Талыпов Кубатбек Кемелович

Талыпов Кубатбек Кемелович

Туулган жылы: 1август 1955 жылы.

E-mail: tkk55@mail.ru

Билими: Кыргыз мамлекеттик университети, «Математика» адистиги боюнча жогорку билимдуу.

«Эсептөө техникасы жана башкаруу системалары» адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты.

Тил билгиси: кыргыз тили (эне тили), орус тили (эркин), англис тили (техникалык)

Тажрыйбасы:

1977ж. – 1993ж. – Фрунзе политехникалык институтунун аспиранты, «Прикладдык математика» кафедрасында окутуучу, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын, Физика институтунун улук илимий кызматкери.

1993ж. – 1994ж. – Кыргыз Республикасынын Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин жаңы технологиялар, инновациялык саясат жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматташтыруу комиссиясына караштуу Компьютердик технологиялар борборунун директору.

1998ж. – 2003ж.  – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

2003ж. – 2008ж. – КТРдин вице-президенти, УТРКнын радио-теле борборунун башкы директору.

2008ж. – азыркы учурга чейин - Н.Исанова атындагы КМУнун Инновациялык кесиптер институтунун «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана радиоэлектроника» кафедрасынын башчысы.

01.09.2018- азыркы учурга чейин - И.Раззакова атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети, «Электроника жана телекоммуникациялар» институтунунда,«Телекоммуникация» кафедрасынын доценти.

 

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар