Кафедрада уюштуруучулук жана тарбиялык иштердин жалпы планы түзүлүп, ар бир куратор өз тайпаларында студенттер менен иштөө боюнча иш планын түзүшкөн. Студенттер окуу-тарбиялык жана маданий иштердин планына ылайык дайыма женилдетилген шарттарда кафедранын окутуучулары менен бирдикте Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына, Кыргыз драма театрына жана Ч.Т. Айтматов атындагы орус драма театрына, сүрөт көргөзмөлөрүнө барышат. Баардыгы талкуу менен коштолот. ОРМ адистиги боюнча окутуучулар жана студенттер үчүн окуу процессинде өзгөчө орунду кайрымдуулук жана волонтердук иш-чаралар ээлейт - карылар үйүнө баруу жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү. Мисалы, ОРМ адистигинин мугалимдери жана студенттери “Китеп китепканалары” долбоорун даярдап, китептерди чогултуп, китепканаларды түзүп, балдар үйлөрүнө жеткиришти.
Кафедранын студенттери катышкан иш-чаралар: 1) «ЖЕНИШ жөнүндө ырларды ырдайлы!» сынагы, 2) «Айтматовду окуу» онлайн көркөм окуу. 3) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү 4) Кыргыз тил күнү 5) Студенттер күнү 6) Студенттик диалог "Лидер деген ким?" орус үйүндө