Новости МЦ


Новости МЦ

2024-жылдын 21-ноябрдан 26-ноябрга чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Уста»  элдик бий ансамбли “Искусство жана кыймыл” эл аралык чыгармачылык долбоорунун уюштуруу тобу жана Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн “Азия бермети” эл аралык бий фестиваль-конкурсуна катышып, 1-орунду багындырып келди. 

Аталган сынак Өзбекстан Республикасынын профсоюздар федерациясынын демилгеси менен, ошондой эле Өзбекстандын Маданият министрлиги жана Өзбекстан мамлекеттик хореография академиясынын колдоосу менен уюштурулду. “Азия бермети” фестиваль-сынагына Орто Азия мамлекеттеринен барган жүздөгөн (Казакстан, Болгария, Беларусия, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Кыргызстан ж.б.) конкурсанттар катышты. 

Ал эми Кыргызстандын атынан “УСТА”, “ДЭЯ” (Бишкек шаарынан) жана “Мөлмөл” (Балыкчы шаарынан) бий топтору барган. Натыйжада, калыстар тобу “УСТА” элдик бий ансамблинин “Жабагы” кыргыз бийин жана “Гуш тепти” түркмөн бийин мыкты деп таап, биринчи орунду ыйгарышты.
Фестивалдын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференциялар, бий чеберлеринин мастер-класстары өттү. 

Аны менен катар коноктор үчүн атайын экскурсиялар уюштурулуп, Ташкент шаарынын  маданий жетишкендиктерине күбө болушту.
Жаштар борборунун жетекчиси жана “УСТА” элдик бий ансамблинин жетекчиси жогорудагы фестиваль-конкурска катышып келүүгө шарт түзүп берген И.Раззаков атындагы КМТУнун жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришет.
#КМТУ