Воспитательная работа

Воспитательная работа

 

 

Аткарылуучу иштерУбактысыЖооптуулар
1Кафедранын тарбиялык иштер боюнча жылдык планын түзүү жана бекитүү

Сентябрь

 

Шаршенова Р.А.
2Мамлекеттик тил майрамына (23.09.) карата „Кыргыз тили – кылымдардын тарыхы“ аттуу иш-чара уюштуруу жана өткөрүү

 

Сентябрь

 

Шаршенова Р.А.

3КМТУда жана ЖОЖдор аралык уюштурулган ар кандай тарбиялык маанидеги иш-чараларга катышууСентябрь

Шаршенова Р.А.

Кафедранын бардык окутуучулары

4Студенттерди  жыл ичинде шаардын театр-музейлерине алып баруу

Окуу

жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары
5

И.Раззаковдун 110 жылдыгына карата

„ Эмгеги элге таанылган“ аттуу дубал гезит чыгаруу.

Окуу жылынын ичиндеКафедранын бардык окутуучулары
6Ч.Айтматовдун  туулган күнүнө карата карата ар кандай тарбиялык иштерди уюштуруу

 

1-жарым жылдыкта

 

Кафедранын бардык окутуучулары

 

7Кыргыз элинин улуу инсандарынын даталуу мааракелери боюнча КМТУнун жана ТФнын иш-чараларына катышууОкуу жылынын ичиндеКафедранын бардык окутуучулары
8„Бишкек жазы“ фестивалын өткөрүүгө катышууМарт-апрельКафедранын бардык окутуучулары.
921-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата  иш-чара уюштуруу жана өткөрүү.

 

Февраль

Кафедранын бардык окутуучулары
10Нооруз майрамына карата факультеттер аралык „Сармерден“ оюн-зоок кечесин уюштурууОкуу жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары

 

11

Даталуу күндөргө (Жаңы Жыл,

8-Март, Нооруз ж.б.) карата факультеттин, университеттин иш-чараларына активдүү катышуу

Окуу жылынын ичинде

Кафедранын бардык окутуучулары

.

12Жылдык план  боюнча  отчет  берүүмайШаршенова Р.А

Кыргыз  тили кафедрасынын  улук окутуучусу Ы. А. Шаршенова жана окутуучусу  Ш. А. Дуйшоева   Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу Мамлекеттик тил боюнча   улуттук  комиссиясынын   "Ыраазычылык каты" менен сыйланышты.    

 

  Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу Мамлекеттик тил боюнча   улуттук  комиссия тарабынан  2020-жылдын  25-ноябрында  “Кыргыз  Республикасынын   мамлекеттик  тили  жөнүндө”  мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына  карата Кыргыз радиосу жана КР Президентине караштуу  Мамлекеттик  тил   боюнча  улуттук комиссия менен биргеликте “Тилим  менен  улутмун”  аттуу студенттер аралык  радиовикторинага 1-курстун студенттерин даярдашып, жигердүү катышкандыгы үчүн  И. Раззаков атындагы КМТУнун  Кыргыз  тили кафедрасынын  улук окутуучусу Ы. А. Шаршенова жана окутуучусу  Ш. А. Дуйшоева   Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу Мамлекеттик тил боюнча   улуттук  комиссиясынын   "Ыраазычылык каты" менен сыйланышты.    

“Инновациялык билим берүүдө мамлекеттик тилдин келечеги” аталышындагы онлайн республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

 

 

2020-жылдын 20-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында “Инновациялык билим берүүдө мамлекеттик тилдин келечеги” аталышындагы онлайн республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Учурда өлкөдө жүрүп жаткан пандемия кырдаалына байланыштуу аталган иш-чара онлайн форматында өткѳрүлдү.

             Конференцияны КМТУнун Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Т.Төрөбеков ачып берди. И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, физико-математика илимдеринин доктору, профессор Султаналиева Рая Мамакеевна конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

              Конференцияга Кыргыз Республикасында ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча адистери, окутуучу-профессордук курамы жана мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кызыкдар болгон илимий кызматкерлер катышты. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тил билим берүү жана башкаруу чөйрөсүндө, санариптештирүү доорундагы окутуунун инновациялык усулдары жана технологиялары, тармактык терминдер жана котормолор сыяктуу темалардын алкагында кызыктуу баяндамалар угулду. Конференцияда жалпысынан 15 жогорку окуу жайдан 36 баяндама окулду. Анын ичинен Кыргыз тили кафедрасынын 4 окутуучусу:  ф.и.к., доцент Жумагул кызы Айнура, п.и.к., доцент А. М. Исираилова жана доцент А. Ү. Исмаилов баяндама жасашты.

             Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Институты Высшие школы Колледж/Лицей
Департаменты Отделы Центры
Международным студентам
Центр обслуживания студентов
ЦОС
Территориально обособленные филиалы