Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


Жыл

Кафедра башчысы

 

1954

Станько Дмитрий Гилярьевич

1954-жылы ФПИ расмий ачылгандай бери “Материалдардын жана унаа тетиктеринин каршылыгы” кафедрасы уюштурулган. Жаңы окуу жылынан баштап анын курамынан “Машина тетиктери жана механизмдердин, машиналардын теориясы” деген өз алдына кафедра бөлүндү. Эң биринчи анын жетекчиси болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Станько Дмитрий Тильяревич тандалды. Анын жетекчилиги астында Некоз Екатерина Вячеславовна, Пучинян Григорий Степанович, Брылев Ефим Михайлович, Горбунов Александр Игнатьевич иштей башташкан.

1961-1965 

Пучинян Григорий Степанович

Бул мезгилде кафедрада өз ишин: Джаманкулов Кенеш Джаманкулович, Андреев Николай Иванович, Велижанина Нина Петровна, Кириллов Александр Васильевич башташкан.

1965

Дворников Леонид Трофимович

1965 жылдын 17 ноябрындагы №393 буйругуна ынайык Дворников Леонид Трофимович ДМ жана ТММ бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал 1989 жылга чейин кафедраны жетектеген. Бул жылдардын ичинде кафедранын профессордук-окуутучулук курамы эки эсе көбөйдү, жаңы кызматкерлер келди.

Алар: Клобуков Генадий Филиппович, Микитянская Людмила Михайловна, Шапошников Израиль Давидович, Ивин Валерий Иванович, Манжосов Владимир Кузьмич, Колосов Александр Сергеевич, Донченко Валерий Семенович, Давыдов Анатолий Павлович жана башкалар.

1971 

Пучинян Григорий Степанович, Дворников Леонид Трофимович

1971 жылы кафедра 2ге бөлүнгөн. “Машина тетиктери” анын жетекчиси   Пучинян Григорий Степанович жана “Механизмдин жана машинанын теориясы” башчысы болуп Дворников Леонид Трофимович калган.

1989

Усубалиев Жениш Усубалиевич, Пучинян Григорий Степанович

1989 жылы “Механизмдин жана машинанын теориясы” кафедрасын Усубалиев Жениш Усубалиевич жетектейт, ал эми “Унаа тетиктери” кафедрасын Пучинян Григорий Степанович жетектейт.

1992-2003

Алмаматов Мейманбай Закирович

1992 жылдан 2003 жылга чейин “Унаа тетиктери” кафедрасын Алмаматов Мейманбай Закирович жетектеген. 1994-жылы ТММ жана ДМ эки кафедрасы берилип “Машина конструированиянын негиздери” деп аталып калган.

2003

Тургумбаев Женишбек Жумадылович

2003 жылдан баштап МКН кафедрасын техника илимдеринин доктору, профессор Тургумбаев Женишбек Жумадылович жетектейт.

2006

Алмаматов Мейманбай Закирович

2006 жылы “Метрология жана стандартизация” кафедрасы уюштурулган. Азыркы учурда кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор Алмаматов Мейманбай Закирович жетектейт.