Абитуриенту
документы
приказ 2024 перечень специальностей
Абитуриенты при поступлении на специальность «ДАС» сдают экзамен по спецпредметам: «Рисунок» и «Композиция». Экзамен по рисунку состоит из двух этапов:
- 1. рисунок античной гипсовой головы;
- 2. рисунок композиции из геометрических тел.
- 3. Помимо этого абитуриенты сдают тесты по кыргызскому или русскому языкам.
Перед сдачей документов на вступительные экзамены абитуриенты проходят собеседование по «Рисунку», для этого необходимо иметь папку с собственными работами (карандаш, живопись). Обучение на кафедре проводится на бюджетной и контрактной основе.
Жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын (ЖКББ НББП) жалпы мүнөздөмөсү (бакалавриат)
750200 – «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» багыты боюнча (профилдери: «Шаардык чөйрөнүн дизайны»; «Интерьер дизайны»; «Чыгыш архитектурасы жана дизайн») жалпы орто же орто кесиптик билимдин базасында күндүзгү окуу формасында бакалаврларды даярдоонун ЖКББ НББПсын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББПны өздөштүрүүнүн башка ченемдик мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Өкмөтү) тарабынан белгиленет.
750200 – «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугу кеминде 300 кредитти (зачеттук бирдикти) түзөт. Күндүзгү окуу формасы боюнча бир окуу жылындагы НББПнын эмгек сыйымдуулугу кеминде 60 кредитке барабар.
Бир кредит (зачеттук бирдик) студенттин 30 сааттык окуу ишине барабар (буга аудиториялык, өз алдынча иштер жана аттестациянын бардык түрлөрү кирет).
Абитуриенттердин даярдык деңгээлине коюлган талаптар:
- «Бакалавр» академиялык даражасын алуу менен жогорку кесиптик билим алууга талапкер абитуриенттин билим деңгээли — жалпы орто билим же орто кесиптик (же жогорку кесиптик) билим.
- Абитуриенттин жалпы орто билими же орто кесиптик (же жогорку кесиптик) билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документи болушу керек.
- Архитектура тармагында бакалаврларды даярдоого кабыл алууда, жогорку окуу жайы кесиптик багыттагы кошумча кирүү сынактарын, тактап айтканда: сүрөт, архитектуралык композиция жана чийүү боюнча сынактарды өткөрүүгө укуктуу.
