Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

ИНСТИТУТТУН ТАРЫХЫ


ИНСТИТУТТУН ТАРЫХЫ

Архитектура жана дизайн институту (АДИ) чыгармачыл адистерди: архитекторлорду, архитектор-реставраторлорду, инженер–долбоорлоочуларды, жеңил өнөр-жайынын технологдорун жана жогорку кесиптик билими бар дизайнерлерди даярдоо боюнча  татыктуу тарыхы жана калыптанган салттары менен Кыргызстандын белгилүү жогорку улуттук мектеби.

1965-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун архитектура-курулуш бөлүмү, ал эми 1967-жылы атактуу архитектор П.П.Ивановдун демилгеси менен болочок архитекторлорду даярдаган биринчи атайын «Архитектура» кафедрасы уюшулган. Кафедрада М.Өмүркулов, В.Е.Нусов, В.А.Голубев, М.А.Мануйлова ж.б. эмгектенишкен. Архитекторлордун биринчи бүтүрүүлөрү 1970-жылы  даярдалып чыгарылган. 1974-жылдан 1981-жылга чейин кафедраны архитектура илимдеринин доктору В.В.Курбатов жетектеген. 1977-жылы бөлүмдөн ФПИнин Архитектура факультети түзүлүп, 1992-2003-ж.ж. Улуттук архитектура жана дизайн мектеби деп аталган. 2004-жылы факультет Архитектура жана дизайн институту (АДИ) деп өзгөртүлгөн. Учурда АДИ курамына: «Архитектура», «Шааркуруу», «Архитектралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо», «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны», «Буюмдарды көркөм долбоорлоо», «Декоративдик-колдонмо искусство жана живопись», «Сызма геометрия жана графика» жана «Дизайн» кафедралары кирет.

Институттун калыптанышына жана өнүгүшүнө 2004-ж. тартып директорлор - арх. Шкаев А.С.,

  • арх. докт., проф. Өмүралиев Д.Дж.,
  • арх. канд.  Тонкой И.В.,
  • т.и.к., проф.    Тусупбекова К.И.,
  • КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, проф.,Байбосунов Т.Б.,
  • арх. канд., Халмурзаева Г.Б.,
  • филос.и.к., доц.Толобаев М.Ш. зор салымдарын кошушкан. 
  • 2022-ж, тартып азыркы мезгилге чейин АДИ директору болуп арх.к., доцент Кожобаева Салтанат Толонбаевна дайындалды.

АДИ өз бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат, алардын арасындаИ.Кадырбеков – арх. канд., КР эмгек сиңирген архитектору, Ш.Жекшенбаев, К.Назаров, К.Алыкулов, У.Бейшенбиев - КР Токтогул атн. Мам.сыйлыктын лауреаттары – арх.докт., проф. Өмүралиев Д.Дж., арх. докт., КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Иманкулов  Д.Д., эмгек сиңирген арх. КР, Асылбеков Р.,  Турсунов А., Ибраев К., Т.С.Кенешов., Абдраков К.К. ж.б. Биздин бүтүрүүчүлөр республикабыздагы жооптуу кызматтык орундарда эмгектенип келишүүдө – Карыбаев У., Акимов А., Абдиев Б.А,, Токошев А., ж.б.. Чет өлкөлөрдө архитектор болуп И.Спектор, В.Гресле, Г.Янцен, А.Зусик, А.Логунов, А.Коханов, Г.Кац, Д.Егимбаева, А.Лебедева. ,К.Акылбеков ж.б эмгектенишүүдө.

 

2022-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 29.07.2022-жылдагы №414 «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» токтому менен кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Н. Исанов  атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архиектура университети жарлыкка ылайык Архитектура жана дизайн институту И.Раззакова Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курамына кирди. АДИнин башкаруу курамы төмөнкүдөн турат:

  • директорат – директор Кожобаева С.Т., билим берүү сапаты боюнча директордун орун басары Джузбаева А.Н., тарбия иштери боюнча директордун орун басары Калыбекова Ч.К.,  илимий иштер боюнча директордун орун басары Искендеров У.Ж.; ошондой эле мамлекеттик тил боюнча жооптуу Мусаев М.К., эл аралык кызматташуу боюнча жооптуу Ибраев М.Е., окумуштуу катчы Омурканова А.К.;
  • кафедрларАрхитектура (каф. башч.Омуралиев Д.Д.),
  • Шааркуруу (каф. башч.Кенешов Т.С.),
  • «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» (каф.башч.Кожалиев А.Ж.),
  • Дизайн (каф.башч.Коеналиев К.К.),
  • Архитектуралык мурастарды реконструкциялоо жана реставрациялоо (каф.башч.Молдалиева И..),
  • «Буюмдарды көркөм долбоорлоо», (каф. башч.Джолдошева А.Б.),
  • Сызма геометрия жана графика (каф. башч.Турдакун уулу Н.);
  • АДИ Окумуштуулар кеңеши;
  • АДИ окуу-усулдук кеңеши;
  • АДИ илимий-техникалык кеңеши;
  • Студенттик өзүн-өзү башкаруу.

 

Соңку 10 жыл ичинде АДИнин окутуучулары жана студенттери ондон ашуун республикалык жана эл аралык сынактарга катышып, көпчүлүгү жеңүүчү катарында дипломдор менен сыйланышкан. Отуздан ашык аспиранттар КМШнын жана чет мамлекеттердин: Италия, Корея, Кытай, Германия, Турция, Польша жана башка өлкөлөрдүн улуттук архитектуралык окуу жайларынын дипломдук иштеринин эл аралык сынактарында мыкты деп табылган эл аралык сынактардын лауреаттары болушту. Биздин студенттердин Евразиянын архитектуралык, курулуш жана дизайн мектептеринин Эл аралык фестивалдарына катышып, Стамбул ш. 1-даражадагы дипломго жана 2-даражадагы эки дипломго ээ болушту. 2014-жылы сынакка катышкан 14 өлкөлөрдүн ичинен АДИ 15 диплом татыктуу болгон.

АДИде сабактар архитектура, дизайн, реставрация, шааркуруу, буюмдарды көркөм долбоорлоо, адистик сабактар атайын чыгармачылык өнөрканаларда өткөрүлөт. АДИ ПОТ 145 а. түзөт, анын ичинен илимдин 4 доктору жана 20 кандидаттары, 7 профессорлор жана 27 доценттер, 1 КР Мам.сыйлыктын лауреаты, 4 КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, 1 КР илимине эмгек сиңирген кызматкер жана 1 КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. Эл аралык жана Республикалык архитектура Академиясынын академиктери жана мүчө-корреспонденттери бар.