто мектебинде кыргыз тили мугалими болуп айкалыштырып иштеген.

1998-1999-жж. ОшТУда окутуучу

1999-2001-жылдарда аспирантурада окуган.

2014- 2016-жылдарда Чүй облусунун  Москва районунда борборлоштурулган  балдар китепканасында китепканачы.

2016-2017 –жж.  Москва райондук  билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинде усулчу

2017-жылдын  март айынан 2018-жылдын  сентябрына  чейин Москва  райондук маданият үйүнүн директору

2018-жылдын сентябрынан  КМТУнун Технология факультетинин  Кыргыз тили кафедрасында окутуучу

Сыйлыктары :

2015-ж. “Ала-Тоо” айымдары төш белгиси

2016-ж. Москва  райондук  мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы

2017-ж. Москва райондук маданият бөлүмүнүн  Ардак грамотасы

2017-ж. “Данакер-Лингво” төш белгиси

2019-ж. КМТУнун Технология факультетинин Алкыш баракчасы

Үй-бүлөлүү, бир кыз, эки уулдун энеси.