Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


Эл аралык логистика жогорку мектеби 2022-жылы Логистика кафедрасынын базасында түзүлгөн.

Логистика кафедрасы 2011-жылы КГТИда Германиянын жана И.Раззаков атындагы КМТУнун билим берүү системаларынын интеграциясынын алкагында түзүлгөн.  Түзүлгөндөн бери логистика кафедрасын эл аралык JICA долбоорунун эксперти, Торонтодогу Йорк университетинин Schulich бизнес мектебинин эксперти, мамлекеттик сатып алуулар боюнча Дүйнөлүк Банктын долбоорлорунун эксперт-консультанты, экономика илимдеринин доктору, профессор А.С. Уметалиев, жетектеп келет.

Кафедранын негизги иши бул  «Ишкердик логистика» жана «Транспорттук логистика» багыттары боюнча бакалаврларды  даярдоо жана «Сатып алуу логистикасы», «Транспорттук логистика», «Ресурстарды үнөмдүү өндүрүш логистикасы» программалары боюнча магистрлерди даярдоо болуп  саналат.

2017-жылы Логистика кафедрасы «Эразмус+» «Болон системасынын негизинде Ресурстарды үнөмдүү өндүрүш логистикасында магистратура программасын иштеп чыгуу» долбоорунун  /“ProdLog: Жогорку окуу жайларында институттук өнүгүү” долбоорунун өнөктөшү болду.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы Европанын, Американын, Канаданын, Япониянын, Кытайдын, Россиянын жана Казакстандын белгилүү университеттеринде жана дүйнөлүк логистикалык борборлордо стажировкадан өткөн логистика, транспорт, IT-технологиялар тармагындагы жогорку кесипкөй адистерден турат.

Дайыма логистика кафедрасынын студенттери жана аспиранттары алдыңкы эл аралык компаниялардан чакырылган эксперттерден лекцияларды алышат, алар : Доктор Д.Чо, «Global Technology Solutions» компаниясынын президенти, АКШ; П.Мак Кан, MBA мугалими, Канада; А.Неске, Цвикау университетинин окутуучусу,  Германия; А.Крейе, Куэн Фондунун Долбоордун менеджери, Швейцария; В.С. Кришнакумар, Дүйнөлүк Банктын Европа жана Азиядагы сатып алуу чечимдери жана инновациялар боюнча менеджери; Т.Шабданалиев, “Кыргыз Республикасынын өндүрүшчүлөрүнүн логистикалык ассоциациясынын” төрагасы; Кафедранын бүтүрүүчүсү А.Орозакунов, эл аралык Huawei компаниясынын логистика боюнча башкы адиси жана башкалар.

Жыл сайын Логистика кафедрасынын студенттери жана аспиранттары академиялык  алмашуу программалары боюнча билим алышат, стажировкадан өтүшөт, Германияда DAAD академиялык алмашуу кызматынын колдоосу менен стипендия жана гранттарды алышат. Гамбург жана Мюнхен шаарларында магистратурага тапшырган студенттер Насирова Айдай жана Тойгонбаев Максат Логистика кафедрасынын сыймыгы болуп саналат.