Deutsch

25.02.2025 "Ак илбирс улуттук символ" аталышындагы тегерек стол.

2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» жарлыгынын алкагында «Ак илбирс — улуттук символ» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара Мамлекеттик мекеменин “Инновациялык борбору”нда болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — ак илбирсти жана жапайы жаратылышты коргоо, экосистеманын туруктуулугун сактоо жана коомчулукта экологиялык аң-сезимди жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн адистери, жаратылышты коргоо боюнча эл аралык уюмдардын мүчөлөрү жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.

Бул иш-чарага Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) техносфералык коопсуздук кафедрасынын башчысы жана окутуучулары да активдүү катышышты. Кафедра өкүлдөрү айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоо жаатындагы илимий-тажрыйбалык пикирлерин бөлүшүп, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз сунуштарын беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Германиянын NABU жаратылышты коргоо союзунун өкүлдөрү маалыматтык презентациялар менен чыгышты.

КМТУнун техносфералык коопсуздук кафедрасынын катышуусу жаш адистердин экологиялык маданиятын жогорулатууга, ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.

Институты Высшие школы Колледж/Лицей
Департаменты Отделы Центры
Международным студентам
Центр обслуживания студентов
ЦОС 1-2-3
Территориально обособленные филиалы