Энергетика министри КМТУнун студенттерине лекция окуду
KSTU benannt nach I. Rassakow
Fakultäten
ЭФ
Новости
Энергетика министри КМТУнун студенттерине лекция окуду
Энергетика министри КМТУнун студенттерине лекция окуду
Энергетика министри КМТУнун студенттерине лекция окуду
2025-жылдын 30-майында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика институтунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын лекция окуп, студенттер жана окутуучулар менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын ачылышында КМТУнун ректору, М.К.Чыныбаев куттуктоо сөз сүйлөп, министрге университетке келип, студенттер менен ачык диалог түзгөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал энергетика тармагында жаш адистерди даярдоодо мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгилеп өттү.
Лекциянын темасы — «Жаштар жана энергетика: бүгүнкү аракет – эртеңки келечек». Министр Таалайбек Ибраев студенттерге энергетика тармагындагы учурдагы реформалар, келечек пландар, кадр саясаты жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири айтып берди.
Иш-чаранын модератору Энергетика институтунун директору, Акпаралиев Р. А. болуп, лекцияны уюштурууда жана студенттер менен байланышты камсыздоодо активдүү рол ойноду.
Мындан тышкары, Энергетика министрлигине караштуу негизги ишканалар — "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК, "Чакан ГЭС" ААК, "Нарын ГЭС" ААК жана «КЖЭД» ААКнын жетекчилери өз тармактары боюнча презентация жасап, студенттерге практикалык маалыматтарды беришти.
Энергетика министри менен болгон жолугушууда ошондой эле энергетика багытындагы студенттердин практикалык сабактарга жана өндүрүштүк практикаларга түздөн-түз энергетикалык ишканаларда катышуусуна шарт түзгөн практикага багытталган окутууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле министр жана университет жетекчилиги студенттердин ойлоп табууларынан, инженердик долбоорлорунан турган студенттик көргөзмө менен таанышышты.
Жолугушууда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тармактагы азыркы абал, жаңы долбоорлор, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча толук маалымат алышты.
Министр Ибраев:
"Урматтуу студенттер! Кыргызстан азыр тездик менен өнүгүп жатат. Энергетика — стратегиялык тармак. Сиздерди ушул келечектүү тармакка тартуу — бүгүнкү максатыбыз. Биз кадрларга муктажбыз. Эгер окууңарды ийгиликтүү аяктасаңар, өзүбүздүн эле мекенде келечек бар" — деп белгиледи.
Иш-чаранын соңунда эң мыкты суроо узаткан студенттерге министрлик тарабынан белектер, ал эми Энергетика институтунун окутуучуларына "Ыраазычылык каттар" жана ардак грамоталарды тапшырылды.
_____________________________
На встрече с министром энергетики также обсуждались вопросы по развитию практико-ориентированного обучения, позволяющие студентам энергетических направлений чаще участвовать в учебных занятиях и проходить производственные практики непосредственно на энергетических предприятиях Кыргызстана.
После лекции министр и руководство вуза ознакомились с выставкой студенческих инженерных разработок и изобретений, представленных будущими энергетиками.
Студенты активно участвовали в обсуждении, задавали вопросы о будущем отрасли, реформировании сектора, перспективах внедрения «зелёной» энергетики и получили развёрнутые ответы от министра и руководителей предприятий.
«Дорогие студенты, сегодня у нас есть уникальный шанс — выстраивать свою карьеру в ключевой для страны отрасли. Технологии меняются, растёт потребность в энергии, и именно вы — будущее энергетики Кыргызстана. Учитесь, развивайтесь, внедряйте идеи. Мы готовы сотрудничать и поддерживать молодых специалистов», — отметил министр Таалайбек Ибраев.
По итогам мероприятия лучшие студенты, задавшие содержательные вопросы, получили памятные подарки, а преподавателям Института энергетики были вручены благодарственные письма от Министерства энергетики.
KSTU benannt nach I. Rassakow Fakultäten ЭФ Новости Энергетика министри КМТУнун студенттерине лекция окуду