Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жогорку мектебинин тарыхы


     И.Раззаков атындагы КМТУнун Экономика жана бизнес жогорку мектебинин (ЭБЖМ) өнүгүү тарыхы Н.Исанов атындагы КМКТАУнун “Экономика жана башкаруу” институтунун жана И. Раззаков атындагы КМТУнун “Инженердик-экономикалык” факультетинин өнүгүүсүнө негизделген. Бул эки бөлүм 1968-жылдан бери Фрунзедеги политехникалык институтунда Кыргыз Республикансынын өнөр-жай жана курулуш тармагына инженердик-экономикалык кадрларды даярдоо максатында уюшулган.

     Инженердик-экономика факультети 1996-жылы “Бизнес жана менеджмент” факультетинин базасында түзүлгөн “Башкаруу жана бизнес” институтунун мураскери болгон. “Менеджмент жана бизнес” институтун Орозбаев Кылыч Орозбаевич, э.и.к., КМТУнун профессору жетектеген. 2016-жылы университеттин профилизациясына байланыштуу “Менеджмент жана бизнес” институту “Инженердик-экономика” факультети болуп атын өзгөртүлгөн, декан Абдуматов Кубанычбек Абдуматович, э.и.к., доцент, шайланган.

 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Ишкердик Фондунун буйругунун негизинде ФПИден бөлүнүп Кыргыз архитектура-курулуш институту түзүлгөндөн кийин, жогорку квалификациялуу экономикалык кадрларды даярдоо максатында коммерция факультети уюштурулган. “Экономика жана курулушту башкаруу” кафедрасынын базасынын негизинде, кийин “Экономика жана менеджмент” факультети деп аталып калган» (ЭМФ). Факультеттин деканы болуп экономика илимдеринин кандидаты, доцент, ИАНПОнун академиги Нарынбаев Т.К. дайындалган,  2014-2017 жж. ЭМФнин деканы болуп экономика илимдеринин доктору Дербишева Эльмира Дупеновна дайындалган.

     2017-жылдын 30-августунда “Курулуш, экономика жана башкаруу” институтунун (КЭБИ) жоюлушуна байланыштуу “Экономика жана менеджмент” факультетинин базасында “Кыргыз-Кытай Эл аралык экономика жана менеджмент” институту (ККЭЭМИ) түзүлгөн жана институттун директору болуп экономика илимдеринин кандидаты, доцент Самайбекова Зейнегүл Кубатбековна дайындалды. 2018-жылдын 30-августунда “Кыргыз-Кытай Экономика жана менеджмент” институту “Экономика жана менеджмент” институту болуп өзгөртүлгөн.

     Ушунун негизинде бул эки факультеттин түптөлүшү жана өнүгүшү 1992-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде болгон.

     “Экономика жана бизнес жогорку мектеби” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  базасында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети жана академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университеттерин бириктирүү жолу менен кайра уюштуруунун натыйжасында жана И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 2022-жылдын 1-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн.

     Сыдыкова Чолпон Качкынбековна, э.и.к., доцент “Экономика жана бизнес жогорку мектебинин” директору болуп дайындалды.

  ЭБЖМ экономика, бухгалтердик эсеп, менеджмент, финансы, маркетинг, экономикалык коопсуздук, логистика, заманбап маалыматтык технологиялар, сертификациялоо, стандартташтыруу жана метрология тармагында талап кылынган адистерди даярдоо боюнча чоң тажрыйбасы бар 6 бүтүрүүчү кафедра бар.