Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илимий-изилдөө иштери


Кафедрада  акыркы он жылда  Сатаркулов К.А. баштаган илимий мектеп түптөлгөн. Кафедранын кызматкерлери чарба келишимдик илимий изилдөө иштеринде, гранттык, мамлекеттик бюджеттик илимий изилдөө иштеринде жана кафедра багытында активдүү катышып келишет. Акыркы убакта кафедра “Электр бөлүштүрүү тармагынын пайдалуу иштешинин жана ишенимдүүлүгүн боюнча алгоритмди техникалык чечимдерди жана иштеп чыгуу” аттуу долбоордун үстүндө иштеген. Илимий жетекчиси КМТУнун профессору Сатаркулов К.А болгон. Изилдөө КР БжаИМнин илим өнүктүрүү фондунан каржыланган. Долбоорго төмөнкү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары кирди: “Электр тогун ченөөнүн жаңы ыкмасынын негизинде электр берүү зымдарындагы жүктү ченөөчү аспапты иштеп чыгуу”; “Татаал электр бөлүштүрүү тармагындагы зымдардын үзүлүшүн аныктоонун жаңы ыкмасы”; “Электр энергиясын жоготууну азайтуу максатында Петри эсептөөчү тармак аспабынын негизинде электр бөлүштүрүү  тармагынын түзмөктөрүн ылайыкташтыруу үчүн алгоритмди иштеп чыгуу”. Кафедрада 2013ж. баштап эки багытта илимий изилдөө иштери жүргүзүлгөн алар: “Энергетикалык каражаттарды сарамжалдуу жана үнөмдүү колдонуунун илимий негизи жана энергияны үнөмдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору.” (Энергетика министрлиги менен келишим боюнча, илимий жетекчи-т.и.к. доцент Дикамбаев Ш.Б.). “Электроэнергетика тутумунун элементеринин математикалык моделин жана анын туруктуулугун жогорулатуу боюнча иш чараларды жана РЭСтин мүнөздөгүч параметрлерин тейлөө үчүн маалыматтык тутумдарды иштеп чыгуу.” (КР БжаИМ менен болгон келишим менен илимий жетекчи-т.и.к. доцент Сатаркулов К.А.). Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча борбордук жана чет өлкөдөгү басылмаларда ондогон макалалар жарыяланган, улуттук жана эл аралык конференцияларда жүздөгөн докладдар жасалган. Кафедранын иштеп чыгуулары ар кандай көргөзмөлөрдө көргөзүлгөн ал эми алардын авторлору төмөнкү ойлоп табууларына автордук күбөлүк, патенттерди алышкан:

  1. “Электр зымы” 31 январь2002ж, патент №495.
  2. “Электр зымындагы электр тогун ченөө ыкмасы” 29.08.03ж. №596.
  3. “Резистивдүү ысыткыч”, 30 июнь 2004ж. Патент №677.
  4. Индуктивдүү суюктук жылыткычы, 30 июль 2004ж. Патент №683.
  5. “Вольтампердик мүнөздөмө жана каршылык саны менен башкарылган күч резистору” 28.06.2008ж. патент №1030.
  6. “Көп электроддуу конденсатор” 28.06.2008ж. №1031.
  7. “Зымдын жана кабелдин ток өткөрүүчү тамыры” 28.08.2009ж №1187.

   Илим жана билим жаатында жетишкен ийгиликтери үчүн окутуучулар жана кызматкерлер көптөгөн мамлекеттик, өкмөттүк, мекемелик бийик деңгээлдеги сыйлыктар менен сыйланышкан.

   Студенттердин илимий изилдөө иштери кафедранын илимий ишмердүүлүгүн багыты менен аныкталат.

   Студенттер окутуучулардын жетекчилигинин алдында жыл сайын студенттер аралык илимий изилдөө конференциясына катышып келишет.

Аспирантура жана докторантура.

Өз учурунда аспирантура аркылуу алдыңкы Москва жана Ленинград шаарларынын институттарда жогорку квалификациялуу адистер даярдалган, ошондой эле ушул жылдары "ЭТН жана ЖЭ" кафедрадагы иштегендер . Акыркы беш жылда окутуучулук кадрлардын квалификациясын жогорулатуу Москва энергетика институтунун (ТУ) кафедраларынын курстарында ишке ашырылган.Акыркы беш жылда окутуучулук кадрлардын квалификациясын жогорулатуу Москва энергетика институтунун кафедраларда курстарын өтүшкөн.