Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Багыты 580100 "Экономика" МП “Бизнести башкарууда эсеп, талдоо жана аудит”


Багыты 580100 "Экономика" МП “Бизнести башкарууда эсеп, талдоо жана аудит”

МП “Бизнести башкарууда эсеп, талдоо жана аудит

Магистрдик билим берүү программасы жөнүндө кыскача маалымат

Эсеп-талдоо ишмердүүлүгү жаатында иштөө бүгүнкү күндө эң престиждүү багыттардын бири болуп саналат. Бул сизди илимдин алдыңкы чегине чыгарып, мыкты карьералык перспективаларды жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин профессорлор жана окутуучулар жетекчилигинде сиз инвестициялык-курулуш чөйрөсү жана экономика үчүн финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы квалификациялуу адис болуп чыгасыз.

Сиз эсеп системасын уюштурууну, прикладдык инвестициялык-стратегиялык талдоо жүргүзүүнү, эсеп системасын өнүктүрүү жана прикладдык инвестициялык-стратегиялык талдоо маселелерин чечүү максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү үйрөнөсүз.

Эсеп системасын өнүктүрүүнү уюштуруу жана прикладдык инвестициялык-стратегиялык талдоо жаатындагы жогорку квалификациялуу даярдык сизге ийгиликтүү карьера жана туруктуу каржылык өсүштү кепилдейт.

Эл аралык кызматташтык Россия, Кытай, Европа университеттери менен эки тараптуу келишимдер жана илимий-билим берүү долбоорлору аркылуу жүргүзүлөт. Магистранттар үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Магистрдик билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрү алдыңкы коммерциялык уюмдарда, коммерциялык банктарда, камсыздандыруу уюмдарында, салык жана бажы кызматтарында, региондук жана муниципалдык мамлекеттик органдарда өз профили боюнча иш орундарында жумушка орношо алышат.