Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Deutsch
  • 中文语言

«Илим күнүнө» карата Техносфералык коопсуздук багытында мини-футбол турнири өткөрүлдү

2026-жылдын 31-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика институтунун Техносфералык коопсуздук кафедрасынын демилгеси менен «Илим күнүнө» карата 760300 – «Техносфералык коопсуздук» багытынын студенттери жана окутуучулары арасында мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Спорттук иш-чаранын негизги максаты – студенттер менен окутуучулардын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбиясын жана спорттук маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле жамааттын биримдигин чыңдоо болду.

Турнир кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүнүн спорттук даярдыгын, шамдагайлыгын, командалык иш алып баруу жөндөмүн жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Мындай спорттук иш-чаралар студенттердин окуудан тышкаркы активдүүлүгүн жогорулатууга, мугалимдер менен студенттердин ортосундагы өз ара сый-урматты бекемдөөгө жана университетте жагымдуу социалдык чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, аларга тиешелүү даражадагы дипломдор, сыйлык медалдары жана өтмө кубоктор тапшырылды.

Техносфералык коопсуздук кафедрасы турнирди уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон бардык уюштуруучуларга, окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирет!

Спорт – ден соолуктун булагы, достуктун жана биримдиктин символу!

Институты Высшие школы Колледж/Лицей
Департаменты Отделы Центры
Международным студентам
Центр обслуживания студентов
ЦОС
Территориально обособленные филиалы