Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

              1971-жылы «Өнөр жай ишканаларын жана шаарларды электр менен камсыздоо» минбары уюшулган. Анын алгачкы жетекчиси доцент В.А. Юриков (1971 – 1977-ж.ж.) болгон. Андан кийин кафедраны профессор К.Р.Рахимов (1977 – 1981 – ж.ж), Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, доцент Н.С. Колодяжный (1981 – 1986-ж.ж..),  профессор М.А. Суеркулов (1986 – 1996 – ж.ж.), доцент  С.С.Тохтамов (1996-1998-ж.ж..), профессор И.С.Сариев (2001 – 2011 – ж.ж.), т.и.к., доцент А.С.Рырсалиев (2011 – 2017 – ж.ж.) т.и.к., проф. М.А.Суеркулов (2017 – ж.), т.и.к., доцент Р.Б.Куржумбаева  (2017 – 2018 – ж.ж.), т.и.к., доцент Б.Б. Айткеев (2018 – 2019 – ж.ж.)    жетектешкен. Азыркы учурда кафедраны  т.и.к., доцент Б.И.Сариев  жетектейт.

              Кафедранын калыптанышына В.М.Касымова, И.С.Сариев, М.А.Суеркулов, К.А.Сатаркулов,  С.С.Кадыркулов, Т.А.Джунуев, А.Д.Кораблев, Н.С.Колодяжный, В.А.Юриков, В.Г.Ткаченко, М.В.Кудрук, А.У.Уметалиева, С.С.Тохтамов сыяктуу профессорлордун жана доценттердин кошкон салымдары абдан чоң.

              «Электр менен жабдуу» адистиги боюнча  инженер-электриктердин биринчи бүтүрүүчүлөрү 1973 – жылы аякташкан, алардын ичинде  С.Айтмамбетова, Ж.Орозбаева, Т.Бегалиев, Б. Абдразаев,  Ш.Б.Дикамбаев, С.С.Тохтамов,  Б.К.Жусубалиева жана башкалар бар.   

               Минбардын алдыӊкы окутуучуларынын ичинен төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот: Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, т.и.к., профессор М.А.Суеркулов, э.и.д., профессор В.М.Касымова, т.и.к. С.С.Кадыркулов, техника илиминин кандидаттары, доценттер С.С.Тохтамов, Б.К.Жусубалиева, Р.Б.Куржумбаева, улук окутуучулар Асанов А.К.,  Джусупбекова Н.К  ж.б.

«Электр менен жабдуу» минбардын «ЭЭде энергияны сарамжалдоо» адистиги боюнча биринчи бүтүрүүчүлөрү 1973 – жылы аякташкан.

              Бакалаврлардыдаярдоо кафедрада төмөнкү профилдер боюнча жүргүзүлөт:

  • «Электр менен жабдуу» (тармактар боюнча)

               Магистрлертөмөнкү программалар боюнча даярдалат: Электр камсыздоо системасында энергияны үнөмдөөнүн актуалдуу көйгөйлөрү. Жетекчилери: техника илиминин кандидаттары, профессор Суеркулов Манас Асанбекович, доценттер Рырсалиев Абдыкерим Сатиканович, Тохтамов Султан Сапарович, Куржумбаева Роза Бейшембековна, Асиев Абай Турусбекович жана Сариев Бактыбек Имангазиевич.

               Кафедранын окутуучу – профессордук курамы Энергетикалык, Унаа жана машина куруу, Кыргыз-Герман-техникалык институту менен ББПИде (ИСОП) сабактарды өтүшөт.

               Азыркы учурда минбардын окутуучулар штаты – 1 т.и.к., профессордон; 6 т.и.к., доценттен; 7 улук окутуучудан жана 1 окутуучудан турат.

               Минбардын окутуучу-профессордук курамы квалификациялык деӊгээлин дайыма жогорулатып турат. Аспирантурада окушат, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын үстүндө иштешет. Чарбалык илимий-изилдөө иштерине жана республикалык гранттарга катышат. Конференциялар менен семинарларда илимий баяндама жасашат жана илимий эмгектерин жарыялашат.

                Минбарда илимий-изилдөө иштери төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • «Электр бөлүштүрүү түйүндөрүнүн жана алардын элементтеринин иштөө режимдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу»,
  • «КРдин электр камсыздоо системасында энергияны үнөмдөөнүн актуалдуу көйгөйлөрү» ж.б.

               Алынган илимий натыйжалардын негизинде лабораториялар түзүлөт,  электр энергиясын натыйжалуу пайдалануу боюнча (SEPAMдин негизинде автоматташтыруу; электр энергиясындагы жоготууну азайтуу үчүн – жоготууларды эсептөө Программасы ж.б.) окуу-усулдук куралдар жана иштелмелер чыгарылат. Минбардын эмгек жамаатынын иш тажрыйбасы башка ЖОЖдордо жана университеттин филиалдарында адистиги боюнча окшош кафедралар тарабынан ийгиликтүү пайдаланылат. Адистерди көп деӊгээлде даярдоого өтүү жана электр камсыздоо системинин технологиялык процесстерин автоматташтыруу менен байланыштуу болгон жаңы багыттардын өнүгүүсү – минбардын лабораториялык базасын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө алып келди. Ал үчүн “Электр камсыздоо системиндеги маалымат технологиялары” (5/204-ауд.) СЭС долбоорлоо, СЭС моделдештирүү, СЭС электр тармактары ж.б. сабактарды өтүү үчүн заманбап компьютерлер, сканерлер, графа түзүүчүлөр (плоттер) менен жабдылды.