Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Воспитательная работа

Воспитательная работа


Воспитательная работа

 

 

Аткарылуучу иштер

Убактысы

Жооптуулар

1

Кафедранын тарбиялык иштер боюнча жылдык планын түзүү жана бекитүү

Сентябрь

 

Шаршенова Р.А.

2

Мамлекеттик тил майрамына (23.09.) карата „Кыргыз тили – кылымдардын тарыхы“ аттуу иш-чара уюштуруу жана өткөрүү

 

Сентябрь

 

Шаршенова Р.А.

3

КМТУда жана ЖОЖдор аралык уюштурулган ар кандай тарбиялык маанидеги иш-чараларга катышуу

Сентябрь

Шаршенова Р.А.

Кафедранын бардык окутуучулары

4

Студенттерди  жыл ичинде шаардын театр-музейлерине алып баруу

Окуу

жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары

5

И.Раззаковдун 110 жылдыгына карата

„ Эмгеги элге таанылган“ аттуу дубал гезит чыгаруу.

Окуу жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары

6

Ч.Айтматовдун  туулган күнүнө карата карата ар кандай тарбиялык иштерди уюштуруу

 

1-жарым жылдыкта

 

Кафедранын бардык окутуучулары

 

7

Кыргыз элинин улуу инсандарынын даталуу мааракелери боюнча КМТУнун жана ТФнын иш-чараларына катышуу

Окуу жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары

8

„Бишкек жазы“ фестивалын өткөрүүгө катышуу

Март-апрель

Кафедранын бардык окутуучулары.

9

21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата  иш-чара уюштуруу жана өткөрүү.

 

Февраль

Кафедранын бардык окутуучулары

10

Нооруз майрамына карата факультеттер аралык „Сармерден“ оюн-зоок кечесин уюштуруу

Окуу жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары

 

11

Даталуу күндөргө (Жаңы Жыл,

8-Март, Нооруз ж.б.) карата факультеттин, университеттин иш-чараларына активдүү катышуу

Окуу жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары

.

12

Жылдык план  боюнча  отчет  берүү

май

Шаршенова Р.А

Кыргыз  тили кафедрасынын  улук окутуучусу Ы. А. Шаршенова жана окутуучусу  Ш. А. Дуйшоева   Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу Мамлекеттик тил боюнча   улуттук  комиссиясынын   "Ыраазычылык каты" менен сыйланышты.    

 

  Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу Мамлекеттик тил боюнча   улуттук  комиссия тарабынан  2020-жылдын  25-ноябрында  “Кыргыз  Республикасынын   мамлекеттик  тили  жөнүндө”  мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына  карата Кыргыз радиосу жана КР Президентине караштуу  Мамлекеттик  тил   боюнча  улуттук комиссия менен биргеликте “Тилим  менен  улутмун”  аттуу студенттер аралык  радиовикторинага 1-курстун студенттерин даярдашып, жигердүү катышкандыгы үчүн  И. Раззаков атындагы КМТУнун  Кыргыз  тили кафедрасынын  улук окутуучусу Ы. А. Шаршенова жана окутуучусу  Ш. А. Дуйшоева   Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу Мамлекеттик тил боюнча   улуттук  комиссиясынын   "Ыраазычылык каты" менен сыйланышты.    

“Инновациялык билим берүүдө мамлекеттик тилдин келечеги” аталышындагы онлайн республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

 

 

2020-жылдын 20-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында “Инновациялык билим берүүдө мамлекеттик тилдин келечеги” аталышындагы онлайн республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Учурда өлкөдө жүрүп жаткан пандемия кырдаалына байланыштуу аталган иш-чара онлайн форматында өткѳрүлдү.

             Конференцияны КМТУнун Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Т.Төрөбеков ачып берди. И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, физико-математика илимдеринин доктору, профессор Султаналиева Рая Мамакеевна конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

              Конференцияга Кыргыз Республикасында ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча адистери, окутуучу-профессордук курамы жана мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кызыкдар болгон илимий кызматкерлер катышты. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тил билим берүү жана башкаруу чөйрөсүндө, санариптештирүү доорундагы окутуунун инновациялык усулдары жана технологиялары, тармактык терминдер жана котормолор сыяктуу темалардын алкагында кызыктуу баяндамалар угулду. Конференцияда жалпысынан 15 жогорку окуу жайдан 36 баяндама окулду. Анын ичинен Кыргыз тили кафедрасынын 4 окутуучусу:  ф.и.к., доцент Жумагул кызы Айнура, п.и.к., доцент А. М. Исираилова жана доцент А. Ү. Исмаилов баяндама жасашты.

             Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.