Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Башкы бет


      “Колдонмо информатика” кафедрасы

“Колдонмо информатика” кафедрасы экономика, архитектура, дизайн, компьютердик дизайн, коопсуз жол кыймылын уюштуруу сыяктуу профилдер боюнча 710300-“Колдонмо информатика” багыты боюнча бакалаврларды жана “Экономикада колдонмо информатика” магистрдик программасы боюнча магистрлерди, ошондой эле “Программалык-маалыматтык системаларды иштеп чыгуу” профили боюнча жана “Программалык камсыздоону иштеп чыгуу технологиясы” магистрдик программасы боюнча 710400-“Програмалык инженерия” багыты боюнча бакалаврларды даярдоо жана коомдун, мамлекеттин керектөөлөрүнө ылайык студенттерди жана магистрлерди анализдөөгө, маалымат системаларынын жана технологияларынын долбоорун түзүүгө, иштеп чыгууга жана эксплуатациялоого байланыштуу колдонмо милдеттердин моделдерин түзүү жана чечүү жагында билим берген базалык кафедра болуп саналат.

“Колдонмо информатика” жана “Программалык инженерия” багыты боюнча бүтүрүүчүлөр ЖОЖду аяктагандан кийин төмөнкү багыттар боюнча иштей алат.

          710300-“Колдонмо информатика” багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет: Колдонмо чөйрөнү системалуу негизде анализдөө;   маалымат системасын жана анын компоненттерин түзүүгө жана өнүктүрүүгө карата талаптарды иштеп чыгуу; долбоордук чечимдерди техника-экономикалык жактан негиздөө; Колдонмо процесстерди автоматташтыруу долбоорлорун иштеп чыгуу жана Колдонмо чөйрөлөрдө маалымат системаларын түзүү; заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана программа түзүү технологияларын колдонуу менен долбоордук чечимдерди ишке ашыруу; Колдонмо милдеттерди чечүү жана маалымат системаларын түзүү ишин автоматташтырган долбоорлорду ишке киргизүү; ишканаларды жана уюмдарды информатизациялоо долбоорлорун башкаруу; маалымат системаларынын ишин жөнгө салуу жана эксплуатациялоо; Колдонмо милдеттерди чечүү жана маалымат системаларын түзүү ишин автоматташтыруу сапатын камсыздоо.

       “Колдонмо информатика” окутуу программасынын бүтүрүүчүсү маалымат технологиялары чөйрөсүндө окуу-методикалык негиздер жана стандарттар боюнча билим алышат, маалымат технологияларын иштеп чыгууда аларды колдоно алышат, системалардын долбоорун түзүүдө заманбап автоматташтырылган технологияларга, заманбап тилдерге үйрөнүшөт, маалымат системаларынын жана жаңы маалымат технологияларынын негизинде долбоорлорду иштеп чыгат, экономика, менеджмент, транспорт, архитектура, дизайн сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдө теориялык жана тажрыйбалык билим алышат.

Бүтүрүүчү төмөнкү кызмат орундарын ээлей алат:

  • экономика, транспорт, дизайн, компьютердик дизайн чөйрөлөрүндө маалымат системалары боюнча программист-долбоор иштеп чыгуучу;
  • маалымат технологиялары долбоору боюнча жетекчи жана жетекчинин жардамчысы;
  • web-администратор;
  • web-дизайнер;
  • бизнес-аналитик;
  • система боюнча аналитик;
  • маалымат системалары жана маалымат продукттары боюнча менеджер;
  • маалымат системалары боюнча консультант;
  • бизнес-консультант;
  • маалыматтык долбоорлор боюнча менеджер;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө маркетинг жана сатуулар боюнча менеджер.

     “Программалык-маалыматтык системаларды иштеп чыгуу” профили боюнча жана 710400-“Програмалык инженерия” багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү катары ар кандай багыттар боюнча маалыматтык-эсептөө системалары үчүн программалык камсыздоону индустриалдык өндүрүү саналат. Бул багыт боюнча төмөнкү дисциплиналар боюнча билим алышат: программалык камсыздоону иштеп чыгуу; программалык камсыздоону тесттен өткөрүү; программалык системаларды жана башкалардын долбоорун түзүү жана анын архитектурасы.

      Билим берүү программасын бүтүрүүчүсү маалыматтык жана автоматташтырылган системалар үчүн программалык жана аппараттык камсыздоону ишке багыттоо, өндүрүштүк жана технологиялык ишкердик милдеттерин чечүү көндүмдөрүнө ээ болушат, анын ичинде: программалык инженерия чөйрөсүндө алгоритмдик жана программалык чечимдерди иштеп чыгуу, операциялык системаларды, тармактык технологияларды, программалык интерфейстерди иштеп чыгуу каражаттарын колдонуу, формалдуу өзгөчөлүктөрдүн тилдерин жана методдорун пайдалануу, программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча негизги методдорду жана инструменттерди пайдалануу.

   Кафедра бакалаврларды жана магистрлерди даярдап чыгарат, алардын кесиптик иши автоматташтырылган системалар жана эсептөө техникасынын каражаттары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууга, ишин коштоп жүрүүгө жана эксплуатациялоого байланыштуу. Келечек адистерди окутуу ар кандай эсептөө процесстеринин математикалык жана программалык моделдерин түзүүгө мүмкүндүк берген фундаменталдуу математикалык билим түзүүгө негизденет. Студенттер программалык камсыздоонун программасын жана долбоорун түзүүнүн заманбап объекттик-багыттоо тилдерин кесиптик негизде өздөштүрүшөт (C/C++, C#, Java, PHP, Python, UML), натыйжалуу программалык продукттарды жана долбоорлорду түзүү үчүн заманбап программа түзүү технологияларын жана ар кандай инструменталдык каражаттарды изилдешет (C – Builder, MS Visual Studio). Ар кандай түрдөгү жана багыттагы маалымат базасын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулат (MS SQL, MySQL, Interbase).

   Бүтүрүүчүлөр компьютерлер жана компьютердик тармактар пайдаланылган, локалдык, корпоративдик жана глобалдуу компьютердик тармактарда жалпы жана атайы багыттагы маалымат системалары ишке киргизилип жаткан бардык чарба чөйрөлөрүндө иштей алышат.

Бүтүрүүчү төмөнкү кызмат орундарын ээлей алат:

  • программалык камсыздоону иштеп чыгуучу;
  • программалык камсыздоону тесттен өткөрүүчү;
  • маалымат системалары боюнча программист-долбоор түзүүчү;
  • web-иштеп чыгуучу;
  • маалымат технологиялары долбоору боюнча жетекчи жана жетекчинин жардамчысы;
  • web-администратор;
  • web-дизайнер;
  • система боюнча аналитик;
  • маалымат системалары жана маалымат продукттары боюнча менеджер;
  • маалымат системалары боюнча консультант.