Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедра тарыхы. Кафедра рейтинги


Кыргыз-немис техникалык институтунун тушундагы Телематика кафедрасы

Телематика кафедрасы 2011 – жылы (2011-жылдын 6-сентябрындагы 173 приказы) түзүлгөн.Телематика кафедрасы «Телематика» багыты боюнча адистештирилген жана бакалавларды даярдайт (кредиттик технологиясы боюнча), 2014-жылдан баштап аралыкта окутуу технологиясын колдонуу менен бакалаврларды даярдайт, 2015 –жылдан баштап «Телематика» багыты боюнча магистрлерди даярдап баштады жана 2016-жылы консорциум ишинин алкагында Н.П.Огарев атындагы Мордовиялык мамлекеттик университети (ММУ) жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) арасында «Электроника жана наноэлектроника» (ММУ) жана «Телематика» (КМТУ) багыттары боюнча түйүндүк билим берүүчү программасын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлган.

 

«Телематика» кафедрасы «Телематика» багыты боюнча бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелинет.

Кафедрада бар:
  • «Телематика» багыты боюнча бакалаврларды даярдоого лицензия (Лицензия 549, № 72 лицензияга тиркеме, регистрациялык номери I- 611);
  • «Телематика» багыты боюнча магистрлерди даярдоого лицензия (Лицензия LD 145000038, № 8 лицензияга тиркеме, регистрациялык номери 14/0518);
  • «Телематика»багыты боюнча ДОТ технологиясын колдонуу менен бакалавларды даярдоого лицензия (Лицензия LD 140000320, № 7 лицензияга тиркеме, регистрациялык номери 14/0440);
  • Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министирлиги бекиткен экспериментальдык окуу планы.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министирлиги тарабынан лицензиялар узартылган жана Телематика багытына 690600 коду ыйгарылган жана ошондой эле классификаторго киргизилген. Лицензия боюнча бакалаврлар үчүн чектик контингент 200 адамды, магистрлер үчүн 20 адамды түзөт. Кафедранын негизги максаты бул кошумча билим берүү, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү , жогорку окуу жайда билим берүү аркылуу адамдардын интеллектуалдык, маданияттык жана адептүүлүк суроо талабын канааттандыруу.

Кафедранын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Профессордук –окутуучулар түзүмүнүн окутуу-усулдук ишмердигин мыктылоо,
  • Студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана алардын чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында окутуу технологияларын мыктылоо
  • Окуу процессинде алынган жыйынтыктарды колдонууну, илимий- педагогикалык ишмерлердин жана студенттердин, профессордук- окутуучулук түзүмдүн биргелешкен колдонмо илимий чыгармачыл ишмердиги аркылуу өнүктүрүү
  • Жогорку билими бар адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, жогорку билимдүү адистерди даярдоо
  • Студенттер арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү.