Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы


Мусаева Айгул Кумоновна
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы

И.Раззаков атындагы КМТУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысынын кызматтык милдеттери

  1. Жалпы жоболор

1.1.Кадрлар бөлүмүнүн башчысы ректордун буйругу менен дайындалат жана бошотулат, түздөн-түз ректорго баш ийет.

1.2.Бөлүмдүн башчылыгына кадрларды башкаруу кызматында 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жогорку билимдүү кызматкер дайындалат;

1.3. Бөлүмдүн башчысы жок болгон учурда (ооруп же өргүүдө жүргөн маалда) бөлүмдөгү башкы адис милдетин аткарат жана жоопкерчиликтүү болот.

1.4.Бөлүмдүн башчысы бөлүмдөгү кызматкерлердин жумуш өзгөчөлүктөрүнө жана кызматтык милдеттенмелерине ылайык милдеттерди бөлүштүрөт.

1.5. Өз ишмердүүлүгүндө кадрлар бөлүмүнүн башчысы төмөнкү укуктук-ченемдик документтерди жетекчиликке алат:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын (кийинкиде КР);

— КР Эмгек кодексин;

— КР “Билим берүү” жөнүндөгү мыйзамын;

— КР өкмөтүнүн токтомдору, буйруктары жана башка мыйзам актыларын;

— Университеттин Уставын;

— Жамааттык келишимди;

— Университеттин ички эмгек тартибинин эрежелерин;

— И.Раззаков атындагы КМТУнун ички ченемдик актыларын;

— И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун буйруктарын;

— Кадрлар бөлүмү жөнүндөгү Жобону, ушул кызматтык милдеттенмени.

  1. Милдеттери

2.1.Кадрлар бөлүмүн жетектөө жана бөлүмдүн кызматкерлерин ишенимдүү башкаруу;

2.2.Ректордун номенклатурасына кирген профессорлук-окутуучулук курамды, башкаруу, инженердик-техникалык, окутуу-көмөкчү жана көмөкчү-чарба кызматчыларды жумушка кабыл алууда түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери менен биргеликте кадрларды тандоо жана жайгаштырууну уюштуруу;

2.3.Иш кагаздарынын нускамасына ылайык кадрлар бөлүмүнө тиешелүү документтерге кол коюу;

2.4.Эмгек китепчелерге жазылган жазууларга кол коюу жана мөөр менен тастыктоо. Керектүү учурларда оңдоолорду жүргүзүү;

2.5.Кызмат абалына жараша тактоочу маалымдамаларды берүү;

2.6.Статистикалык жана башка кадрлар бөлүмүнө тиешелүү документтерге, отчетторго кол коюу;

2.7.Кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлерине кызматтык милдеттенмелерди даярдоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө;

2.7.Штаттык тизимди түзүүгө катышуу;

2.8. Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан университеттеги кызматкерлер менен студенттердин өздүк курамынын эсебин алууну системалык түрдө жүргүзүүнү көзөмөлдөө;

2.9. Кызматкерлерди сыйлоого материалдарды даярдоого катышуу;

2.10. Ички эмгек тартибинин Эрежелерин даярдоо;

2.11. Кызматкерлердин өргүүлөрүнүн графигин көзөмөлгө алуу, эмгек өргүү, социалдык өргүүлөрүн эсебин тактоону дайыма жүргүзүү;

2.12.Мөөнөтүү жана мөөнөтсүз түзүлгөн эмгек келишимдерин убагында жүргүзүүгө көзөмөл кылуу;

2.13 Деканаттарда, түзүмдүк бөлүктөрдө кызматкерлер тарабынан ички эмгек тартибинин Эрежелерин сактоону көзөмөлгө алуу жана дайыма текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу;

2.14.Университетте иштеген кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна жарамдуулугун аныктоо үчүн, аттестациялоо жүргүзүү иштерине катышуу;

2.15. Кыскартууга туш келген кызматкерлерге жумуш таап берүү чараларын көрүү;

2.16. Мамлекеттик жана муниципиалдык ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, ишке орношуу, жалдоо агентстволорунда университеттин атынан белгиленген тартипке ылайык бөлүмгө тиешелүү маселелерди кароого катышуу;

2.17. КМТУнун кызматкерлерин жумушка кабыл алууда, которууда, бошотууда КР Эмгек кодексин, жогорку органдардын буйруктарын, ички эмгек тартибинин Эрежелерин кыйшаюусуз сактоо менен ишке ашыруу;

2.18. Университеттин кызматкерлеринин табелдик эсебине көзөмөл жүргүзүү;

2.19. Бөлүмдөгү кызматкерлерди сыйлоого материалдарды даярдоо, сунуштоо;

2.20. Эмгек мыйзамы боюнча окутуучулар курамына жана кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

2.21. Тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн кызматкерлерге карата материалдарды даярдоо;

2.22. Университеттеги кызматкерлер менен студенттердин жеке маалыматтарын коргоо;

2.23. Жумушка жаңыдан кирип жаткандарды ички эмгек тартип Эрежелери, эмгек шарттары жана ички ченемдик укуктар менен тааныштыруу;

2.24. КМТУнун филиалдарында кадрлар бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуу үчүн укуктук-ченемдин документтердин топтомдорун системага салып, методикалык жактан көмөк көрсөтүү;

2.25. КМТУнун филиалдарынын кадрлар бөлүмү тарабынан буйруктардын, көрсөтмөлөрдүн, токтомдордун, нускамалардын жана башка ченемдик документтердин аткарылышын көзөмөлгө алуу;

2.26. Факультеттердин декандарынын конкурстук тандоодон өтүү боюнча графигин түзүү жана көзөмөлдөө;

2.27.Университеттеги укуктук-ченемдик документтерди, жоболорду даярдоого катышуу;

  1. Укугу

3.1. Кадр кызматынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө бардык маселелер боюнча өзүнүн компетенциясына ылайык чечим кабыл алуу;

3.2. Жетекчиликке бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө сунуш берүү;

3.3. Кадрлар бөлүмүнүн ишин жакшыртуу үчүн (кызматкерлерге кошумча айлык берүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо) жетекчиликке сунуш киргизүү;

3.4. Кадрлар бөлүмүнүн ишине байланыштуу башкаруу органдарынын жыйындарына катышуу;

3.5 Университеттин түзүмдүк бөлүктөрүнөн маалыматтарды, отчетторду, маалымдамаларды алуу;

3.6.Түзүмдүк бөлүктөрдө кызматкерлер тарабынан ички эмгек тартибинин Эрежелерин сактоону көзөмөлгө алуу жана дайыма текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу;

3.7.Университеттеги кызматкерлердин табелдик эсебине көзөмөл жүргүзүү;

  1. Жоопкерчилиги

Кадрлар бөлүмүнүн башчысына карата административдик жана тартиптик жоопкерчилик каралат:

4.1. Эмгекти уюштурууда укуктун ченемдик жана башка жетекчиликке алуучу материалдар бузулуп кадр саясатынын жоболору сакталбаганда;

4.2. Жетекчиликтин кадрлар бөлүмүнө тиешелүү буйруктары, көрсөтмөлөрү аткарылбаганда;

4.3.Кызматтык абалынан мыйзамсыз жана жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганда;

4.4. Кадрлар бөлүмүндөгү бардык документтердин бүтүндүгүн жана сакталышын камсыз кылбаганда;

4.5. Ички эмеректердин, техникалык жана өрт коопсуздук эрежелерин бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан сакталбаганда;

Кадрлар бөлүмүнүн башчысынын эмгек убактысы жана эс алуусу “Ички эмгек тартип Эрежелери” аркылуу жөнгө салынат жана эмгек жөнүндөгү мыйзамга жооп берет. Кызматтык зарылдыкка байланыштуу, кадрлар бөлүмүнүн башчысы өз милдеттерин жумуштан сырткары убакытта ашыкча аткарууга тартылат, бул эмгек жөнүндөгү мыйзамдын жоболорунда каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.


Телефон: 56-13-95

Кабинет: 1/233

e-mail: aygul.musaeva.59@mail.ru

Гр.работы: 8:00 - 16:45