Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

АРИС менен КМТУнун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду


2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу тармагын квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга (мындан ары – Меморандум) кол койду.

Документке ректор М.К. Чыныбаев жана АРИСтин Аткаруучу директору М.Д. Наспеков кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу (кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу), атап айтканда суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканаларды, ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерин жана суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлеген уюмдарды камсыз кылуу болуп саналат.

Эки тараптуу кызматташуудан, биргелешкен иш-чараларды уюштуруудан жана өткөрүүдөн тышкары, Меморандумдун алкагында суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кафедрасы үчүн техникалык жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү каралган.